Айбат » “Кумтөрдөн” түшкөн салыкты Ысык-Көл облусуна жумшоону сунушташты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Кумтөрдөн” түшкөн салыкты Ысык-Көл облусуна жумшоону сунушташты

кумтор

Бүгүн, 12- июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Республика” фракциясынан депутат Максат Сабиров “Кумтор оперейтинг компани” ишканасынан түшкөн салыктарды Ысык-Көл облусу үчүн жумшоону сунуштады.

Эскерте кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө мыйзамдардын долбоорун карап жаткан учурда, салыктан түшкөн каражаттын 35 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу маселеси боюнча карама-каршы пикирлер жаралды.

Сабировдун айтымында, “Кумтор оперейтинг компани” ишканасы Ысык-Көл аймагында иш алып барып жаткандыктан, салык облустун бюджетине түшүүсү керек.

“Келгиле кайрадан каттоо жүргүзөлү. Компания Бишкекте эмес, Ысык-Көлдө катталсын. Бишкектин мэри, учурда шаарда чогултулуп жаткан салыктардын 19 пайызы жергиликтүү бюджетте калат деп жатат. А эмнеге бул көрсөткүчтү 30-35 пайызга көтөрсөк болбосун? Албетте, борборду өнүктүрүү керек, бирок ошол эле учурда аймактарды дагы эстен чыгарбоо шарт”, – деди депутат.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225598




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru