Айбат » Кочкор райондук акиминин биринчи орун басары болуп Нурлан Керимкулов дайындалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкор райондук акиминин биринчи орун басары болуп Нурлан Керимкулов дайындалды

Нурлан КеримкуловАкимдин буга чейинки мурдагы биринчи орун басары Мамырбаев Алымбек ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Керимкулов Нурлан Бейшенбекович дайындалган. Аталган кызматтык буйруктарга премьер-министр Ж.Оторбаев кол койгон.

Керимкулов Нурлан Бейшенбекович 1975-жылдын 14-февралында туулган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны аяктап эмгек жолун, 1993-1999-жылдары И.Арабаев атындагы университетте дене тарбия мугалими, 1999 – 2010-жж. Кочкор районундагы «Кара-Саз» дыйкан чарба башчысы, 2010-2012-жж. депутаттардын Кочкор райондук кеңешинин депутаты кызматтарын аткарып келген.

Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейинки маалыматтарда белгиленгендей, Кочкор районунун акими Ж.Шералиев анын биринчи орун басары А.Мамырбаевди кызматтан кетишин айтып, башка кызматка которулуусун талап кылган. Ортодо пикир келишпестиктер орун алып, аким менен биринчи орун басары кызматтык абалдарын талашуу менен жаман жакшы айтышууга чейин барышкан.

Айбат гезити №90



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru