Айбат » Гапар Айтиев Айтиевич: “Сүрөтчүлүк өнөрдүн сыйкырчысы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Гапар Айтиев Айтиевич: “Сүрөтчүлүк өнөрдүн сыйкырчысы”

Гапар Айтиев_01Кыргыз  тарыхында  эң  алгачкы  профессионалдык  сүрөтчү  катары  таанымал.  Анын эң негизги тармагы пейзаж болуп саналат.  Анын пейзаж сүрөттөрү жана этюддары, өзүнүн түстүү өзгөчөлүктөр менен жана сүрөтчүнүн ой-толгоосу  менен  сезимдерин бириктирип,  кыргыз табийгатынын зор эпикалык мүнөзүн бизге жеткирген. Ал кыргыз искусство тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Анын чыгармачылыгында  1930-жылдарда гана пайда болгон кыргыз сүрөт искусствосунун түптөлүшүн,  өнүгүү тарыхын күзгүдөн көргөндөй баамдоого болот. бүгүн силердин назарыңыздарга улуу инсандардын бири болуп  саналган Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Эл сүрөтчүсү  Гапар Айтиевдин өмүр чыгармасын тартууламакчыбыз

 

Гапар АйтиевБасып өткөн жолу

Гапар Айтиевич 1912-ж 28-Сентябрда, Ош облусунун,  Карасуу районундагы Түлөйкен айылында  дыйкандын үй бүлөсүндө  төрөлгөн. Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү,  кыргыз  улуттук профессионал  сүрөт  искусствосунун  негиздөөчүлөрүнүн  бири.  1932- жылы Кыргыз институтун бүтүрөт. 1932-1934 жылдары Жалал-Абад педтехникумда мугалим  болуп иштейт. 1935-1938 жж. Москвадагы “1905-жылдын элесине”көркөм сүрөт окуу жайында Н.П. Крымов менен П.И. Петровичтерден билим алат. 1934-жылдан тартып СССРдин Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын биринчи Республикалык Көркөм  көргөзмөнүн катышуучусу (1934).  1941-1945 жж. Ата-мекендик согушка катышат. 1944-1968 жж. Кыргызстандын сүрөтчүлөр Союзун жетектейт. Жаңы муундагы кадрларды  даярдайт  жана  сүрөт исскуствосунун ар кыл жанры жана түрүнүн өнүгүүсүнө жол түзөт. 1940-1957жж. СССР сүрөтчүлөр Союзунун уюштургуч комитетинин мүчөсү. 1971 жылы СССР Көркөм академиянын мүчө-корр.   . 1967-жыл. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун мүчөсү. 1976-жыл.Президиумдун жетекчисинин орун басары. 1977-жылы  ССР сүрөтчүлөр Академиясына  жетекчи.  Коомдук ишмер . Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени жана “Ардак Белгиси” ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

 

Гапар Айтиев_02Эмгектери

1934-ж. Фрунзеде ачылган  I республикалык сүрөт көргөзмөсүнө  “Атанын портрети”  (1932-ж ), “Колхоз катчысы Имангазы”,  ”Түштүк кызы” (1934-ж) деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан.  30-жылдардын экинчи жарымында жараткан “Колхозчулардын дем алышы”, ”Физкультурниктер”, “Байдагы батрак” сыяктуу жанрдык  полотнолорунда  сүрөтчү  турмуштун маанилүү  жактарын  чагылдырууга  умтулат.  Жаш сүрөтчү сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун (1937-ж), акын  А. Осмоновдун (1938-ж) портреттерин тартты. Ал эми “Көлдөгү кайык” (1939-ж), ”Боз үйлөр” (1940-ж) чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөттү. “Фронттон кат” (1943-ж), “Пахта терүү” (1944-ж), “Колхоз короосу” (1946-ж) аттуу сүрөттөрү А-дин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. А. бардык жанрлар б-ча ийгиликтүү иштеп келатса да, анын негизги жанры пейзаж. “Кайыктар” (1947-ж), “Жумгал өрөөнүндө” (1949-ж), “Сазда” (1954-ж), “Жалтылдаган көл” (1960-ж ) аттуу сүрөттөрү – чыгармадан чыгармага өскөндүгүнүн күбөсү. Чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн сүрөтү катары тартылган менен, алардын негизинде терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. Мисалы:  “Жайлоодогу  чак  түш” (1949-ж), “Тоодогу кеч” (1958-ж), “Кыштак четинде” (1956-ж) деген чыгармалары, атактуу “Ысык-Көлдөгү чак түш” картинасы бирин бири толуктап турат. 60-жылдары  өзгөчө бир ийгиликтерге жетишти.  Бул мезгилде  ал “Чабандар” (1960–61-ж) аттуу картинасы, “Ысык-Көл – кыргыз деңизи” (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыктын  лауреаты  болгон,( 1967 ж) “Тоодогу чөп чабуу” (1961-ж) деген пейзаждарды жаратты. 60-жылдардын 2-жарымында жараткан “Кыргыз жергеси” аттуу пейзаждар сериясы А-дин чыгармачылык өсүшүндөгү жаңы баскычты аныктады. Жанрдык картина менен пейзаждын чоң чебери т Айтиевдин кистинен жаралган “Тоо мейкини” (1964-ж), “Чүй өрөөнүндөгү күз” (1965-ж), “Анжияндын айланасы”, “Түштүктөгү кеч” (1967-ж), “Калканар зоо” (1969), “Талаадагы тандыр” (1972), “Көңүл”, “Тоодогу күүгүм” (1973), “Ойлонуу”, Кечки тынчтык” (1974) аттуу чыгармалары сүрөт искусствосунун жогорку үлгүлөрүнөн болуп калды. А. – чебер портретчи болгон. Анын жогорку чеберчилик менен тарткан М. Баетовдун (1949-ж), Ч. Иманкуловдун (1962-ж), “Элдик  уз” А. Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү  Ж. Кожакметов менен бирге жараткан “Акындар” (1957) аттуу группалык портрети, “Жылкычы”, ”Токтогул” (1958-ж), “Саякбай” (1965-ж) жана акын А. Токомбаевдин (1972-ж) скульптуралык портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. Айтиевдин монументтик  искусстводо да айтарлык салымы бар: 1951–54-ж. кыргыз опера жана балет  театрынын  имаратын  жасалгалоого  көркөм жетекчи,  көрүү  залынын  плафонундагы  роспистин  жана театрдагы орнаменттик композициялардын автору.  Нарын шаарындагы революционер  Жукеев-Пудовкинге (1971-ж), Фрунзедеги  кыргыздын  улуу  демократ  акыны Токтогул Сатылгановго  коюлган (1974-ж) эстеликтердин (архитектору А. Исаев) автору. Айтиев  узак  жылдар  бою  Кыргызстан  сүрөтчүлөр союзун жетектеп (1940–68-ж), кыргыз  сүрөтчүлөрүнө  жана  жалпы  республикалык  сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Айтиевдин  чыгармалары  1934-жылдан жалпы союздук, 1958-жылдан бери эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келген. 1970-ж. Москвада, 1973-ж. Фрунзеде анын чыгармаларынын өзүнчө көргөзмөсү чоң ийгилик менен өткөн. Айтиев-дин эң мыкты чыгармаларынын көпчүлүгү кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, Алматыдагы Шевченко атындагы сүрөт галереясынын, Львов шаарындагы  сүрөт  музейлеринин менчигине айланды

Гапар Айтиев_03Тургунбай САДЫКОВ, СССР дин Эл сүрөтчүсү, КР Баатыры, Улуу  устат  катары  да  анын  эмгеги  зор.  Өзгөчө  улуттук  кадрларды  даярдоо  боюнча  бүт  күчүн үрөгөн.  1950-жылдары  биринчи жолу Ленинградга  Ж.Кожахметовду,  А.Усубалиевди, К.Керимбековду  жиберип,  окуткан  Гапар Айтиев болгон.  Ошондой  эле мына биз, 1960-1970-жылдардагы муундун сүрөтчүлөрү,  Гапар Айтиевичтен  көп  таалим-тарбия  алганбыз, бардыгыбызды  окуткан,  сүрөтчүлүк  өнөрдүн  сыйкырдуу  таасирин  ачып,  үйрөткөн.  Бул киши искусствого  көп  эмгек  кылган  киши.

Эсимде, биринчи жолу Г. Айтиевдин иштеринин көргөзмөсүн Москвада 1970-жылы ачканбыз. Анда мен Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп калдым эле жана да СССРдин сүрөтчүлөр Союзунун секретары болчумун. Ошол жылы Гапар Айтиевичтин 60 жылдык юбилейи эле, анан биздин классик, белгилүү сүрөтчү Г.Айтиевдин көргөзмөсүн ачалы деп маселе койдук. Ал учурда көргөзмөлөрдүн жылдык планы бекип калган экен, эмки жылга деп сунушташты. Ага карабай, мен юбилей болуп атса деп, ошол эле маселе менен менин окутуучум, Сүрөтчүлөр союзунун төрайымы Екатерина Белашовага кайрылдым. Ал жардам кылып резервдик планга коюшту, орун болуп калса өткөрөбүз деп. Орун болуп калып Москвада «Кузнецкий мост» деген көргөзмө залында уюштурдук. Ага Екатерина Федоровна өзү катышты, элдер көп болду, менин окутуучум, дүйнөгө белгилүү скульптор Сергей Коненковду дагы чакырдык. Ал киши айтты “бара албай калдым, мен ишемби күнү барайын” – деп (көргөзмө жума күнү ачылган эле). Ал күнү мен өзүм Сергей  Тимофеевичти  байбичеси  Маргарита Ивановна  менен  чогуу  алып  келдим.  Ошондо жолдон  ал  сурап  калды:  “Сен  Г. Айтиевди  аксакал,  классик эле  дейсиң, ал канча  жашта?” – деп. Мен айттым, “60 жашка  келди,  улуу  киши” – деп.  Анда  ал  “Ой, бала турбайбы!” деди.  Мен ошондо  ойлонуп  калдым,  эмне  үчүн  минтип  айтат  деп,  көрсө,  ошондо  Сергей  Тимофеевич 95 жашта  экен,  Г.Айтиев  менен  35  жаш  айырма  бар  экен,  анан  албетте,  антип  айтышка  укугу бар.  Көргөзмөгө  барып  көрдүк,  эл  көп  болду, Сергей  Тимофеевич  пейзаждардын  баарын жана  башка  чыгармаларды  көрдү.  Бир  жума  өтпөй  «Известия»  гезитине  макала  жазып,  анда ал  Г.Айтиевдин  чыгармалары  жөнүндө  өзүнүн  жакшы  ойлорун  айткан.

Г.Айтиевдин чыгармачылыгы  жөнүндө  сөз  кылып  жатып  анын  талантынын  өсүшүнө  түрткү болгон  насаатчыларынын  эмгегин  белгилей  кетпесек  болбойт.  Өзүнүн  мугалимдеринин  бири жөнүндө  ал  1983-жылы  мындай  деп  жазганы  бар:  “Н.Крымов  мага  искусстводо жаратылыштан  таалим  алыш  керек  деп  көп айткан. Бул  ой мен  үчүн  мыйзам  болуп  калды. Менин  пейзаж  жазууга  басым  жасаганым, этюд  кылууга  кызыгуумду  арттырган  нерсе – жаратылыш. Менин  оюмча  табигаттан  көргөнүңдү  автоматтык  түрдө  көчүрүүнүн  кереги  жок, анын  эң  маанилүү  жерин  көркөмдөп  бериш  керек.  Менин  этюддарымды  карасаңыздар,  алар чоң  сүрөттүн  жаралышынын  башаты  болушу  мүмкүн”.  Бул  сөздөр  Г.Айтиевдин чыгармачылыгы  жөнүндө  көп  нерсени  түшүндүрөт  жана  ошону  менен  бирге  эле  жаш сүрөтчүлөргө жакшы сабак боло алат.

 

Музей

Гапар Айтиев  атындагы  Кыргыз  улуттук  көркөм  өнөр  музейи  кыргыз  элинин  негизги  көркөм казынасы жана өнөр кенчи болуп эсептелет.  1974-жылы  Бишкектин  борборунда  атайын курулган  бул  музейдин  имаратында  республикабыздын  материалдык  жана  руханий  байлыгы топтолгон.

 

Акыркы дем

Бул дүйнө биз үчүн убактылуу, сыноочу  нерсе эмеспи. Ошол кыска убакытта сен өз элиң, өз жериң, өз жашооң үчүн ийгилик жаратып кетишиң керек. Бирок, бул үч жолдо тең бирдей алып кетип жана үч жолдогу маарага бирдей ийгиликте жетиш, баардык инсандын маңдайына жазыла бербейт экен. Ошол буйрук Гапар Айтиев агайыбызга жазылган экен ал 1984-жылы кыргыз жерин, кыргыз элин кайгы муунга салды болду. Анткени, бул жылы  Кыргызстан дагы бир жылдызы болгон Гапар Айтиев деген чыгаан инсаны болгон уулунан ажыраган.

Канат Кебеков

Айбат гезити №90



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru