Айбат » Бакиевдердин мүлкүн басып алуу иши боюнча соттолгон Э.Мадылбеков мөөнөтүнөн мурда бошотулдубат гезити №91

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бакиевдердин мүлкүн басып алуу иши боюнча соттолгон Э.Мадылбеков мөөнөтүнөн мурда бошотулдубат гезити №91

Эльдар МадылбековЭльдар Мадылбеков мыйзамдуу негизде мөөнөтүнөн мурда бошотулду, деп билдирди АКИpress агенттигине парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков.

Анын айтымында, Бишкек шаардык Ленин райсоту анын уулун №47 абактан эки жума мурун бошоткон.

«10 күн мурун сот мыйзамдуу негизде менин уулумду камактан бошотту. Анын бир нече айы калган, бирок, райондук соттун токтомуна ылайык, ал мөөнөтүнөн мурда бошотулду», – деди ал.

Депутат белгилегендей, бүгүнкү күндө Эльдар дарылоонун реабилитациялык курсунан өтүп жатат.

Эске салсак, Бишкек прокуратурасынын кызматкери Эльдар Мадылбеков 2012-жылдын 15-сентябрында Бакивдердин мүлктөрүн мыйзамсыз ээлеп алуу жана иштетүүгө байланышкан кылмыш ишти тергөөнүн алкагында кармалган. «Э.Мадылбековдун мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдардын суммасы 2 млн долларды же 94 млн сомду түзөт», – деп билдирген 2013-жылы Башкы прокуратура.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Э.Мадылбековду 9 жылга эркинен ажыраткан. Судья аны документтерди жасалмалап алуу жана алдамчылык беренелери менен айыптаган.

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru