Айбат » Америка – XXI кылымдын басмачысы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Америка – XXI кылымдын басмачысы

Агрессор АмерикаНегизинен алып карасак элибиздин ар бир айткан сөзү учкул. Сөзгө туура маани бергендер мени жакшы түшүнүшөт. Ал сөздөрдүн түпкүлүгү, маанисин болуп жаткан жагдайларды туура чагылдыруу менен акыры эмнеге алып келип такай тургандыгынан сүртүмдөрдү көрсөтөт. Бүгүнкү дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар,  саясий кырдаал “Эки дөө кырылышса, ортодогу кара чымын өлөт” деген таамай айтылган сөзгө дал келип тургандай.  Айтканыбыз, кылымдар тогошуп турган учурунда ар дайым дүйнө жүзү боюнча ири державалар өз күчүн, курал жарактарын көрсөтүү максатында аскерий кампанияларды жүзөгө ашырып келген. Анын артынан канчалаган эл согуш алааматына аралашып, кансырап, набыт болгон. Деги койчу айрым мамлекеттер мамлекет катары, анын эли улут катары жок болуп кеткендигин жакшы билебиз.

Акыркы он жылдын аралыгында планетанын башка бурчунда жашап жаткан Америкалыктар жер жүзүнө төбөлдүк кылгысы келүү менен өз саясатын таңуулап, акты кара кылып, караны ак кылып көрсөтүү менен нечендеген мамлекеттерди,  ал мамлекеттерди башкарып турган, элинин таламын талашуу менен АКШга каршы чыккан инсандарды жок кылып келет.  Америкага жакпаган мамлекет, же кен байлыгы, жаратылыш ресурстары арбын болгон, же болбосо отурукташкан жери боюнча ыңгайлуу жайгашкан мамлекет кандайдыр бир себептерден келип эле террорчулукту колдогон, исламист, зөөкүр мамлекет болуп чыга келет дагы АКШ байкебиздин кара тизмесине кирип калат. Анан эле көп өтпөй ал жерлерде согуш алааматы башталып, тынчтыкты коргойбуз деген таризде Америкалыктар тынч жаткан элди кырып жоюуга киришет. Дүйнөнү бириктирип турган БУУ дагы ага көз жумуп, Америкалыктарды колдогонсуп эч бир жүйөлүү аракеттерди кылбагандыгынан улам аброюн жоготуп, ишенич арттырбай калган. Буга чыныгы далил, ачык  көрүнүш катары Американын Иракка карата аскерий интервенцияларын атоого болот. Дал ошол учурда БУУнун резолюциясы жок, биологиялык курал даярдап жатат деген куруу шылтоо менен Американын кол салгандыгын атоого болот. Акыры БУУнун Палестина-Израиль жаңжалы боюнча оозуна талкан алгандай унчукпай отургандыгы да терс кабыл алынып, ансыз да солгундап турган аброюн жок кылып келет. Ар кошкон элди бириктирген Америкалыктар  урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай калганда жортуулга аттанышат.  Аларды ошол мамлекеттеги жашаган эл эч кызыктырбайт. Афганистандын өнүгүүсү эмес, алардын апийими кызыктырды. Ливия, Сирия мамлекеттеринин өнүгүп бара жатканына, ошону менен катар алардын Америка менен эсептешпегендиги ардандырды, жана эң негизгиси алардын кен байлыктары, нефть, алтындары кызыктырды. Байлыктын арттыруу келе атынан кубалоо менен бүтүндөй элдин, алардын келечеги менен тагдырын садагага чаап жер жүзүнөн жок кылып келет АКШ акебиз. Америкага каршы чыккандар террористтер, ал эми ошол эле учурда аларды колдоп, бирок өз элин жок кылып, коңшулаштарына  залакасын тийгизип жаткандар террористтер эмес. Америка таңуулаган саясат боюнча агасы инисине, атасы баласына каршы курал көтөрүп, улут катары жок болуп бара жаткан Украиналыктар, элин кырып жаткан Парашенко террорист эмес, ал демократ, ал чыныгы патриот. Ал эми элим деп жүрүп, ошол эле Америкалыктардын колу менен өлүм жазасына тартылган Каддафи, Саддам террорист болгон экен да. Американын таламын талашуу менен Украина мамлекет, улут катары жок болуп бара жатат. Учуру келет, тарых таразалап, бардыгын өз ордуна коёт деңизчи, бирок андай болгончо дагы канчалаган чакан, кичинекей, жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер жер жүзүнөн жок болуп кетээр экен. Буга БУУ эмне деп жооп берет, алар кайсыл жакты карап олтурат? Жоготкон аброюн калыбына келтирүү кезеги келип жетти го. Же кеңсеси Америкада болгондугуна көз каранды болуп, Обама байкем ыргыткан жиликти мүлжүп, бардыгына көз жумуп олтура берет бекен.

“Оозу кыйшык болсо да, байдын баласы сүйлөсүн” дегендей, Американын жоруктарына эч ким, эч кандай каршы сөз айта албады, же айткысы келген жок. Акыры Украина арты менен Россияга каршы пикирлер айтылып,  анын бүтүндүгүнө акырындан доо кете баштаганда өз үйүрүн коргоого алгандар ойгонду. Россия менен Американын тирешүүсү күн санап күчөп, Америкадан корккон Батыш мамлекеттери Россияга каршы экономикалык санкцияларын киргизимиш болуп келет. Бирок, ири мамлекет Россиянын кен байлыктарынын эсебинен күн кечирип келгендер азыркыга чейин айласын таппай турат. Албетте, эки державанын тирешүүсү башкаларга таасирин тийгизбей койбойт деңизчи. Бул таасир экономикалык жактан эмес, алгач, моралдык, саясий жактан болуп  жатат. Муну болсо биз мамлекетибизде өтүп жаткан акциялардан байкап жатабыз. Туура зордук-зомбулукка, бейкүнөө адамдардын набыт болушуна баарыбыз эле каршыбыз. Биздин үнүбүздү угуш керек деген пикирде акцияларды өткөрөбүз. Бирок, эгемен, көз карандысыз мамлекет болгондон соң мамлекеттин туусун көтөрүп, мамлекеттин жашоочулары катары Кыргызстандын атынан сүйлөгөнүбүз оң болоор. Антпесе, кайсы арыбызга кыргызбыз деп  көкүрөк кагып келебиз. Айтканыбыз Украина боюнча кайсы гана акция болбосун, Россиянын желегин көтөрүп, ары бери баскан кыргыздарды байкап калган учурлар бар. Аны көрүп, айрым саясий сабатсыздар биз Россияга кошулуп жатыппыз деп, эл арасында туура эмес үгүт жүргүзүп жибергендери да бар. Ооба Россиянын жүргүзүп жаткан саясатын толук колдобосок да, жан тарткан адамдарбыз. Бирок, андай жан тартуу Россиянын желегин көтөрүп, анын таламын талашууга эч кандай жол бербейт. Мындай жосундар биздин кандай патриоттор экендигибизди көрсөтүп турат. Бажы союзу, Батышка болгон нааразычылык деген жалган жалаа менен улуттун кызыкчылыгын сатууга жол берүү да туура эмес деп ойлойм. Бул кандай десең демократия деп кыйкырып чыгат демократтар, бирок ошол сөздүн түпкүлүк маанисин өздөрү да жакшы түшүнүшөт болду бекен. Оппозициябыз дешип ар бир тоого урунушуп, кылып жаткандарын кыйын көрсөткөндөр андан көп. Сыналгыдан чыгып элди шылдың көз карашта карап, мыйыгынан күлүп тургандары да туталантат адамды. Өздөрүн элден бийик коюп, өз таламын элдики деп жабыштырып, бери карап күлүп, көшөгө артында АКШнын таламын талашкандар Кыргызстанды Орто Азиядагы экинчи Украинага айландырууга эки көзү төрт болуп жүргөндүгү көрүнөт. Аларга кошул ташыл болуп бир кичинекей топ жаштарыбыз бүтүндөй кыргыз жаштарынын атынан сүйлөп, азыртадан эл алдына чыгып жалган сүйлөгөнү, баалуулуктарынын жоготуп бара жаткандыгы өкүнтөт. Жаштарга туура тарбия, жол көрсөтө турган Жаштар министрлигинин да бул багытта иш алып барбай жаткандыгы, өзүнүн ишинин актабагандыгынан далил. Бийлик бутактары да өз күчүн көрсөтүп, болду токтот дегендин ордуна унчукпай отурганы кыжырга тийип келет көптөрүнүн.

Азыркы абал тийиштүү, бир багыттагы идеологиянын жоктугу. Антейин десең, идеология бардай көрүнөт. Болгону ал оппозиция таңуулаган, Батыштын идеологиясы. Мына ошол идеология эртеңки күнүбүзгө кандай таасирин тийгизет, аны ойлонгон эч ким жок. Алптардын урушун карап олтуруп, өзүбүздүн келечегибизди ойлонгон жокпуз. Бары жакшы, бары жайында деп орус желегин көтөргөн жаштардын башынан сылап, Американын жана Баштын идеологиясын таңуулаган оппозиция төбөлдөрүн патриот деп келебиз. Бул жосундар болсо алакандай мамлекетибизди ичинен курутуп, талкалоо кызыкчылыгын көздөп турат. Дагы кайталайм, бийликтин буларга карата колдонгудай эч кандай куралы жок көрүнөт. Бул эбегейсиз оору. Ал эми ооруну жашырсаң өлүмгө ашкере болот эмеспи. Тамтуң баскан, эми өнүгүү жолун көздөгөн жаш мамлекетибизди жогорудагы  айтылган алсыздардын артынан өлтүрүп албасак болду.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №90




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru