Айбат » Кыргыз Павороттиси

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Кыргыз Павороттиси

Керим Турапов2Баарлашууга татыктуу адам менен сүйлөшпөй коюу-демек адамды жоготкондук. Баарлашууга татыксыз адам менен сүйлөшүү сөздү жоготкондук. “ Акылдуу адам гана сөздү да адамды да жоготпойт” деген накыл кеп бар. Бул талант менен баарлашуу  мен үчүн сыймык. Анткени, Кыргызстандагы опералык искусствонун кулач жайып таралышына бул инсандын салымы зор. Керим мырзанын үнүнүн тембри лирикалык тенор, үндүн боёгу Европанын үлгүсүнө ылайык. Ал кандай гана чыгарма болбосун, кайсы образды аткарбасын көрүүчүлөрдүн эс-тутумуна кыт куйгандай калаары бышык.

 

Керим ТураповКадыр-барк кетпес дөөлөт көрүнбөгөн бийлик

«Музыка-жападан жалгыз дүйнө тили, ага сүйлөөнүн кажети жок, жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деп Авербах Бартольд айткан экен. Анын сыңарындай жакшы обонду котормосуз эле түшүнсө болот. Бүгүнкү  каармандын  созолонгон  сыйкыр үнү,  эшиткен адамдын жан-дүйнөсүн жара тээп, жүрөктүн элегинен өтүп, ошол кооздук тартуулаган үндүн эгедери залкар ырчыга айланаары бышык.

Опера ырчысы,  обончу-композиторлордун  ой-максатын, айта турган тилегин аңдап, обондун кулк-мүнөзүн, темпин, ритмин, ньюанстарын, гармониясын түшүнүп аткара алат. Бирок, маселе башкада. Бардык эле опера ырчылар мындай аткаруучулукка ээ боло беришпейт алар сейрек кездешет. Керим мырза ошол сейректердин бири.

КРнын эл акыны  Надырбек Алымбековдун «Айылга кат» аттуу ырына Керим мырза обон жараткан. Обончулар акындар менен тыгыз байланышта болсо алардын ыры да жемиштүү  болот.  Экөө бири-бирин толуктап турат. «Айылга кат» ыры кудум биздин замандаштарды сүрөттөп койгон. Алыста жүргөн мигранттар, бул ырды укканда туулган жерге болгон кусалыгы, үйүнө болгон сагынычы таамай чагылдырылган. Мына акындын бийиктиги, мына обончунун улуулугу ушунда жатат.

«Атагым чыкканын каалайм, бирок ал баламдын  бешигине, анан атамдын көрүнө жарык берип турса болду» деген экен бир аалым.  Кандай  болгон  күндө  да, адам баласы бул жарыкчылыкка келген соң атын түбөлүк калтырууга белсенет экен. Албетте, негизи бул жалган дүйнөгө  келген вазыйпасы ушунда көрүнөт бейм, атыңды артында мурас кылып калтыруу. Жашоонун философиясы ак жана карадан тураары бышык. Ар бир адам атактуу болгусу келет. «Атың чыкпаса жер өрттө» деген макал  ушундан калган. Тээ илгертен бери тилекке каршы аттары түбөлүк сакталган  уникалдуу  инсандардын арасында  канкорлор  да жок эмес.  Ошол традиция  муундан-муунга өтүүдө. Чет элдиктерден грант алып, ар кандай фонддорду негизсиз сотко берип, пара алганды  көндүм  адатка  айланткан  шумпайлар  гезит беттерин, телеканалдардын программаларын сатып алып, дембе-дем чыгып,  өзүн мактатат.  Бирок,  жасалма  атак-даңк түбөлүктүү эмес, убактылуу гана нерсе.  Ал эми чыныгы атак-даңк бул сый-урмат, кадыр-барк, кетпес дөөлөт, көзгө көрүнбөгөн бийлик. Керим Турапов ким? Керим Турапов  КРнын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты жана көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Атак-даңктын да оң жана терс жактары болот. «Даңкка жараша жүк» көтөрүүгө туура келет. Бирок, бүгүнкү күндө маселе турат. Дегеним, арабызда ошол атактуу адамдын атын пайдаланып, өзүн пиар кылган шылуундар да жок эмес.  Керим мырза андай адамдарга кадыр-баркын түшүрбөй, чыгармачыл дараметин жоготпой. Тескерисинче мурункусунан да күчтүү, алда канча курч болуп келүүдө. Кыргыздын Павороттиси аталган Керим мырзага кааларыбыз, Жаратканым ыроологон үнүн өчүрбөй элдин, күйөрман-угармандардын сый-урматына татып жүрө берсин демекчибиз.

Самара Саламатова

Айбат гезити №91




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru