Айбат » Хиджаб

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Хиджаб

ХиджабКыргызстанда хиджаб маселеси абдан чоң талкууга алынып талаш тартыштын ортосунда турат. Айрым молдолорубуздун айтканына караганда биз светтик өлкөдө жашайбыз,  ар ким  каалаганындай  кийине алат  эч  ким  тоскоолдук  бере  албайт. Бийлик башында отургандар мектеп жана жогорку окуу жайларына кийүүгө тыюу салынышы керек деп билдиришкен, бул маселе азыркы учурда дагы эле чечилбей  келет. Жаңы Автобекетинин жанында жайгашкан мечит кызматкери Абдрахман байке менен болгон маек

- Хиджаб кийгенге көз карашыңыз кандай?

– Ассаляму алейкум хиджаб боюнча мечит кызматкери катары мусулман катары айта кетсем. Хиджаб бул диний көз караш менен карасак, жабык жүрүү, ар бир аялзатына парз болуп эсептелинет. Бул курандын аяттарында жазылган. Ошондуктан, бул буйрукту аткарбай  коюуга болбойт. Аварат  жерлерди  жабуу  керек. Аварат жерлерге моюн, чач, андан ылдыйкы бут дене мүчөлөрү кирет. Эгерде, кайсы бир кыз же аял, өзүн “жамынып” жүрөм десе ага эч ким тоскоол боло албайт. А бирок, кантип “жамынып” жүрүү керек? Тилекке каршы, көп кыздарыбыз,  ислам динине ишенгени менен жакшы түшүнө беришпейт. Бизде шарият боюнча жамынып жүрүү деп “хиджабды” эсептешет. А бирок, курандын эч бир жеринде бир гана хиджабды кийгиле деген кыйноо жок. Ал жерде болгону жамынып жүргүлө, катынгыла  деген  буйрук  бар. Көбүнчө ушул маселеден түшүнбөстүктөр жаралууда. Жамынып жүрүш  керек  экен  деп эле хиджаб кийишет. Хиджаб – Араб өлкөлөрүнүн улуттук кийими. Арабия, Иран, Афганистан өлкөлөрүнө барсаңыздар, ал жакта жалаң ушундай хиджаб  кийип жүргөн айымдарды көрөсүздөр. Жоолук салынып,  хиджаб кийгендерге каршы чыккандар муну саясат кылып колдонушууда. Анткени,  ар бир улуттун өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Биздин кыргыз элинин да өзүнүн салт-санаасы, маданияты бар. Ошондуктан, коомубузда жоолук салынып, хиджаб кийип жүргөн кыздар өөн учурап жатат. Мурун кыргыз эли жакшы эле жашап өтүшкөн, хиджаб кийинбей эле ыймандуу болушкан,” – дешип нааразы болгондор да жок эмес. Кыргызча эле кийинсе да болот. Сөзсүз эле хиджаб кийиш керек эмес. Мисалы, Малайзия, Туркия, Кытай, Орусия өлкөлөрүнүн мусулман айымдары өз шартына, ылайык кийинишет. Ошол эле учурда, алар шарияттын да буйругун бузушкан жок. Бизде деле жоолук салынууну өзүбүздүн колоритибизге, заманбап модага  ылайык кылып кийип алсак эмнеге болбосун? Мисалы, апаларыбыз хиджаб кийбей эле кыргыз кийимин кийип, элечек кийип жоолук салынып алса болот. Башкысы шарияттын буйругун аткарган, бардык жери жабык, денеге жабышпаган болушу керек, артынан караганда жаш кызбы же кары аялбы билинбеши керек. Экинчи маселе, хиджаб кийгендер да элдин арасында жүргөн кезде  коомчулукта терс таасир калтырбаш үчүн таза, тыкан кийинүүсү шарт. Антпесе, “Бир кумалак, бир карын майды чиритет” деген макал бар эмеспи, ошол сыяктуу эле ким жаман хиджаб кийген кыз деп баардык хиджаб кийген аял затын жаман көрсөтөт. Эркектердин кийими  да ушундай эле. Костюм кийүү деле эркектердин сүннөттү деп эсептелинет. Эркектерге  узун  көйнөк  кийүүнүн  кажети  жок, таза, тыкан кийинсе эле болду.

- Мектеп жана жогорку окуу жайларына хиджаб кийүүгө тыюу салыш керек дегенге кандай карайсыз?

– Жана эле айтып өткөндөй ар ким өз каалоосу менен кийинет. Жогору жактагылар хиджабга тыюу салып жатышса анда эмне үчүн денелерин көрсөтүп жүргөн кыздарга тыюу салышпайт, же өз кыздарын, аялдарын  жылаңачтанып кийингенин жакшы көрүшөбү. Хиджаб кийгендер жогору жактагылардын же болбосо жөнөкөй жарандарга жанагы эле мугалимдерине эч бир зыянын келтирген жок. Анткени алар Аллахтан коркушат, бактылуулук бир гана динде экенин түшүнүшкөн. Жогору жактагылар дин жөнүндө толук түшүнбөй туруп хиджабды кийүүгө тыюу салабыз дегендери туура эмес. Өзүбүздүн эле чоң энелерибиз жоолук салынып узун көйнөк кийип эле жүрүшкөн, биз батышты туураганыбыз туура эмес. Сөзүмдүн аягында  ар бир момун мусулмандарга айтаарым, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) бир хадиси бар “Кимдин кемчилигин айта турган болсок, акыры биз ошол адамдын ордундагыдай кемчиликти кетирмейинче Аллах биздин жаныбызды албайт. Ошондуктан мусулман мусулмандын кемчилигин жашырышыбыз керек, сыйлашыбыз керек. Аллах таала үчүн баардык кылган амалдарыбыз жана бүткүл мусулмандарды биримдике жана ынтымакка чакырат элем.

 

Заманбап жашоодогу стили тууралуу…

Хиджаб стилдүү, заманбап жашоого ылайыктуу,  жарашыктуу, ошол эле убакта исламдын талабына жооп берип тургудай болуш үчүн  төмөнкү  4 нерсени эске алуу керек:

1. Стили.  Биринчиден,  кийим  айымдын  өзүнө  жагышы  кажет.  Хиджабдын айрым түрлөрү бир айымга  абдан  жарашса, экинчи  бирөөгө  анча  жарашпай  калышы  мүмкүн.  Андыктан, келбетинин  түзүлүшүнө,  боюна жараша тандаган жакшы.  Мисалы,  офисте  иштеген кызматкер  айым  классикалык  стилдеги  хиджабды  тандап  алса  болот.

2. Түсү. Стилди тандаган соң анын түсүн тандоого туура келет. Айым  өзүнө  жаккан  түстөгү кийимди  кийүүгө  уруксат.  Бирок, ошол эле убакта ал түс өтө ачыктыгы  менен  эркектердин  кумарын  ойготуп  же  өтө  эле  күңүрттүгү  менен  көргөн  адамдарды  чочутуп,  өзүнөн  качырып  турбагыдай  болгону  талапка  ылайык.  Бардыгы  гармонияда болуусу  зарыл.  Мисалы,  жоолук  боз  түстө  болсо, үстүндөгү  кийими да ошого түспөлдөшүп туруусу абзел.

3. Өлчөмү.  Стилин да, өлчөмүн да туура тандап, бирок өтө чоң  же  кичинерээк  өлчөмдөгү кийимди кийип алган айым көзгө жакшы көрүнбөйт. Ашыкча  кенен эмес, чыпташпаган, ошол эле учурда айымдын келбетин жашырып тургудай болгон хиджаб кийүү эң туура болуп эсептелет.

4. Кездемеси.  Кээ бирлер кийимдин  кайсы  кездемеден  тигилгенине  көңүл  бурушпайт. Бирок, бул  да  маанилүү  нерсе.  Жайкысын  ысыкты  тартпаган,  жууганда өңү өчпөгөн, сапаттуу, мыкты  кездемеден тигилген стилдүү хиджабды көчөгө да, жумушка да, кафе-ресторанга да кийсе болот.

 

ХИДЖаБДЫН  ТАРЫХЫНА  КӨЗ  ЧАПТЫРСАК

Эгерде, тарыхка  кайрыла  турган  болсок,  хиджаб ислам дини  пайда болгонго чейин эле бар болгон  жана  ал  белгилүү  бир  динге  тиешелүү  болгон  эмес.  Мисалы байыркы Иранда, байыркы  Индия өлкөсүндө хиджаб кийишкен, алтургай азыркы ислам өлкөлөрүнө салыштырмалуу муну бекем тутушкан. Алсак, тарых  барактарында: “Еврейлер ислам динин кабыл ала электе эле аялы көчөгө жоолуксуз чыкса, чоочун эркек менен учурашып сүйлөшсө, же үйүндө жүргөндө кошуналары уккудай катуу сүйлөсө, анда күйөөсү ажырашып кетүүгө укуктуу болгон. Аял киши жада калса өз атасынын, ага-инилеринин көзүнчө жоолуксуз жүрүүгө тыюу салынган”, -деген далилдер кездешет. Иран өлкөсү качан исламды кабыл алгандан кийин хиджаб ислам кийими, ислам баалуулугу катары кабыл алына баштаган.

Байыркы грек жана рим аялдары дайыма баштарына жоолук салып, бүтүндөй денесин жаап жүрүшкөн. Кокус көчөгө чыгышса, беттерин да жаап, көздөрүн гана ачык коюшкан. Орто кылымда Европада да хиджаб аялзатынын кооздук-жасалгасы катары каралган. Европалык ар бир аялзаты хиджаб кийип жүргөн. Бул көрүнүш  2-дүйнөлүк согушка чейин уланган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин аялзаты менен эркектердин тең укуктуулугу тууралуу маселе көтөрүлүп чыгып, бул хиджабды биротоло четке каккан.

Жеңишбек Шерипбаев

Айбат гезити №90




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru