Айбат » Уюлдук телефонуңуз сизди ар дайым аңдып, тыңдап турат, күлүп коюңуз ;)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Hi-Tech » Уюлдук телефонуңуз сизди ар дайым аңдып, тыңдап турат, күлүп коюңуз ;)

АНБАр кандай USB-түзүлүштү “оорутуп”, аны биротоло жараксыз кылып иштен чыгарса болот деген теорияны тастыктай турган вирусту Karsten Nohl жана Jakob Lell атту хакерлер жазып чыгышты, деп билдирет Wired.com. Бул вирусту азыркы АнтиВирустук программалар таба албайт. Себеби “флешкабы”, смартфонбу, клавиатурабы, деги эле түзүлүштүн түрүнө карабай, вирус анын драйверине жазылат. “Ооруп” калган түзүлүштү бир нече жолу форматтаса да пайда жок, анткени вирус түзүлүштү жөн гана өчүрүп коет. Бир гана айла – USB-түзүлүштү таптакыр колдонбой коюу. Ал эми бул азыркы тапта ойго сыйбаган нерсе, себеби жашообуздагы бардык түзүлүштөрдө USB порт бар.

Дүйнөнү дүрбөткөн Эдвард Сноуден айтып жаткан АКШнын УКАсы (орусчасы АНБ – агентство национальной безопасности) тыңчылыктын дал ушундай ыкмасын колдонот деген ойлор бар. Теория боюнча алардын вирусу түзүлүштү бузбайт, бирок “ооруп” калган түзүлүш элди тыңдап, маалыматты керектүү жака билгизбей жиберип турат.

Эдвард Сноуден УКАда кызмат кылчу, бирок былтыр АКШнын кылыктарын дүйнөгө жайып, куугунтука алынган дагы Россиядан баш калка алган. Ал эми CNN билдиргендей Эдвард Сноудендин жолун жолдоочулар АКШда дагы деле бар экен. Анткени жакында эле АКШнын бир топ жашыруун документтери интернет булактарына чыгып кеткен.

Параноик болбойлу, бирок бизди бардык түзүлүштөр тыңдап тураарын эстен кетирбейли. Жашоо биздики, бирок заман биздики болбой калган…

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №90




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru