Айбат » Майда бирок пайдалуу кеңештер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Майда бирок пайдалуу кеңештер

камыр• Эгер сиз “момент” клейди колуңузга төгүп алсаңыз, аны кетириш үчүн маргарин аябай ыңгайлуу. Ал үчүн, ошол жерге маргаринди сыйпап, бир аз күтүп коюуу керек. Анан тез эле жок болот

• Эгер сиз, квартираңызда жагымдуу жыт болуп туруусун кааласаңыз, анда бир нече мүнөт сууда лимондун кабыгын кайнатыңыз.

• Крандын тегерегиндеги датты кетирүү үчүн, жылуу уксус менен сүртүү керек

• Кухнияда колдонуучу кол арчуулар таптаза болуп жуулуусун кааласаңыз, аларды кечинде сууга чылап коюу керек.

• Сүттү бышырууда ашып кетпеши үчүн, кастрюлянын ичин май менен майлап коюу керек.

• Жашылчаларды бышыруу үчүн, кайнап жаткан сууга гана салуу керек.

• Ал эми кызылчанын тез бышуусун кааласаңыз, аны 20 мүнөт кайнатып, андан соң суусун төгүп, кайра муздак суу куюп, кайнатуу керек.

• Жаңы жетилген картөшкөнүн кабыгын тез жана ыңгайлуу аарчуу үчүн, аны туздуу сууга бир аз коюп коюу керек.

• Картөшкөнү кууруганда тузду аягында кошуу керек.

• Ал эми картөшкөнү кайнатканда эзилип калбашы үчүн, туздуу сууда жана бир аз тамчы уксус кошуп коюу керек.

• Кызылчаны кайнатканда өңүн жоготуп албашы үчүн, сууга сахар жана алма уксусун кошуп коюу керек.

• Камыр ысык сууга жуурулса, катуу болуп калат.

• Сүттү тырмакка тамызса, эгер ал жаңы болсо, тырмакка шарча болуп токтоп калат. Эгер эски болсо, токтобой агып кетет.

• Жыгачтан жасалган буюмдарга акиташ салып койсо, кумурска кирбейт.

• Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп курчутса, жакшы курчуйт.

Айбат гезити №91



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru