Айбат » Документинде көргөзүлбөгөн телефондун сырдуу функциялары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Документинде көргөзүлбөгөн телефондун сырдуу функциялары

Siri следит за вамиӨткөн жумада “Уюлдук телефонуңуз сизди аңдып турат” деген макала чыкты эле, окуп ишенбегендер болсо керек. Кече ошол теорияны далилдеген бир кызыктуу окуя интернет булактарына чыкты.

Кристиан Агюляр аттуу жигиттин өлүгү табылгандан бир топ убакыт өтпөй эле, 20 жаштагы анын досу Педро Браво аттуу жигитти укук коргоо кызматкерлери камакка алышты. Анткени анын “айфонунда” бир топ кызыктуу маалыматтар камтылган. Эң негизгиси – “досумдун өлүгүн эми кайда катам” – деген аудио жазуу сакталып калыптыр. Албетте ал жазууну Педро өзү эмес, анын телефонундагы “Siri” аттуу жардамчы-колдонмосу жаздырып алган. Телефонду терең анализдешкенде Кристиан өлгөн түнү аппараттын чырагы 9 жолу күйгөн.

Уруштун себеби Педронун мурдагы сүйлөшкөн кызы Кристиан менен жүрүп алгандыгы болгон. Жигиттин күнөөсүн сот чечет дечи, бирок биздин кымбат гаджеттерибиз дагы кандай биз билбеген сырдуу функцияларды камтыйт болду экен…

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru