Айбат » Айтматова ким эле, ким болду?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айтматова ким эле, ким болду?

100_1021 «-Менин депутат болуп келишиме Равшан Жээнбековдун түздөн-түз тиешеси бар» дептир, эл өкүлү Ширин Айтматова «Белый парус» агенттигине берген маегинде. Анын айтуусу боюнча, Жээнбеков колунан кармап келип, «Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаевге тааныштырып, партияга кабыл алдырган үчүн бүгүн парламентте отурат имиш. Бул маеги коомчулукту өтө таң калыштуу ойго такады. Коомчулук, анын ичинде биз ойлоп жүрүпбүз, Ширин айым улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, андыктан эл кадырлап, атанын арты менен депутат болуп келди деп. Көрсө, аны парламентке Равшан мырзанын кадыры сүйрөп келген тура. Ушул эле берген маегинде Щирин айым айтып жатпайбы, «мен» дейт, «Текебаевдин гана сөзүн угам, ал эмнени аткар десе, мен ошону аткарам» дейт. Эң таң калыштуу! Эл өкүлү катары коомчулук аны Текебаевдин сөзүн угуп, ал эмне десе, ошону аткарасың деп шайлаган экен да анда. Кыскасы, Ширин Айтматованын 4 жылдан берки тутунган позициясына эч бир түшүнө албадык. Аны атасынын кадыры менен ишенип эл шайладыбы, же Жээнбеков колунан жетелеп келип, Текебаев депутат кылып, «менин айтканымды гана кылып турасың» деп, партия лидери депутат кылдыбы?!

 Бачабаздардын багын ачкысы келген Айтматова…

Заман өзгөргөн сайын, түбүң түшкүрдүн келечек мууну да жоосунсуз жоруктарын коомчулукка көрсөтүшүп, аң-таң кылышчу болушту. Эсил кайран ЭСЭСЭРдин талабы катуу болгонбу, же демократия деп эсире кутурдукпу, айтор эми кызтекелер укук талашып көчөдө кадимкидей өз муктаждыктарын ачык эле жар салганга өтүштү. Көрдүк го үстүбүздөгү эле жылдын өткөн айларында митингге чыккан «бачабаздардын» кылыгын. Алардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Кыргыздын салт-санаасына каршы келген бул жосунсуздардын жосунсуз жоруктарын көргөн өзгөчө айыл элинде жашаган калк «ушундай да болот бекен» таризинде таң калып эле калышты. Анда да баягы эл өкүлдөрү адатынча кың дебеди. Тескерисинче, Мамат Орозбаевге окшогон аксакал депутатынан баштап, эл кадырлаган улуу жазуучунун кызы Ширин Айтматова төш болуп, алардын укугун коргоп чыгышты. Мына элдик кызыкчылыкты, улуттун салттуулугун сактасын деп шайлаган эл өкүлдөрүнүн кылыгы. Жок дегенде, макул төрүнөн көрү жакын турган Орозбаевге коомчулуктун келечегинин кереги жок болсо, улуу жазуучунун кызын кайсы кара теке сүздү?! Сүйүүсү элден башкача болгон бачабаз, кызтекелердин жумалыгын колдогон депутаттар өзүлөрү эле шерменде болбой, мына ушинтип бир суу элди уят кылышкан. Ошолордун укугун коргогон “Лабрис” деген коом үстүбүздөгү жылдын май айынан бери ар кандай иш-чараларды өткөрүп жүрүшөт. Адам укугун коргогуч болуп, ашкере боорукер болуп кеткен Ширин Айтматова оозу-мурду кыйшайбай туруп, “ЛГБТлардын (Лесбиянка, гей, бисексуал, трансгендерлер) укугун коргоого алган бул акцияны колдойм”-деп интервью берип таштаган анда.

Шириндин “айкырыгы” Акматбектин тукуругубу?

Ширин Айтматова “чындыкты сүйлөйм” – деп чырылдаганы менен ал деле кимдир бирөөлөрдүн арыгын чаап жүргөн бир пенде экен. Азыркы бийликти ашата сөгүп, Атамбаев менен КСДП дегенде итатайы тутулуп кетчү Ширин айым ачык айтпаганы менен эски бийликти жактагандардын катарында жүрөт. Берген маектеринин биринде “Келдибеков спикер болуп турган учурда парламент менен баары эсептешчү. Жогорку Кеңештин аброю, сүрү бар эле. Депутаттардын салмагы азыркыдан оор болчу”- деп Келдибековду келиштире мактаптыр. Ал төрага болуп турган кезде кайсы бир чет өлкөлүк иш сапардан кийин Акматбек Келдибековду сыйлап калганын Ширин айым өзүнүн интернет баракчаларынын бирине жазган жайы бар. Өткөндө да парламенттен ата мекенчи бир депутатка жолугуп, Айтматованын акыркы аракеттери тууралуу кызыкканыбызда “айдактап аткан артында бирөө турса керек” – деген эле. Көрсө…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru