Айбат » Жаныш Кулманбетов: “Көчмөндөр оюндары” туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жаныш Кулманбетов: “Көчмөндөр оюндары” туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет

Кулманбетов Жаныш- Жаныш мырза, өлкөбүздө күз айларында эл аралык деңгээлдеги «Көчмөндөр оюндары» иш-чарасы өткөнү турат. Бул иш-чаранын Кыргызстанда өтүп атканына кандай карайсыз?

– Эл аралык деңгээлдеги кандай гана иш-чара болбосун, ал эгерде Кыргызстанда өтүп жатса өлкөбүз үчүн пайда гана алып келет. Биринчиден андай иш-чаралар өлкөбүздү таанытат, экинчиден туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет. Каада – салтыбызды, үрп-адаттарыбызды кеңири таанытат. Болгону ошону рационалдуу пайдалана билишибиз керек.

- Айрымдар “бул иш-чарага акча кетет, өткөрүп эмне кереги бар эле?” деген да ойлорун кыйытып келишет. Сиздин оюңуз кандай?

– Биз бүгүнкү күн менен гана жашабашыбыз керек. Эртеңки күнгө жол чабып, камын көрүшүбүз зарыл. Ал эми ошол эртеңки жолго ушундай эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чаралар жол чабат.

Айбат гезити №90




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru