Айбат » Сот “Бишкек паркка” айып пул салып кээ бир объектерди алууга токтом кылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сот “Бишкек паркка” айып пул салып кээ бир объектерди алууга токтом кылды

Бишкек парк

Бүгүн, 12-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту “Бишкек парк” ЖЧКсына 20 миң сом айып пул салып, мыйзамсыз орнотулган объектерди алууга токтом кылды. Бул маалымат райондук соттун канцеляриясынан алынды.

Cотко доо арыз Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен кайрылган. Кайрылууда алар курулуштун аймагына генератор жана Керимбеков көчөсү аркылуу чыгуу жери мыйзамсыз коюлганын белгилешкен.

Тараптарды уккан сот Адылбек Субанкулов “Бишкек парк” ЖЧКсына 20 миң сом айып пул салып, мыйзамсыз орнотулган объектерди алууну токтом кылды.

Эскертсек, “Бишкек парктын” айланасында жашаган тургундар курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар орун алып аткандыгын буга чейин да айтып келишкен.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225574




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru