Айбат » Бактыгүл Момбекова, “Мээрим” теледолбоорунун алып баруучусу: “Балдардын өчкөн шамдары кайра күйдү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Турмуш » Бактыгүл Момбекова, “Мээрим” теледолбоорунун алып баруучусу: “Балдардын өчкөн шамдары кайра күйдү”

Бактыгүл Момбекова“Балалуу үй базар, баласыз үй мазар” демекчи,  ар бир баланын күлкүсү, алардын кыял жоруктары жан дүйнөңдү кубанта турган өзгөчө бир сезим болуп эсептелинет эмеспи. Бул сезимдер көбүнчө ата-энеге таандык. Бирок, акыркы убактарда бул сезимдерди каалабаган ата-энелер арабызда пайда болмок турсун ал күндөн-күнгө санын көбөйтүп келүүдө. Мына ошол сезимдеринен ажыраган адам заты өзүнүн наристелерин кароосуз калтырып таштап кетип жатышат. Биздин бүгүнкү маегибизде ошондой жат көрүнүштөн сокку жеген балдарыбыздын кыялдарын орундатып аларга бактылуу көз ирмемдерди  тартуулоочу “Мээрим” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Бактыгүл Момбекова конокто.

- Арыбаңыз  Бактыгүл эже, сөздүн башатын бал даамданган балалыктан баштасаңыз?

– Менин киндик каным тамган, алтын бешигим Баткен областынын Жаңы- Жер деген айылына таандык. Үй бүлөдө 4 эркек, жалгыз кызмын. Ата- энемдер жөнөкөй карапайым адамдар, апам бала бакчада, совхоздо  иштеди, атам башкармалардын айдоочусу болуп жүрүп, кийинчерээк арендатор болуп эмгектенген.

Мен мектепте окуп жүргөн кезимде эле университет дегенди билчү  экенмин. Апама “ мен чоңойгондо университетте окуйм” деп көп айтчумун. Ошол сөздүн артынан 1995-жылы БГУнун   Түркология факультетинин референт-котормочулар бөлүмүнө тапшырып, ошол жактын билим суусун иче баштадым. 1- курстун октябрь айында “Осуят” көрсөтүүсүнөн өзүмдүн калемиме  таандык ыр саптарын окуп чыга баштадым. Ошол күндөн тартып Кыргыз телевидениесинен  5 жыл бою  эфирге чыгып жүрдүм.  Апам айтып калат “ сен кичинекей  кезиңде чоңойгондо менин келбетим жакшы, сулуу болуп, жаңы кийимдерди сатып алып телевизордон кечке эле чыга берем” деп айтчу экенмин. Ошол кичинекей кезимде эле журналист болом деген кыялдарым бар окшойт. Айылда эле Бактыбек Мамытов, Гүлшан Молдоеваларды кумир тутуп, ошолордун изи менен өзүмдү тарбияладым. Эми “жаштын тилегин берет”  дегендей, менин  тилегимди берди. Менин  үй-бүлөм  чакан  жана ынтымактуу. Менин Мээрим аттуу кызым бар, жолдошум  Кылыч  мурда ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкер болчу. Учурда жеке иштери менен алек.

Бактыгүл Момбекова 2- Журналисттик жумушка кандай болуп келип калдыңыз?

– Университетте окуп  жүргөн мезгилде эле телевидениеге келип тартылып жүрчүмүн. Андан кийин “Азылзат”, ”Супер инфо” гезиттерине  өзүмдүн ырларымды, макалаларымды жарыялап жүрдүм. Окууну бүткөндөн кийин “Кыргыз руху” деген газетада корректор болуп жүрүп, ал газетага да ырларым чыгып жүрдү. Жаш акын-жазуучулардын республикалык конкурстарында байгелүү орундарга жетишип жүрдүм. ”Топ жылдыз”,”Саамалык- 2”, ”Шоокум” аттуу ырлар жыйнактарына ырларым жарыяланган ошол студент кезден баштап  эле. 2001-2002 жылдары  КТР каналынын  астындагы жүгүртмө жарнаманы окуп калып, Ала-Тоо берүүсүнө келип иштеп калдым. Алгачкы күнү эле менин 3 сюжетим эфирге  кеткен. Ал жакта иштеп жүрүп  “Мекен чегинде”  деген теле берүү  алып баруучулукка сынак жарыялаган, ошол сынактан өтүп кетип 1 жыл эмгектендим. КТРге Кыяз Молдокасымов Башкы директор болуп келгенде  “Жаштар” студиясы жаңы ачылган. Ошондо  Эрнист Кыязов менен “Багыт” көрсөтүүсүндө жана ошол мезгилдеги башкы редакторубуз  Шайырбек Арапов менен “Добуш” көрсөтүүсүндө да редакторлук кызматты аркалап жүрдүм. Ушундай өз ишин мыкты билген  жакшы адамдардын  жардамы менен такшалдым десем жаңылышпайм. Андан кийин “Капкан шоу”,  “Унуталбайм”, “Жаштар үнү” деген көрсөтүүлөрдө редактор болуп жүрдүм.  2013-жылы  башкы редакторубуз Шайырбек Арапов, режиссёр  Бекбол  Кылычбеков үчөөбүз сүйлөшүп отуруп   “ балдарга жардам бере турган социалдык бир көрсөтүү ачабыз” деген ой келип калды, негизги идеянын тамыры Бекбол Кылычбековго таандык.  Биз үчөөбүз отуруп оңдоп чыккандагы варианты азыркы “Мээрим” деген көрсөтүү. 2013-жылы “Замандаш” ассоциациясынын жардамы менен “Мээрим” көрсөтүүсүн ачтык.

- “Мээрим” деген ат кандай болуп коюлуп калды эле?

– Шайырбек Арапов, Бекбол Кылычбеков үчөөбүз отуруп ат тандаганда алгач “Сезим” дегенбиз, бирок ал негедир “Унута албайм” берүүсүнө окшошуп кетет деп, эми ата-энесинин мээримин көрбөгөн балдар менен иштешкенден кийин атын  “Мээрим”  деп коёлук деп айтсам, баары колдошкон.

- “Мээрим” берүүсү элдин кызыгуусун арттырып жатат, силер ушул берүүгө балдарды кандай жол менен тандап аласыңар?

– Биз чыгармачылык топ көп  балдар үйүнө барганда эч кимисинен жакшы жооп ала албадык. Бизде мурун каржы бөлүмүн башкарган Зулайка деген эже менен продюсер Шайырбек Арапов байланышып программа жөнүндө айтканда  “SOS балдар” айылына келип карап көргүлө деп чакырып калды.  Биз ошол жактан 22 жакшы окуган жана ата-энесинин мээримин көрбөгөн  балдарды тандап алганбыз. Балдарды тандап алаардан мурун балдар менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп анан тандап алдык. Ошол балдардын катышуусу менен “Мээрим 2” көрсөтүүсү чыга баштады. Ушул жылдын май айларында “Мээрим” берүүсүнө 1 жыл болду.  Ушул 1 жылда биз 40 баланын тилегин, кыялын орундатыптырбыз.

- Силер балдарды белгилүү инсандар менен жолуктурасыңар, ошол жолуккан адамдар менен балдар азыркыга чейин катташып турабы?

– Алардын ичинен азыркыга чейин балдар менен баарлашып, катташып турган инсандарыбыз да  бар. Ал эми көрсөтүү маалында эле жылуу мамиле жасап андан кийин унуткарып койгон инсандарыбыз да кездешпей койбойт. Бирок , андай учурларыбыз аз. Кудайга шүгүр,  көбүнчөсү өзүнүн баласындай камкордук кылып, мээрим төгүп жүрүшөт. Алардын  ичинде Канатбек Муратбеков деген байкебиз бар, буга чейин Нарын областынын губернатору болуп иштеген, азыркы тапта  Өнөр жай жана Энергетика министринин орун басары болуп иштейт.  Ошол киши  бир гана эфирге чыгып тим болбостон ,  кийин ошол  Медина деген кызды окуу жайга өткөрүп, ага кеткен чыгымдарды өз моюнума алам деди. Андан тышкары Карганбек Самаков  Жогорку кеңештин депутаты. Буга чейин белгилүү бир инсанга бирден бала алып барсак,  Карганбек Самаков байкеге  бир туугандардын бирөөсүн алып баралы десек “Мага экөөнү тең алып келгиле, алар бир тууган болгондон кийин экөө тең мага бирдей” деп аларды жатакана жана окуу менен камсыз кылды, Улукбек Кочкоров деген депутатыбыз дагы азыркыга чейин балдар менен  мамиледе, алар менен телефон чалып байланышып,  жанындагы балдарды кошо киного алып кирип,  мээримин төгүп жатыптыр. Ушулардын катарына Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди, Бишкек ШИИББнин башчысы, милициянын генералы  Мелис Турганбаевди дагы кошсок болот. Анткени алар дагы балдарга айткандарын так аткарышып, өздөрүнүн  адамдык касиеттеринин өтө бийиктигин көрсөтө алышты. Ошондой эле, Жогорку окуу жайлардан КЭУ, КМУ, Себат билим берүү борбору, Кыргыз-Түрк “Манас” жана Ата-Түрк Ала-Тоо университеттери биздин программа менен бүгүнкү күнгө чейин тыгыз мамиледе иштешип келе жатышат. Карап туруп баарына ыраазы болбой койбойсуң.

- Буга чейин жеке өзүңүз кайрымдуулук иштерин жасап жүрдүңүз беле?

– Албетте, адам өзүнүн жасаган анча-мынча иштерине маани бербейт экен. Буга чейин “Багыт “ көрсөтүүсүндө редактор болуп иштеп жүргөндө көрсөтүүнүн аягында  сюжет жасачумун. Эрнис Кыязов айтып калды, ”Кара-Жыгачта Назгүл аттуу келин бар. Анын Курманбек, Феликс аттуу эгиз балдары бар. Ошолорду таап, сюжет жаса деди”. Көрсө ал балдар 2005-жылы Курманбек Бакиев президент болгондо 24-март күнү саат 12де төрөлүшүптүр. Анан ошол замат эле атасы өз канынан жаралган балдарынан баш тарткан. Ошол кезде Бакиев-Кулов тандеми бар болчу. Балдардын энеси аларды март революциясынын урматына Курманбек, Феликс  деп коюптур. Алардын атасы таштап кеткенден кийин жашаар үйү жок болгондуктан, алардын  жашоосун  улам сюжет кылып олтуруп, ал К.Бакивге жетип,  президент  экөөнө  жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн эки бөлмөлүү квартира берилсин деген чечим чыгарат. Бирок, ал жетинчи кабаттан биринчи кабатка түшкөндө бир бөлмөгө айланат. Ошентип отуруп, биздин жардамыбыз  менен эки жаш бала Юг 2дан бир бөлмөлүү  үйлүү болушат. Бул учурду сыймык менен айта алам. Президент үй бергенден кийин аларды теледен көрсөткөнбүз, аны көргөн атасы балдарын издеп келиптир. Жок дегенде бир үй-бүлөөгө менин жардамым тийди, алардын өчкөн шамдары кайра күйдү.

- Силердин көрсөтүүнүн жаш каармандары эмнени кыялданат жана ошол кыялдарды ишке ашыра алдыңарбы?

–  Балдардын кыялдары ар кандай болот экен. Балдар там, машина деп кыялданбайт. Кээ бир балдар буюмду кыялданса, кээ бирөөсү өздөрү кумир туткан адамдарга гана жолуксак дейт. Биз ал кыялдарын орундатууга бүт күчүбүздү жумшайбыз жана алардын кыялдарын орундата алдык деген ойдомун. Көбүнчө жаш каармандарыбыз,  биздин мамлекетибизди башкарып турган президентибиз  Алмазбек Шаршенович менен жолуксак деп жалооруп караган  көздөр менен кыялданышат.  Бирок, Алмазбек Шаршеновичтин сентябрга чейин убактысы бош эмес  экен, сентябрдан кийин президентибизге кирип калабыз го деген бизде да кыял пайда болуп калды. (күлүп)

- Эми  жумушуңузга  өтсөк, “Мээрим” көрсөтүүсүндө канча киши эмгектенет?

– “Мээрим” берүүсү “Жаштар” студиясынан даярдалып чыгат. “Жаштар” студиясында 15 адам эмгектенет . Негизинен “Мээрим” көрсөтүүсүндө  тыгыз иштешкен  Шайырбек  Арапов, Бекбол Кылычбеков жана мен. Андан сырткары операторубуз Куштар Осмоналиев жана техникалык жактан тейлеген  Болот Акматов деген жигиттер биз менен жумуш учурунда жардамга келишет. Бизде бир эле учурда  Бекбол монтажды да, режиссёрдун да милдетин аткарат, а мен болсо уюштуруучу да, редакторлук, алып баруучулук кызматты аткарам.

- “Мээрим” көрсөтүүсүнүн алдына койгон максаттары кандай?

– “Мээрим” берүүсүнүн алдына койгон максаттары көп. Биздин эң биринчи максатыбыз, ушул жаш ата-энелик мээримдин даамын татпай калган балдарга, ата-энелик мээримге жетпесе да алардын каалоо, тилектерин ишке ашырып жылуулук тартуулоо. Алардын жүздөрүнөн бактылуулуктун жылмаюусун көрүү болуп саналат. Келечекте “Мээрим” көрсөтүүсү менен  аймактарды да кыдырып, баардык балдардын ой- тилегин ишке ашыруу.

- Элге журтка болгон каалооңуз.

– Биздин элибиздин арасында ата-энеси тирүү туруп балдарды таштап кеткендер аз болсун, балдарыбыз ар дайым ата-эненин мээриминде  өссүн, ата-энелер ар дайым ден соолукта болуп өз балдарына мээримдерин төгүп жүрө берсин демекчимин. Ошондой эле ар дайым адам баласы адамдык сапатка ээ болуп, ата–энелердин балага, балдардын ата-энеге  болгон жылуу сезимдери ар дайым алоолоп жанып турсун. Анткени Ата-энени сыйлоо баланын ыйык парзы болсо, ал эми ар бир бала ата-эне мээримине, бактылуу балалыкка татыктуу эмеспи. Албетте, Эгемендүү эркин элибиз бейпилдикте, бактылуу, бардар турмуш кечирсин!

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №90



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru