Айбат » Темир Бирназаров: “Саясатчылар акча берип, элди митингге чыгарып көндүрүп коюшту”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Темир Бирназаров: “Саясатчылар акча берип, элди митингге чыгарып көндүрүп коюшту”

Темир Бирназаров- Темир мырза, Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонуна быйыл туура 23 жыл толот. Мына ушул эгемендиктин баа-баркын кандай түшүнөсүз?

– Эгемендүүлүк бул албетте көз карандысыздык, өз алдынча саясат жүргүзүү. Тилекке каршы биздин элде менталитет башка экен. Союз маалында бийлик Москванын колунда болчу. Анан бизде бир да чиновник уурдап, жей алчу эмес. Анан өз алдынча мамлекет болгондон кийин адегенде эле бийлик башына бир илимпиозду алып келип койдук. Анын чарбадан да, саясаттан да түшүнүгү жок экен. Ошол убакта мамлекетти башкарып кете турган чарбачыл адамдар болгон. Тилекке каршы биз туура эмес тандап алып, азыркыга чейин кээ бир тармактарда туура эмес кадырлар отурат. Кыскасын айтканда азыр саясатта жүргөндөрдүн арасынан мамлекеттин оңолушун каалагандар аз. Оппозицияда жүргөндөбардыгы жалындуу сүйлөгөн патриоттор. Мисалы азыр деле оппозицияда жүргөндөр жалындуу, элге жага турган сөздөрдү сүйлөшөт. Бийликке алып келсең, жасаган иши башка болуп чыгат. Ошентсе да эгемендиктин жакшы жактары болду. Жаштарыбыз чет мамлекеттерге чыгып билим алып келип жатышат. Башка мамлекеттер менен өз алдынча мамлекет катары алака түзүп жатабыз.

- Демократиянын атына жамынып алып адатка айланган митинг-пикеттер, жол тосмойлор эгемендигибизге, мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч алып келип жаткан жокпу?

– Бул эми айла кеткендеги көрүнүш болуп жатат. Себеби саясатчыларыбыз элге акча берип митингге алып чыгып көндүрүп койду. Анан жумушсуз жүргөндөр ага ык алып алышты. Андыктан эми бардыгыбыз терең ойлонуп, мамлекеттүүлүгүбүздү мындан ары бекемдегенге аракет кылышыбыз керек. Демек, бийликке келе турган адамдарды тандоодон жаңылбашыбыз зарыл.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru