Айбат » Света Артыкбаева: “Азыр дарыгерлердин эмгек маяналары бир азда болсо көтөрүлүп калды, ыраазыбыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Маек » Света Артыкбаева: “Азыр дарыгерлердин эмгек маяналары бир азда болсо көтөрүлүп калды, ыраазыбыз”

Света АртыкбаеваАнда бейтаптарга массаж, мануалдык терапия (сөөктөрдү чоюу), дарылоочу дене тарбия жана терапевттик топтогуларды жана операцияга чейинки оорулууларды реабилитациялайт. Ошондой эле медициналык аппараттар менен физиодарылоо жана башка аракеттер көрүлөт.

Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун физиодарылоо бөлүмүндө бейтаптардын ден-соолуктарын чыңдоо максатында денеге атайын физиодарылоо жана массаж алуу кезек күтүү менен башталат. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн эмчи айымы Света Артыкбаеваны кепке тарттык.

Бизге ар тараптуу оорулуулар келет, биз көпчүлүк дарыгерлер менен биргеликте иштейбиз. Дарыгерлер ар бир оорунун анализин аныктап анан ага карата массаж алуусу же физиодарылоосу биз аркылуу жүргүзүлөт.

Света Артыкбаева 2- Света Мусаевна бул физиодарылоо тармагында канча жыл кызмат кылдыңыз?

– Мен медицина тармагында иштегениме 29 жыл болду, башынан эле ушул физиодарылоо тармагын өздөштүрүп ушул жаатында кызмат кылып келем.

- Күнүнө канча бейтап кайрылып, физиодарылоо же массаж алат?

– Азыр ушул күндө 20-25 кардар келип кайрылышат, өзүбүздүн ай сайын берилген норма менен иштейбиз. Ай сайын отчётко келгенде өзүбүзгө берилген нормадан да ашык бейтаптарды кабыл алган болобуз. Учурда кабинеттин тартыштыгынан улам массаж менен физиодарылоо кабинети бир бөлмөдө орун алууда.

Света Артыкбаева 3- Келген бейтаптардын жаш курактары канчада?

– Азыр оорунун баары жаш кубалап калды, оорунун баары жашарды. Азыр бир айлык балдардан бери келет, бала кезинде буту чыгып кеткендер ай сайын 10 күндөн келип күнүнө физиодарылоо жана массаж алышат. Ошол курактан 10 жашка чейинки, мектеп курактагылар менен 70 жашка чейинки андан ашкан дагы жаш курактагы кардарлар келип кайрылышат. Мунун ичинде эле айрым оорулары курч бейтаптарды кабыл албайбыз, себеби бизде ага каршы дарыгерлердин сунушу бар.

- Кандай аппараттарды колдоносуздар, медициналык аппараттар барбы?

– Биздин физиодарылоо бөлүмүндө аппараттар жетиштүү. Учурда буту колунан авария болгондо, көздөрүнүн начарлап жатышынан улам. Арка моюн, омурткалардын терс турулуштарын иретке келтире турган жана сергек кыла турган атайын УВЧ аппараты бар (ультравысокочастотный аппарат) дагы башка көптөгөн аппараттарыбыз бар. Бирок анын бардыгы эски, азыркы заманбап жабдыктардан арттабыз. Бирок эски болсо дагы күчүн жоготпой жардамын берип иштеп келишет. Бул аппараттар айрыкча тиш ооруда, кулак ооруларда, гайморите колдонулат. Андан сырткары Поток-1 аппаратыбыз бар, ошондой эле кол менен денеге массаж жасалат. Жаңы жабдыктарды күтүүгө жана аларды көрүүгө көздөрүбүз төрт.

Света Артыкбаева 4- Айрым бейтаптарга карата социалдык жеңилдиктер орун алганбы?

– Бизге КРнын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тарифтин негизинде кардардан акы алабыз. Бирок 5 жашка чейинки балдар бекер, 5 жаштар жогору жарым баасын төлөшөт, ал эми пенсионерлерге 70 жашка чейинкилер жарым баасын бөлөшсө, 70 жаштан ашкандары бекер дарыланышат.

- Элдин ден-соолугу үчүн иштеген, дарыгерлердин эмгек акылары кандай?

– Азыр дарыгерлердин эмгек маяналары бир азда болсо көтөрүлүп калды, ыраазыбыз. Бирок ажал менен арбашкан жумуш болгондон кийин, элдин ден-соолугу үчүн иштеп атканыбыздан эмгек акыны мындан да жогорулатса жакшы болчудай. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек акылары аз. Мурун мындан да аз айлык менен иштечүбүз, азыр кудайга шүгүр.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

– 3 балам бар, экөө окуу жайды бүтүп Москвада иштеп жатышса, бир балам Бишкек шаарында окуп, кызмат кылат.

- Сиз менен дагы канча кызматкер иштейт?

– Учурда Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун физиодарылоо бөлүмүндө 3 кызматкер эмгектенишет, алар Абдраманова Нуржан Абдыкалыевна, Осмонов Касым Абылкасымовичтер анан мен.

Биздин каарман иштеген иштериндеги жетишкен ийгиликтери үчүн көптөгөн сыйлоо баракчаларынын ээси. Жакында эле облустук бийликтин ардак грамотасын колго алган. Коомдук иштерге активдүү катышып, медицина тармагында эң зор иштерди кылып, элге кызмат өтөп келет. Андыктан эмне демекчибиз ак халатыңыз эч качан үстүңүздөн түшпөй, ооруканада бейтаптарды дарылап алардын ден-соолуктарына кам көрө беришиңизге тилектешпиз. Биз менен маек курганыңызга рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Мирбек Асаналиев

Айбат гезити №91



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru