Айбат » Орозбек Дүйшеев: “Эгемендүүлүгүбүздүн баа-баркын түшүнүп, аны сактоону көздөшүбүз зарыл”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев: “Эгемендүүлүгүбүздүн баа-баркын түшүнүп, аны сактоону көздөшүбүз зарыл”

Орозбек Дүйшеев- Орозбек мырза, эгемендүү мамлекет болгонубузга быйыл туура 23 жыл толуп отурат. Эгемендүүлүктүн баркын кадырын кандай түшүнөсүз? Биз азыр өзүбүздүн эгемендүүлүктүн баркын туура түшүнүп жатабызбы?

– Эгемендүүлүккө жетишкенибиз бул элибиздин эң чоң жеңиши болду. Бирок ошол эгемендүүлүктү алгандан кийин мамлекет башына келген жетекчилер мамлекеттик түзүлүштүн теориясын билбей, жапайы капитализмге кирип кеттик. Анын негизинде турмушубуз оңолгон жок. Экономикабыз мурдагысынан да начарлап, туруксуздукту пайда кылышты. Ошентип алгачкы президент, андан кийинкиси да өз Мекенинен куулду. Мунун өзү аларга чоң сабак болду. Эми ошол алгачкы жетекчилер киргизип кеткен жапайы капитализмден чыгышыбыз керек. Эгемендүүлүгүбүздүн баа-баркын түшүнүп, аны сактоону көздөшүбүз зарыл.

- Бүгүнкү күндө болуп аткан митинг, пикет, жол тосмойлор мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч алып келип жаткан жокпу?

- Кедергисин сөзсүз тийгизет. Эгемендүүлүк алган жалдардагы алгачкы жетекчилерибиз жапайы капитализмди алып келишип, эл менен бийликтин ортосуна ажырым пайда кылган. Анын негизинде карама-каршылыктар күчөгөн. Митинг-пикеттер ошондо пайда болгон. Эми аларды адатка айлантуунун кажети жок. Андан көрө кетирген катачылыктарыбызды оңдогонго аракет кылышыбыз керек.

Айбат гезити №91



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru