Айбат » Кыргыз кол өнөрчүлүгү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кыргыз кол өнөрчүлүгү

АБАЙЫ

Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы  менен жабуулап» («Семетей»), Бул — кийинчерээк көбүнчө кыз-келиндердин  токулгасына салынуучу кооз ат жабуу. Уздар анын жердигин эндей таардан,  кездемеден тандап, ага, «Илме дос», «басма сайма» аркылуу түр жиптерден көркөм  көчөттөрдү табакча-табакча кылып, ат соорусунан даана көрүнгөндөй беришкен.

 

ОрдоАБАЛАК

«Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып,  төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот).  Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер  кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко  кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз  чуңкурча, кайкыраак болушу үчүн ага шынаа сымалданган жыгач коюп, тегиз эки  жыгачтын ортосуна кыпчытып, кайыш же зым менен таңып, оор ташты үстүнө бастырат. Бир топ күндөн кийин калыбын сактаган мүйүздүн чеке-белдерин аралап,  өгөөлөп, жонуп, абалак түспөлүн берет. Эптүү болушка анын баш бармак, сөөмөй,  ортон кармай турган эки чети араа, бычак аркылуу каршы-терши «торчолонот». Абалактын көлөмү ар кандай болот. Ал эми кулжанын мүйүзү өтө эле катуу  келгендиктен абалак жасоо кыйын. Ошондой эле абалактын бир жагы жазы, экинчи  тарабы кууш келип калат. Буга беш карыштан жогору болгон текенин мүйүзүн  тандоо керек. Картаң текелердин мүйүзү тогуз карышка дейре жетет. Абалак үчүн  мына ошолор табылгыс жердик болот. Мында мүйүздүн жарымы туюк келип,  жарымынын ичинде өзөгү же көңдөйүрөөк көрүнөт. Так ошондой алты карыш  мүйүздүн үч карышы, сегиз карыштын төрт карышы калың келет. Абалактын үч түрү бар: Топ бузаар (ураттаар) абалак — бул чоң абалак. Шадылуу  адамдардын колдоруна токтомдуу келет да, узуну бир нукумдан бир элидей  ашыгыраак болуп (шадылуу колдуу адамдардын өлчөмү менен) туурасы төрт жарым  элиге чейин жетет. Бул абалак томпойдон эки эсе оор көрүнөт да, калыңдыгы бир  жарым элидей болот. Орто абалак-чүкөнү чертет. Жемек — кадоочу, тооручак — тооручу абалак.  Мунун узуну нукум, туурасы төрт элидей келип, калыңдыгы элиден азыраак ашат.  Текенин мүйүзү араа аркылуу кесилет да, керки менен тегизделип, бодур жерлери  кайрак таштарга сүртүлө, өгөөлөнүп жылманалат. Абалактын жерге тийүүчү тарабы  саал кайкыраак келет. Ансыз анын кырлары жерге тийип, абалак жакшы жүрбөй  калат. Абалак үстү көбүнчө тегиз келип, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал.  Абалак кичине болсо чеберлер үшкүлөп, ага коргошундан кыт куюшат. Өтө оор  абалак чүкөнү сындырат. Топ бузуучу, топ атуучу адамдарды «ордо оюнунда» «ураткан» деп да аташат.  Мыкты абалактар «козулук абалак», «койлук абалак», «улактык абалак» деп  айтылат.

 

АБДЫРЫНА

Төшөктүн аяк-башына жазданууга атайын ылайыктала жасалган  жыгач буюм. Бул кыргыздар отурукташуудан кийин көбүрөөк колдонула баштап,  жыгаччылар муну сыйдалап кармап, кооз буюм катарында урунууга  аракеттенишкен. Көчмөңдүү жана жоокерчилик турмушта төшөктүн аягы жапыс көрүнсө, ээр анын үстүнө желдик же тердик, кийиз өңдүүлөрдү коюшкан.  Улуулардын айтымдарында, ат үстүндөгүлөрдүн кан тамырлары жүгүрүп, буттун эс  алышына шарт түзөт.

 

АДЫРГЫ

Өрмөк согууда колдонуучу жыгач курал. Узундугу 40—45 см,  жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы — 3—5 см, баш-аягы, эки кыры бирдей  жукартылып, тактайдан жасалат. Адыргынын эки учунда көзөнөгү болот. Мындан  кудум жүн сабоодой эки таякчанын ичке жагы өткөрүлүп, нукумдай жоон башына  такалат. Күзүктүн жардамы менен адыргы аркылуу өрмөктөгү эриштин үстүнө астыңкы жиптерин, үстүңкү жиптерин астына алмак-телмек өткөрүп турат. Мунун  ар бир өтүшүндө аркакты эриштердин арасына кысып калтырат. Адыргынын жердиги талдан да, теректен да, карагайдан да, арчадан да жасалат.  Ал кыйылып келинери менен чеберлер аны кадимки тактайдан жонуп, көлөкө жайда  кургатылып, кем карчы бычак аркылуу тегизделет. Адыргыны аракетке келтирүүчү жүн сабоодой эки таякча ыргайдан да, талдан да, табылгыдан да болот.

Амантур Акматалиев

Айбат гезити №91



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru