Айбат » Май айында калктан төлөм чогултуу 110,4% аткарылды, – «Түндүк электр» ААКы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Май айында калктан төлөм чогултуу 110,4% аткарылды, – «Түндүк электр» ААКы

северэлектроУшул жылдын май айында «Түндүк электр» ААКнын бөлүштүрүү тармагына 296 млн 400 миң кВт.саат электр энергия келип түшкөн. Бөлүштүрүү компаниянын товардык продукциясы 244 млн 200 миң сомду түзсө, ошол эле учурда 280 млн 800 миң сом чогулуп, же болбосо жарыяланган суммадан 115%ды түздү. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл башынан бери жоготуулардын көлөмү, 2012-жылдын ошол эле убагына салыштырмалуу 3,6% кыскарган.

Май айында калктан төлөм чогултуу 110,4% аткарылды, өнөр жай объектилери боюнча – 120,5% , бюджеттик мекемелер боюнча – 147,8%, айыл-чарба объектилери боюнча – 93,6% жана башка пайдалануучулардын –110,6% коюлган эсептен суммасы аткарылды.

Май айынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардын төлөм чогулуму борбор шаарда -118,1%, Чүй облусунда – 111,4%, Талас облусунда – 115,9%ды түзгөн.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru