Айбат » Авто унаа көйгөйү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Авто унаа көйгөйү

Бүгүнкү   күндө   жашообузду   авто   унаасыз   элестетүү   кыйын   болушу   керек,  анткени  ал  эң керектүү,   бир  жерден   экинчи   жерге   жүрүүчү   каражат   болуп   саналат.   Баарыбызга  белгилүү  болгондой   жылдан   жылга,   автоунаалардын   саны  кескин түрдө  өсүүдө.  Мисалы,  дүйнөлүк автомобилизациялоо  статистикасы  боюнча  183 өлкөнүн  ичинен,  Кыргызстан 62 орунда турат, башкача айтканда  1000 кишиге  211 жеңил авто унаа  келет  экен,  1991-жылда Кыргызстанда  85-86 жеңил  авто унаа  болгон.

Албетте,  “Медалдын  экинчи  бети  бар”  дегендей,  унаалардын  көбөйүшүү  менен бирге,  жол кырсыктардын  жана  жолдогу  эрежелерди  бузгандардын  саны  өсүүдө.  Шаардык тургундардын айтымында, эрежелердин  бузулушунун  бирден  бир  себеби – унаа токтотуучу жайлар болуп саналат.

 

Эрлан  Абдраимов, шаар тургуну:

- Шаарда авто унаа менен жүрүш бир жагынан ыңгайлуу  болсо,  экинчи  жагынан  ыңгайсыз  болуп саналат.  Анткени,  жолдогу  тартипсиздиктерден  улам  авто кырсыктардын саны өсүп, бир жерден экинчи жерге чейин жетишибиз кыйын болуп калат.  Бизде  унаалардын  саны  өсүп жатат, ал эми  парковкалардын  саны  өскөн  жок.  Кээде болсо,  жумуштун  жэ  өзүңдүн  үйүңдүн жанында, автоунааны  коюуга  жай  жок  болуп  калат.  Мунун  баары  парковкалар жетишпегенден  улам  чыгып  жатат,  такыр  парковка  жок  деп  айтууга да болбойт.

Ал эми,  башка  мамлекеттерде,  авто  унаа  токтотуучу  жайлардын  маселесин  ар түрдүү ыкмалар  менен  чечилген.  Мисалга  алсак: Финляндияда, жолдо  жүрүү  жана  ага  көзөмөл жүргүзүү,  эки  мыйзам  менен  бекитилген:  ” Жолдо жүрүү  эрежелери”  жана  ” Туура эмес  унаа токтоткондугу  үчүн  айып  салуу”  жөнүндө  мыйзам.  Дания  автоунаа  токтотуучу  жайынын маселеси  боюнча ,  эң  ыңгайлуу  жана  мыкты  экперементалдуу  паркингттер  жүзөгө ашырылган.  Имарат,  формасы  боюнча,  стадиондун  турбиналары  сымал,  бирок  отургучтардын ордун  автоунаалар  ээлейт.  АКШда  болсо,  кеңири  таралган  паркингттер,  булар :  авто унаага ыңгайлаштырган  көп  кабаттуу  имараттарда,  авто  унаалар  үчүн  лифттер  орнотулган.  Бул  көп кабаттуу  механикалык  авто-паркингттер  250  автоунааларга  ыңгайланыштырган.  Япония болсо автоунаа коюучу жайлары,  жер астында жайгашкандыгы менен өзгөчөлөнгөн.  Жапондор  шаар ичинде,  транспорт  каражаты  катары  велосипеддерди  колдонушат.  Паркинг  боюнча  маалымат: Жөнөкөй  жана  көп  кабаттуу  паркингттердин  бир  нече  түрлөрү  бар.  Мисалы:  жер үстүндө (  ачык,  жабык,  көп  кабаттуулар  ж.б )  жана  механикалаштырылган.  Биздин  өлкөдө  негизинен паркингттер  жер  үстүндө  жайгашкан.  Алардын  аймагы  ( территория )  атайын  белгилер  менен белгиленет.  Бизнес,  соода  борборлор  жана  турак  жай  комплексттердин  курулушу  менен бирге  жер  астындагы  авто  унаа  коюучу  жайлар  курулуп  жатат.  Белгилеп  кетүүчү  нерсе, мындай  автоунаа  токтотуучу  жайлар ,  айлана  чөйрөнүн  экологиялык  жагдайларды  жана шаардын архитектуралык  бүтүндүгүн  сактайт.  Азыркы учурда  көптөгөн  өнүккөн  өлкөлөрдө  көп кабаттуу  паркингттер  кеңири  таралган.  Себеби,  бул паркингттер  унааларды  коопсуздугун  жана бир жерге кою маселесин чечет.  Алар өзүнө  жүздөгөн  жана  миңдеген  унааларды  камтыйт.

Автоунаа- бул  айдоочу  башкарган  жүрүүчү  каражат.  Ошол  менен  бирге,  ар  бир  айдоочунун,  айдоо,  жолдо  жүрүү  ыкмасы  ар  кандай.  Анын  айдоочуну  өзүнөн  башка түшүнбөйт жана билбейт.  Ошондуктан  бири  бирибизди  күнөөлөбөй ,  өзгөрүүнү  өзүбүздөн башташыбыз керек.  Сөзсүз  түрдө  биздин  эле  өлкөдө эмес,  баардык өлкөдө  өзүнүн проблемалары  көп,  проблема  көп  деп  жүрө  бербестен ,  өзүң  аракет  кылышың  зарыл. Ошол эле,  айдоочулар,  автоунаа  токтотуучу  жайлар  аз, мамлекет жолдорду оңдобой  деп айтканы жакшы көрөбүз,  а бирок  жолдо  жүрүү  эрежени өзүбүз  бузабыз.  Айтарым, өзгөрүүнү өзүбүздөн  баштайлы,  достор!

Гүлгаакы Таалайбекова

Айбат гезити №90



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru