Айбат » Чаткал районундагы алгылыктуу иштер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Чаткал районундагы алгылыктуу иштер

МуздаткычАк-Таш айылында 400 килого чейин эт сакталуучу муздаткычтуу соода жайы курулууда

Ак-Таш айылына  эт сактап, сатуучу соода жай курулуу иштери башталды. Бул соода жайын, айылдык жеке ишкер Максымбеков Баатырбек тарабынан курулууда. Соода жайы төрт жүз килого чейин эт сактоого боло турган муздаткыч орнотулмакчы. “Чаткал өрөөнү мал киндиктүү болгондуктан, айыл калкы жайкысын мал союп, сактай турган жери жок кыйналышат. Алардын мындай муктаждыктарын көрүп, ушундай көп эт сактоого боло турган муздаткычы бар соода дүкөнүн курууну чечтим, буюрса, күзгө чейин бүткөрүп, ишке киргизем” дейт  жеке ишкер Баатырбек Максымбеков.

Соода жайынын  бийиктиги эки жарым метрди түзүп, өзүнчө бөлмө катары кызмат кылмакчы. Ишкер ал жерге айылдыктар бош убактыларында бильярд ойноп, эс алуучу жай кылууну максат кылууда. Ал эми, үстү болсо  эт сакталып, сатуучу жана күнүмдүк тиричилик буюмдары сатылуучу дүкөндүн милдетин аткармакчы.

Акыркы жылдарда Чаткал өрөөнүндө жер алдындагы кендерди казып жана чалгындап иштеген фирмаларга, жергиликтүү калк  кара малдарын союп, сатышууда. Демек,  эт сатып алууга талап күчөп жаткандыктан, айыл калкына сөзсүз  көлөмдүү муздаткычтын кереги тийери бышык

 

Айылдык китепканачы Ж. ШеримбетоваАйылдык китепканалар жаңы китептер менен камсыз болууда

Аталган аймактагы айылдык китепканаларды жаңы китептер менен камсыздоо иштери жакшы кабар берүүдө. Өтүп бараткан жылдын экинчи жарымында, айыл аймактагы үч китепкананын ар бирине он миң сомдон, жалпысы отуз миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген эле. Бөлүнүп берилген  каражатка 177 даана ар кыл багыттагы адабий китептер сатылып алынган. Ал китептер айылдык окурмандарга тартууланды.

“Азыркы тапта, үч айылдык китепкананын карамагында төрт миң даанадан ашык китептер бар. Айылдын окурмандары көбүнчө Айгүл Шаршен сыяктуу жазуучулардын калеминин жаралган чыгармаларын сурангандыктан, бөлүнүп берген он миң сом акча каражатына акыркы убакта жарык көргөн адабий китептеринен сатып алганбыз.  Айылдын окурмандары китепканабызга күнүнө орто эсеп менен беш-алтоосу келип турат”-дейт Ак-Таш айылдык китепкананын кызматкери Жылдыз Шеримбетова.

 

 сууТаза суу түтүктөрүн оңдоого фирмалар көмөк берүүдө

Өткөн жылы Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында суу түтүктөрүн ремонттоо иштери  кыш мезгили кирип келгендигине байланыштуу токтотулуп калган.  Токтотулган суу түтүктөрү ремонттоо иштери быйыл да улантылууда. Аталган суу түтүктөрүн капиталдык ремонттоо үчүн район аймагында жер алдындагы кендерди чалгындоо жана казуу иштерин жүргүзүп жатышкан фирмалар тарабынан 1 млн. сом акча каражаты Чаткал айыл аймагынын эсебине келип түштү. Бул маалыматты  Чаткал  айыл аймагынан билдиришти.

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru