Айбат » «Текстоник» ЖАК мамлекетке 107,2 млн сом зыян келтиргени аныкталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » «Текстоник» ЖАК мамлекетке 107,2 млн сом зыян келтиргени аныкталды

сомМамлекетик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, «Текстоник» ЖАК Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы нефти жана газды издөө жана иштетүүгө лицензияларын кармап туруу үчүн акы төлөөдөн качкандыгы аныкталды.

Мамлекетик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган компания мамлекетке 107 млн 208 миң 76 сом көлөмүндө зыян алып келген.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери башталды.

Маалымат:

КРнын укук министирлигинин маалыматы боюнча «Текстоник» ЖАКтын жетекчиси Чжан Цзе, ал эми түзүчүсү «Сань Шань Юань» ЖЧКсы болуп эсептелет.

Ишкана нефтини жана жаратылыш газын алуу үчүн жер катмарын бургулоо менен иш алып барат.

«Сань Шань Юань» ЖЧК ишканасын Чжан Даоф жетектейт. ЖЧК иштетилбеген нефти жана газды сатуу менен алектенет.

Түзүүчүлөрдүн катарында Синьцзяндын «Энергоресурстарды өнүктүрүү боюнча Сань Шань Юань» компаниясы бар.

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru