Айбат » Хакерлердин айынан Медведев кызматынан кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары, Кызыктар дүйнөсү » Хакерлердин айынан Медведев кызматынан кетти

Медведев14-август күнү Россиянын премьер министри “мен кызматтан кеттим”, “өкмөт үчүн уялып жатам, кечирип койгула”, “мен эми эркин фотограф болом, көптөн бери кыялданып келгем”  жана башка ушу өңдүү ойго келбес нерселерди, өзүнүн Твиттрдеги баракчасына жарыялады. Элдин көбү бир таң калса, калгандары  дароо эле бул иш хакерлердин колунан келгенин билишти. Газета.ру билдиргендей бул кылыкты “Шалтай-Болтай” атту анонимдик тобу кылышы мүмкүн экен. Анткени алар “бизди күнөөлөшү мүмкүн, анткени биздин колубузга капысынан бир нече кат  жана Медведевдин “айфонундагы” маалыматтар түшүп калды” деген.

Белгилей кетсек ушул жылдын июль айында “шалтай-болтайдын” блогун Роскомнадзор жапкан. Себеби алар Россиянын чиновниктеринин кат жазышуусун интернет булактарына таратып салышкан. Ал эми Дмитрий Медведев кызматынан кеткен эмес жана убактысынан эрте кетүүгө эч кандай себеп боло элек.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru