Айбат » Бахадыр Сулейманов коррупциялык иш-аракеттери үчүн качан жооп берет?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бахадыр Сулейманов коррупциялык иш-аракеттери үчүн качан жооп берет?

Бахадыр Сулейманов«Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» деген учкул сөз бүгүнкү күндүн саясатчыларына куп гана жарашып калды. Маселен, кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов парламент отурумунда «Дипломатиялык паспортту эч кандай дипломатияга тиешеси жок эле адамдар алып пайдаланып жатышат» деп кыйкырып чыккан. Ырас, бул жүйөөлүү кыйкырык экендигин дагы эске алып коёлу. Себеби, анда айрым чиновниктердин уул-кыздары, аялдары дагы алып жүргөндүгү айтылган. Бирок, ошол эле учурда мындай паспортту Бахадыр мырза өзү да акыркы эки жылдан бери колдонуп келе аткандыгын неге жашыргысы келди экен деген суроо туулат. Себеби ал акыркы эки жылдан бери карай дипломатиялык паспорт менен 6 жолу Россияга, 9 жолу Турцияга, 10 жолу Казакстанга, 4 жолу Кытайга барган экен. Бирок, бул сапарларынын бардыгы эч кандай мамлекеттик ишке байланыштуу болгон эмес. Демек, Сулейманов өзү дагы ошол өзү атап өткөн дипломатиялык паспортторду мыйзамсыз пайдаланып жүргөндөрдүн катарына кошулуп калабы? Мунусун бир деп туралы. Экинчиден, Бахадыр мырза 2010-жылга чейин Казакстандын жараны болуп келгендиги өтө кызык факты болуп турат. Эгерде ал ага чейин башка өлкөнүн жараны болуп келсе, анда Акаевдин доорунда «Мистер 10» деген каймана атты кантип алып алды экен? Же Акаевдин доорунда Кыргызстандын мамлекеттик кызматтарында башка өлкөлөрдүн жарандары деле иштей бергенге мүмкүн беле? Ал туңгуч ажонун арааны жүрүп турган убакта саясатта анчалык деле аты чыга элек кези болгон. Бирок, көмүскөдө жашынып алып, мамлекеттин миллиондорун «мойсогондордун» катарында болгондугу өтө кызык. Көрсө, ал ошол кезде Акаевдин үй-бүлөсүнө өтө жакын Ташкул Керексизовдун «оң колу» болгон экен. Керексизов Мамлекеттик материалдык резервди жетектеп турган маалда өлкөбүздөгү бардык акча түшүүчү ишканалар, мекемелердин бардыгынан Салык инспекциясына төлөөчү салыктан тышкары көмүскө «салык» алып турган. Мына ушул иштин бардыгын ошол убакта Бахадыр Сулейманов аркалуу жасачу экен. Мындай «жооптуу» тапшырманы кубаныч менен кабыл алган Бахадыр мырза өлкөбүздөгү бардык чоң жана кичи бизнесмендерди ыйлатып, алардын кирешесинен 10 пайыз «салык» алып турган. Анын канчасын Керексизовго берип келгени албетте белгисиз. Бирок Сулейманов азыраак убакыттын ичинде эле күркүрөгөн байлардын катарына кошулуп калган. Анын мындай кыңыр иши Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусу кыйрагандан кийин ачыкка чыккан.

Финансы полициясы Бахадыр Сулеймановдун мамлекетке 110 миллион сом зыян келтиргендигин аныктап чыккан. Башкы прокуратурага 75 миң доллар да бериши керек экендиги тастыкталган. Ошентип мурунку коргоочусу Керексизовдун эч кимге кереги жок болуп калып, Бахадыр мырза жогоруда айтылган суммадагы акчаны үч сутканын ичинде таап келген. Мунун баары анын Акаев доорунда жасаган былыктарынын ачыкка чыккандары гана. Ал эми 10дан «салыктарын» төлөп, бирок аны кайра кайтарып ала албай калгандары канча?

Башынан эле ар кимдин коюн-колтугуна кирип, оокат кылганга көнүп алган Сулейманов бир аз убакыт өтпөй Марат Бакиевдин тилин таап, ага чейин жасап келген мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпай калган. Эгерде аны Бакиевдер өз колтугуна корголобогондо балким эмдигиче темир тордун артында отурмак. Биз азыр коррупцияга каршы аёосуз күрөш ачып жатабыз. Муну мамлекет башчысы да, эл өкүлдөрү да, деги эле жалпы элибиз колдоого алууда. Демек, ага каршы күрөшүү үчүн адегенде мына ушундай коррупциянын ири «киттери» мыйзамдын алдында жооп бериши керек. Ошондо гана коррупцияга каршы күрөш өзүнүн натыйжасын берет эмеспи? Болбосо, кечээги «Мистер10» бүгүн деле кылы кыйшайбай, мамлекеттин эсебинен олчойгон айлык акы алып, мамлекеттин эсебинен кымбат баалуу автоунаа минип, сайрандап жүргөнү кимге жагат…

Айбат гезити №91



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru