Айбат » Гүласал Садырбаева: “Бийликти мыйзамдуу жол менен гана алмаштыруу керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Гүласал Садырбаева: “Бийликти мыйзамдуу жол менен гана алмаштыруу керек”

Садырбаева Гүласал- СССРдин курамынан  бөлүнүп чыгып, өз алдынча көз карандысыз болгонубузга быйыл туура 23 жыл толот. Эгемендүүлүктүн баркын кандай түшүнөсүз?

– Эгемендүүлүккө ээ болгонубуз, өз алдынча мамлекет экендигибиздин өзү баа жеткис байлыгыбыз. Өзүбүздүн баш мыйзам, желегибиз, Туубуз, Гербибиз, айтор мамлекеттик символикаларыбыз бар. Өзүбүздүн мамлекеттин кызыкчылыгына туура келе тургандай саясатты өзүбүз жүргүзө алабыз. Айтор кыскача айтканда эгемендүүлүк бул биздин башкы байлыгыбыз. Аны көздүн карегиндей таза сакташыбыз керек.

- Бүгүнкү күндө саясатта жүрүп аткан бийлик талаш «оорусу» ошол эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетирип койбойбу?

– Биз жаңы парламенттик башкаруу системасына өттүк. Анан парламентке келген беш фракциянын үчөө коалициялык көпчүлүктү түзүп отурушат. Экөө оппозицияда калды. Анын негизинде парламентте ар бир маселе талаш-тартыштар менен талкууланып атат. Айрымдар муну бийлик талаш катары сыпаттап келишет. Ошол эле учурда бийликке келбей калган саясатчылар өздөрүнүн оппозиция катары эсептеп, ар кандай митингдерди өткөрүп келишет. Мунун баары туура эмес көрүнүштөр. Кайсы бир саясатчы камалса да анын тарапташтары элди чогултуп, жол тостуруп атышат. Бизде сот системасы бар, ал эч кимден көз каранды эмес. Андыктан кандай гана кызматта иштеген адам болбосун эгерде кылмыш жоопкерчилигине тартылса, анда ага сот гана баа бериши керек. Ага болбой эле «акталсын, бошотулсун» деп кыйкырып чыга берсек, албетте мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч келет. Себеби мыйзамдар иштебей, жалаң талаптар менен гана иштеп калгандай болобуз. Андыктан биз жыйырма жылдан ашуун убакыттагы тарыхыбызга жакшылап баа берип, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө, өнүктүрүүгө карай бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышыбыз керек.

Айбат гезити №90



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru