Айбат » Дарыгер-бейтап талашы: Операция туура жасалганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дарыгер-бейтап талашы: Операция туура жасалганбы?

ГульзинаГүлзина, бейтап:

Дарыгердин шалаакылыгынан экинчи топтогу майып болуп калдым. Балалуу болгум келген. Көпкө чейин балалуу да боло албайм, жумуш да кыла албай калдым

Улуттук онкология борборунун эмгек сиңирген хирург-онкологуна бейтабы тарабынан күнөө коюлууда. Бишкектик бейтап Гүлзина Байтаева ага дарыгерлер туура эмес диагноз коюп, сол көкүрөгүн кесип салгандыктан, азыр экинчи топтогу майып болуп калгандыгын айтты. Бирок улуттук онкология борборунун айыпталып жаткан дарыгери бул маалыматты моюндабайт.

Гүлзина Байтаева 6-июнь күнү Улуттук онкология борборунда “биринчи даражадагы рак оорусу бар” деген диогноз менен көкүрөгүнө операция жасаткан. Ооруканада жатканда ага бейтааныш аял чалып, “алар туура эмес операция жасашты, лабораторияга кайрыл” деген сөзүнөн кийин Гүлзина операция жасаган хирургдан маалыматтын чындыгын сураса, дарыгер аны кагып койгон.

“Мен дарыгерди бир нерсе болсо сотко бербейм деп тил кат жазып бергем. Айыгып ооруканадан чыккан соң, дарыгердин мени алдап, “биринчи даражадагы көкүрөк рагы бар” деген диагноз менен анализди күтпөй туруп, сол эмчегимди кесип салганын түшүндүм”, – дейт бейтап.

Гистологдор операция бүткөндөн кийин оорулууга “айыгып кетүүчү эмчек шишиги” деген анализ чыгарышкан. Гүлзина бул дал келбестиктин айынын экинчи топтогу майып болуп, бүгүнкү күндө ишке жарамдуулугун, көп убакытка чейин бала төрөй албай калаарын айтууда. Ал бул иштин иликтөөгө алынышын суранып, прокуротурага кайрылганы жатат.

“Улуттук онкология борборуна жылына алты жүздөн ашуун аял кайрылып, анын дээрлик 42 пайызы көкүрөк рагынын жогорку стадияларындагы оорулуулар. Анын басымдуу бөлүгүн 40-49 жаш аралыгындагы аялдар түзөт”

Бейтапка операция жасаган Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Зинаида Карабекова өз кезегинде ага карата айтылган сөздөрдү негизсиз деп билдирүүдө:

“Биз ага эмчек рагы деген диагноз койгонбуз. Мен муну Гүлзинага түшүндүрсөм, операцияга макул болгон. Операция башталып, жарымына жетип калганда гистологдор лабораториянын жыйынтыгы боюнча эмчек рагы жок деген көрсөтмө берди. Менин койгон диагнозум туура, андан баш тартпайм. Анын үстүнө дарыгердин анализ чыкканга чейин операция кылганга акысы бар. Мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм”, – дейт Карабекова.

Улуттук онкология борбору жана Саламаттыкты сактоо министрлиги аталаган фактыны комиссия иликтегенге чейин эч кандай маалымат бере албасытыгын айтышууда. Мындай кайчылаш пикирлерге эми чекитти атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы коет.

Коомчулук арасында бул окуя кызуу тала-талкууларды жаратты. Айрымдар онкологдорго карата сын-пикирлерди жаадырышса, кээлери өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында медициналык жабдыктардын жетишсиздигин айтууда. Медицина тармагы боюнча эксперт Акчач Жолдошеванын айтымында, бейтапка диагноз коюу абдан тартыш маселелердин бири:

Эмчек рагынын айынан Кыргызстанда жылына эки жүз элүүдөн ашык аял көз жумат. Улуттук онкология борбору бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатканын айтууда

“Бизде алиге чейин технологиялык жабдуулардын аздыгы, тартыштыгы ушундай маселерге себеп болуп келүүдө. Дарыгерлер “оорулуулардын көбүн дарылагам, бул да ушундай” деп өз алдынча жыйынтык чыгарат, шашат. Аларга кайрылган бейтаптар болсо оорусунан кутулуу үчүн кээде өзү эмнеге макул болгонун билбей калышат”, – деди Жолдошева.

Статистикалык маалыматтарга карата, улуттук онкология борборуна жылына алты жүздөн ашуун айым кайрылып, анын дээрлик 42 пайызы көкүрөк рагынын жогорку стадияларындагы оорулуулар. Анын басымдуу бөлүгүн 40-49 жаш аралыгындагы аялдар түзөт. Ал эми аталган оорунун айынан Кыргызстанда жылына эки жүз элүүдөн ашык аял көз жумат. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатканын айтат улуттук онкология борбору. Адистер аялдарда көкүрөк оорусу тууралуу эч кандай күмөн жаралбаса да, жыл сайын бир жолу дарыгерлер тарбынан текшерүүдөн өтүп туурусун эскертип келе жатышат.

ББС кыргыз кызматы

Айбат гезити №91



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru