Айбат » Наргозуев менен Келдибековдун айтышы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Наргозуев менен Келдибековдун айтышы

Бегалы АзизбекАкыркы учурларда маалымат майданында бир катар талаш-тартыштар, нааразычылыктар болуп жатат. Алардын катарын бул жолу саясатчы, экс-акжолчу, Максимдин досу Бегалы Наргозуев мырза менен бир күн оору, бир күн соо – Алымкан аткан конгон журналист Азизбек Келдибековдун талашы толуктоодо. Бегалы Наргозуевдин  Кыргызстан бүгүн деген аталыштагы сайты бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал сайтта бир нече журналисттер иштеп, өз эмгектерин сиңирип кетишти. Алардын арасында Азизбек Келдибеков да иштеп кетип, бирок айлыгын алигиче ала албай, Бегалы мырзага болгон нааразычылыгын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 10-август күнү жазып чыкты. Ал өз сөзүндө Бегалы мырзанын кезегинде кыздарды зордуктап, балалуу болгонго жетишип, журналисттердин айлыгын бербей иштетип көп журналисттер ага нааразы болуп кетишкенин айтып кейип-кепчиген эле. Бирок, анын сөздөрүн толугу менен жалганга чыгарган Бегалы мырза да сайтына бажырайтып жообун бере салды. Эми бул экөөнүкүндөй акыйнектерди көп эле көрүп жүрөбүз деңизчи, бирок, журналисти да аны иштеткен “шефи” да бири-бирине өз кезегинде көз каранды болуп, чогуу кызматташкан. Сөздүн башында эмнегедир биздин гезиттин атын да айтып, “тар чөйрө окуйт” – деп  кеткен Бегалы мырзага таң бердик. Сиздин сайтты деле анча көп киши окубаарын өзүңүз билбейт окшойсуз. Азизбек мырзага айлыгын бербей койгону үчүн биздин гезит ага жооптуу да, милдеттүү да эмес. Эгер жайыты жакшы болсо жаман уй да жайытын таштабайт, – деген кыргызда жакшы накыл кеп бар. Анын сыңарындай, “Кыргызтудейдин” шефинин журналисттерге кылган мамилеси жакшы болсо, айлыгын өз убагында берген болсо Азизбек мырза да, сайтта иштеген бир канча журналисттер да иштен бекер кетпейт эле. Эми акыйнектин андан аркы уландысын да көрө жатаарбыз. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат болобу, же чындык ким тарапта болоорун мезгил далилдеп берээр. Бегалы мырзанын  маалымат каржаттарына берген маегинин орунтуу жерлерине оорун берели.

 

Бегалы Наргозуев:

“Азизбекке компьютерде иштегенди үйрөткөм”

Азизбек Келдибековду мен сайтка чакырган эмесмин. Бир күнү “жумушум жок кыйналып жүрөм, жардам кылыңыз, сиздин сайтка да жазып кызматташып турайын” деп суранып өзү келип калды.  Мен Азизбекти  сыртынан гана билчүмүн жана сыйлачумун. Анткени ал эмнегедир мен тууралу дайыма позитивдүү материалдарды гана чыгарып жүрчү.  Биз анын сунушуна макул болуп, ага компьютер менен иштешти, кантип материал жарыялоону, фейсбук, твиттер менен достошконду үйрөтүп койдук. Ал аябай кубанып, биздин сайтка материалдарын жарыялап жүрдү.  Биздин сайт маалыматтык сайт болгондуктан анын жазгандары биздин форматка дайыма эле туура келе берчү эмес.  Ошондуктан биз ага эксперимент катары “Автордук бурч” рубрикасын бердик.  Анын азыраак болсо да өз окурмандары пайда болду. Өзүн саясый сатирик катары көрсөткүсү келди, биз аны колдодук. Кээде ашыкча тантыраган материалдарды жарыялап жиберет. Сайттын имиджине зыянын тийгизет.  Бир айда бир жолу 7-10 күнгө дайынсыз жоголуп кетет экен…

- Анан Азизбек Келдибеков сизди кызматкерлерин катуу тилдеп, куугунтуктап жумуштан кетирген деп айыптоодо?

– Эми Азизбек, ызалангандан эле ошондой сөздөрдү айтып жатат.  Мен журналисттерди эки учурда гана катуу урушамын , биринчиси башка булактардан маалыматтарды уурдап алып, өзүн автор кылып, плагиаттык кылганын кармап алсам, анан көп учурда ката жазышканда. Анда да элементардык гана талаптарды коём – сөздөр туура жазылышын жана сүйлөм түшүнүктүү, туура  түзүлүшүн сураймын. Андан татаал талаптарды коё элекпиз. Бул өтө чоң проблема экен. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин деле сөздөрдү туура жазалбаган, сүйлөмдөрдү түшүнүктүү түзө албаган адистер кездешет. Одоно ката кетиргендерди 3-4 жолу эскертем, анан такыр эле оңолчудай түрү болбосо кет эле дейбиз. Ал эми плагиат кылгандарды бир эле жолу кечиребиз, экинчи жолу кармалса кетет.  Мен эмне үчүн кыргыз басма сөзүндө көп ката кетерин эми түшүндүм. Ал кызматкерлерге эле байланыштуу экен.

 

Азизбек келдибеков:

“Бегалы Наргозуев жаш кыздарды зордуктаган, «Ак жолчу» аңги депутат, жазганды да билбей, пивого жалдап жаздырат”

Басма бетинде Акаевге чөгөлөп жүрүп алган самолётун Максим Бакиевге «падарить» этип «Ак Жол» партиясынан 2007-жылы легитимсиз депутат болгон Бегалы Наргозуев тууралуу материалдар кеткен. Албетте, Наргозуевге окшогондор оппозициянын кадыр-баркын кетирип, бийлик дегенде «ак эткенден, так этип» жулунуп турушат. Булар оппозиция лидерлерин да көрө алышпай, алдыңкы орундарга өзүн гана койгусу келет. Оппозициянын башын кошпой, кайра чачыратып бүтүштү. Наргозуев «жмот» менен бир топ убакыт иштедим. Ал тууралуу Камчыбек Ташиев: «Наргозуев Мелистин офисинде олтуруп алып ушакты жаза берет…» -деп жазат. Кечирип коюңуз Камчыбек мырза Наргозуев өзү жаза албайт, ал кыргыздын мыкты жазган журналисттерине «псевдоним» менен жаздырат. Ал жаш кыздарды ыйлатып ымыркайлуу болгонго жарайт, андан кийин карабай, бул тууралуу каттар бар. Негизи депутат айымдарды баш кылып «аңги» болуп жүргөнү белгилүү. Бул тууралуу жазса түгөнбөйт, эми жазат болушубуз керек. Мен клиникада ооруп жатканда, бул «эшектин көк мээсин жеген» ден соолукту эмес, сотту сурайт. Ошол үчүн өзү менен соттошуп жүргөн спикер Жээнбековдун алдына чөгөлөп, ал эми ар кайсы гезиттен «уурдап» алган материалдары менен кимдир бирөөлөрдү коркуткусу келет. Анча кыйын экен чыксын маалымат майданына, мындай «аңги сөрөйлөргө» даай алган ден соолук болуп калды.

Ушул бети жок үчүн не деген ден соолуктан айрылып, инсульт болбодук? Мына эркекче бүтүрөбүз деп ойлоп келгем, көрсө бети жокко, бети жоктой мамиле кылыш керек экен. Наргозуев Максим Бакиевдин колундагы курал болгон, ошол мезгилде «Жаңы Агым» гезитин Мелис Эшимкановдун башын тегеретип алып, Бакиевдик бийликти даңазалап, чогуу отурган депутаттарды жамандап чыккан. Апрель революциясынан соң, үлдүрөп унитазын жыйнап, чет жакка качканга даярданып калган, ал эми жаңы уюштурулган «Кыргызтудэй» таланып кеткен. Бул сайтты бир топ кыз, жигиттер бутунан тургузган. Наргозуев аларга эмне жакшылык кылды, мейли ал жаш кыздарды тилдеп, сөгүп – сакканын кеп кылбайлы, бир да ошол сайтта иштеген адамды ыраазы кылып кетирбептир. Бардыгы Наргозуевге нааразы болушуп, азыр ар кайсы тармакта жакшы жайларда иштеп жатышат. Бир сайттан жылына жыйырмадай жаш адамды жаманатты кылып кетирүүнү Наргозуев адат кылып алган. Алдыда кармаш келатат, бул болсо менин айлыгым менен байыгысы келет. Мага ошол айлыкты «илибой» саясатчы берет, мен Наргозуевдей «жмоттун» «терисин тескери сыйрыганга» жарап баратам…

 

P.S. Маалымат “Искра” гезитинен жана Фейсбук баракчасынан алынды.

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru