Айбат » Мар Байжиев: “Мамлекетибизде тынчтык болбосо, кантип өнүгөбүз?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мар Байжиев: “Мамлекетибизде тынчтык болбосо, кантип өнүгөбүз?”

Мар Байжиев

- Мар мырза, айрым саясатчылар “Күзүндө кырдаал курчуп кетиши ыктымал, керек болсо бийлик алмашышы мүмкүн” деп көз ачыктанып атышат. Бизге кырдаалдын курчушу, бийликтин алмашышы пайда алып келеби?

– Кантип башаламандыктар, ызы-чуулар мамлекетке пайда алып келсин? Эч кандай пайда алып келбейт. Тескерисинче бүлүк салат. Экономикабыз оорлойт. Мындай пикирлерин айтып, элди бүлүнтүүнү көздөп жаткандар деги өз элине тынчтык бергиси келеби? Алардын көкүрөгүндө эл-жерим деген сезим эмес, эптеп эле бийликке жетсем деген сезим жашап калды окшойт. Эгер, мамлекетибизде ар дайым башаламандык болуп турса, бизге башка кайсыл мамлекеттер ишеним артат? Кантип инвесторлорду тартабыз? Бийликти гана көксөгөн саясатчылардын жасап аткан аракеттери бул эгоисттик кадамдар.

- Саясатчыларыбызга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Биринчи кезекте элибиздин тынчтыгын ойлогула дейт элем. Элдин ичи тынч болсо процесс алдыга жылат. Өнүгүү болот. Элдин ичи тынч болбосо, эч кандай иш алдыга жыла албайт. Ынтымакка келгиле, бийликте турбай дагы эл үчүн кызмат кылса болот. Ар ким өзүнүн колунан келген ишин жасап элге кызмат кылышсын.

Айбат гезити №90




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru