Айбат » Жамин Акималиев: “Митинг-пикет” болот деп элдин көңүлүн бургусу келген саясатчылар бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жамин Акималиев: “Митинг-пикет” болот деп элдин көңүлүн бургусу келген саясатчылар бар”

Жамин Акималиев- Жамин мырза, айрым саясатчылар көзү ачыктык кылгысы келишип, «күз айларында дагы митингдер болот, бийлик алмашып кетиши мүмкүн» деген пикирлерин билдиришүүдө. Буларга кандай ойдосуз?

– Өзү негизи акыркы убактарда «жаз-күз айларында митинг-пикеттер болот» деп алдын-ала эле аныктап коё тургандар көбөйдү. Буга биринчи себеп жаз айларында көпчүлүк адамдардын кыял-жоругу тескери болуп калат. Мына ошондон пайдаланууну көздөгөндөр болот. Бирок кеп анда деле эмес. Болгону ушундай маалыматтарды алдын-ала берип, элди өздөрүнө тартып, митинг-пикетке чыгууга даярдап жатышкандай сыягы. Андай саясатчылардын тилеги эле эптеп күзүндө бир чыр чыгып кетип, бийлик алмашып кетсе экен деген эле тилек. Бирок, чырдын чыгышына азырынча олуттуу деле себептер жок. Ошондой болсо дагы кайсы бир көйгөйлүү чечилбей жаткан маселелерди алар пайдаланып кетиши мүмкүн. Маселен, өлкөбүздүн түштүк аймагындагы газдын жок болуп атышы. Кургакчылыктын арты менен суунун тартыштыгы. Мына ушуларды ал саясатчылар пайдаланып кетиши мүмкүн.

- Алар бул көйгөйлөрдү өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетпеши үчүн эмне кылуу керек?

- Күзүндө кандай окуялар болуп кетери түздөн-түз өкмөттүн ишине байланыштуу. Эл эч кандай башаламандыкты, бийликтин алмашуусун каалабайт. Анткени азыр Украинада эмне болуп атканын көрүп турушат. Андыктан оппозиция арам ойлорун ишке ашырып кетпеши үчүн өкмөт курч маселелерди чечкиндүү түрдө чечиши керек.

Айбат гезити №90



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru