Айбат » Россия Кыргызстанга жардам берүүсүн улантууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Россия Кыргызстанга жардам берүүсүн улантууда

Сергей ЛавровРоссия Кыргызстанга карата өзүнүн кезектеги дагы бир жардамын берүүнү пландаштырууда. Бул жолу алар Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө колдоо көрсөтүү максатында 500 миллион доллар которушмакчы. Бул туурасында Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат кызматкерлерине билдирген. Эске сала кетсек, Россия буга чейин да Кыргызстанга бир нече жолу финансылык жактан колдоо көрсөткөн. Башкасын айтпаганда да 1 миллиард рубль каражатка ылайыкташтырылган Кыргыз Армиясы үчүн курал-жарактардын берилгенин мисалга алсак болот. Ал эми жогоруда айтылган 500 миллион доллар өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү багытына түздөн түз жолдошот. «Бул Кыргызстандын евразиялык экономикалык интеграция процессине максималдуу даярдык менен кирүүсү үчүн экономикасын көтөрүүгө Россиянын салымы болуп эсептелет» деп билдирет Сергей Лавров. Эске сала кетсек учурда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кирүү маселеси өтө олуттуу маселе болуп келет. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин ар тараптуу өнүгүшү бири-бири менен алака жүргүзүү аркылуу боло тургандыгын эске алганда Кыргызстандын бул биримдикке кирүүсү өтө чоң мааниге ээ. Эч бир мамлекет өзү жалгыз, башка эч бир мамлекет менен мамиле жасабастан өнүгүүсү реалдуу эмес. Андыктан Кыргызстан экономикалык деңгээли жагынан бизден бир нече жылга алдыга озуп кеткен өлкөлөр менен бир катарда туруп, бирдей кызматташтыкка умтулуп жатканы колдоого аларлык аракет. Ал эми ал мамлекеттердин деңгээлинде ар тараптуу кызматташуу үчүн Россия жетишээрлик деңгээлде колдоосун көрсөтүп келет. Мындан тышкары эки өлкө Жамааттык коопсуздук уюмунун алкагында аскердик-техникалык жактан кызматташуу тууралуу да пландарын бекитишкен. Аны менен бирге эки өлкө башчысы энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруу багытында да келишимдерди бекитишкен. «Бул макулдашуулар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда. Ал долбоорлор «Камбар-Ата» ГЭС жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС болуп саналат. Иш жүзүндө бул эки гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эки тараптан бирдей маселелерди чечүү үчүн кошумча тапшырмалар макулдашылды» деп билдирди Сергей Лавров. Андыктан «Россия бизге ГЭСтерди куруп берем деп куру убада берип коюшту» деген өңдүү жел ооз билдирүүлөр суу кечпеген  жалган ушактар экендигин айта кетели. Кыргызстан бүгүн экономикасын көтөрүү үчүн колдоолорго муктаж. Андыктан өздөрү колун сунуп жардамын сунуштап аткан өлкөлөрдүн достук мамилесин колдон келишинче туура пайдаланып калышыбыз керек.

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru