Айбат » Өзбекстан газдын ордуна кыргыз жерлерин талап кылууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат, Энергетика » Өзбекстан газдын ордуна кыргыз жерлерин талап кылууда

Газопровод

Кыргыз бийлигинин ири энергетикалык долбоорлорду баштап, нагыз энергетикалык көзкарандысыздыкка жетүү аракети айрым кошуналарыбыздын куйкасын куруштурууда. “Ала кушту” атынан атаганда, Өзбекстан бизге ачыктан ачык тоскоолдук жаратууга киришти. Быйыл апрелдин орто ченинде эч себепсиз көгүлтүр отунду бууп салса, эми газ көйгөйүн чечүү үчүн аткарылгыс талаптарды кое баштады.

Расмий Ташкент газ агымын ачуу үчүн Сох анклавына коридор ачуу талабын койгону маалым. Албетте, расмий Бишкек буга дароо жооп кайтарып, талап аткарылбай тургандыгын эскерткен. Эми өзбек бийлиги жаңы талап койгонун Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев “Манас-Ата” аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан жаратылыш газын калыбына келтирүү үчүн  Кыргызстандын аймагындагы бир нече жерлерди берүүнү, аны менен бирге, Сох анклавына коридор ачууну талап кылып жатыптыр. «Өзбекстан «Камбар-Ата» ГЭСинин курулуусуна каршы болуп жатат. Экинчи маселе, бүгүнкү күнгө чейин тактала элек, талаш аймактарды толугу менен Өзбекстанга өткөрүп бересиңер деп жатат. Сох анклавына коридор ачып, ал эми Баракты бизге бересиңер деп жатат. Эмне жерибизди сатып, газ алалыбы? Убактылуу кыйналабыз. Эгемендүүлүктүн күчүн көрсөтөлү. Бизге жердин кереги жок десеңер, чек арадагы тактала элек жерлерди сатып, газ ал десеңер газ берилет. Жерди, элди сатып газ алуунун кереги жок» дейт Ош мэри.

Өзбекстан канчалык кысым көрсөтпөсүн, кыргыз бийлиги энергетикалык долбоорлор уланаарын, ал эми газ көйгөйүн чечүүнүн альтернативалык жолу табылганын жарыялаган. Натыйжада Ош шаарында жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу 5000ден ашуун муктаж үй-бүлө акысыз түрдө суюлтулган газды колдонуу үчүн газ плиталары менен камсыз болуп, бул жаатта тиешелүү өлчөмдө каражат бөлүнгөнү маалым. Ушунун өзү азыркы бийликтин өлкөнүн бүтүндүгүн, көзкарандысыздыгын сактоо үчүн тобокелчилик кадамдарга баруудан да кайра тартпастыгын ырастайт.

Эркин эксперттердин пикиринде, Өзбекстандын мындай мамилеси ири державалардын оюнуна байланыштуу. Атап айтканда, АКШ базасын чыгарып койгонунан улам расмий Бишкекке нааразы болуп, анын эсесин расмий Ташкент аркылуу чыгарууда. Бирок, “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген жакшы макал бар. Ашыналарыбыз ушул макалды эсинен чыгарбаса дейбиз…

Айбат гезити №92




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru