Айбат » “Кызыл китептеги” саясатчылар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Кызыл китептеги” саясатчылар

Аликбек ЖекшенкуловАликбек Жекшенкулов

«Акыйкат» саясий партиясынын төрагасы  Алибек Жекшенкулов  былтыркы юпи-гейт  тасмасы боюнча саясаттан көрүнбөй кетти. Жашоодо акыйкат, же шайлоодо акыйкат болбогонуна таарынганбы?  Омоктуу ойлорун айтып гезит беттерине чыгып калчу элеңиз  көрүнбөй да кеттиңиз, шайлоо жакындаган сайын кимдер  менен  кол кармашып кетер экенсиз убакыт көрсөтөр.

Урмат БарктабасовУрмат Барктабасов

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын төрага жетекчиси  Урмат мырза негедир саясий эле жактан эмес бизнестен дагы кеткендей. Эки ай мурун Казак финполициясы издөө салгандан бери, башын коңулдан чыгара албай  Балыкчыга кире качкандай. Болбосо Көлдүн жээгин  экинчи Дубайга айландырам, жоктон бар кылам деген тилегине жетер бекен? Же дагы басып алмай жактарынын тактикаларын ойлонуп жатабы?

Токон ШайлиеваТокон Шайлиева

Оо илгери-илгери деп жомокто айтылчудай  Токон эжебиз Акаедин убагында кара көз айнекти бетинен түшүрбөй, элди көргүсү келбей жүрдү. Кыйла жылдары бийликтин чокусунда көпкө кармалып жакшы эле тайраңдашты. Кайсы кызматка барбасын кыйраткан ишин деле көргөнүбүз жок. Бирок «чыпалак» чыры менен элдин эсинде калды. Өзүм дегенде, өгүздөй десем туура болобу күчүн жумшап. Жеке ишкерчилигинде биттин ичегисине канды куйгандай бир топ  жерлерге же борбор шаарыбыздын борборуна  бизнес борборлорун салып, калганын ижарага  берип жан багып жүргөндөй.

Османакун ИбраимовОсмонакун Ибраимов

Оо анда көктөм эле көктөм эле, деп ыр саптарында   жазылгандай  Осмон аке  ошол Акаевдин көктөмдөрүн сагынгандай. Жакында кайтыш болгон маркум Болот Акаевдин узатуу зыйнатына барып Илим Акаев менен  жолуккандыр, кантсе да эски шефинин жакшылыгын жакшы эле көрбөдү беле. Салам айттырып бир жашып алгандыр курган мырза. Анда-санда ой толгоолорун маалымат каражаттарына чыгара калып жүрөт.

Бекболот ТалгарбековБекболот Талгарбеков

Кочкор «тумшук» байкебиз Ташиевди окуучум деп саясатта таптап келе жатты эле анысы тескери ушатып жатканын көрүп «көтөнүнөн»  көк түтүн буркурап жаткандай. Кыргызстандын айыл чарбасын «Нөльгө» түшүргөнгө зор салым кошконун эстесең дыйкандардын каргаганы туура экен дейт экенсиң. Ушундай инсандар батышын долборлорун киргизип жатып эмне болдук? Эми сүйлөсө пайгамбардын өзүндөй  болуп шариат  айтат десең тобоо.

Айбат гезити №91



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru