Айбат » Игорь Горбенко: “Жогорку-Нарын ГЭС каскадында жер бөлүнөөрү менен чоң курулуш башталат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Энергетика » Игорь Горбенко: “Жогорку-Нарын ГЭС каскадында жер бөлүнөөрү менен чоң курулуш башталат”

Игорь Горбенко“Жогорку-Нарын ГЭС” жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Игорь Горбенко долбоордун жүрүшү боюнча маек курду.

- Игорь Петрович, бүгүн коомдо Кыргызстандын Бажы союзуна кириши башкы тема болууда. Бул демилгенин каршылаштары да, жактагандар да бар. Сиздер бул интеграциянын конкреттүү мисалы катары биздин өлкөдө ушундай чоң долбоорду ишке ашырып жаткан “РусГидро” компаниясынын өкүлүсүз. ГЭСтин курулуш жүрүшү боюнча айтып берсеңиз.

– Чындыгында эле, Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу Россия менен Кыргызстандын ортосундагы келечектеги экономикалык гана эмес, кеңири кызматташууунун анык көрсөткүчү. ГЭС каскадынын Нарын дарыясындагы курулушун россиялык “РусГидро” компаниясы жүргүзгөн жок. Долбоордун оператору биздин мамлекеттер ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрындагы өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде түзүлгөн “Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары” жабык акционердик коому. «РусГидро» ААКы Россияны, «Электр станциялары» ААКы Кыргызстанды паритеттик негизде көрсөтөт. Ошондуктан «РусГидро» же Россия куруп жатат деп айтуу туура эмес. Бүгүн курулушта 14 подрядчик уюмдары иштеп атат, алардын ичинен бирөө гана россиялык – бул каскаддын негизги гидротүйүндөрүндө долбоордук-иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан «Ленгидропроект» ААКы.

-  Негизинен, каскаддын курулушун Бажы союзунун алкагындагы келечектеги мамилелердин бир үлгүсү деп эсептесе болобу?

– Албетте. Мисалы, кез-кезде ММКларда пайда болгон терс маанайдагы маалымат же өздөрү тема таппай ойлоп табышат, же Россия менен интеграция болууга каршы күчтөрдүн заказы менен чыгат. Долбоордун экономикалык пайдасы айдан ачык көрүнүп турса да, аны каралаганан “аналитиктер” дайым табылат. Мисалы, вице-премьер-министр Валерий Дилдин долбоордун кыргыз тарабында айрым кечеңдетүү бар деп айтуусу дароо тараптар ортосунда келишпестиктер менен түшүндүрүлүп жазылып кетти. Так кесе айта алам – биздин КР өкмөтү менен болгон байланыштарыбыз ишкердик жана конструктивдүү. Болгон маселелерди бирге чечип атабыз.

-  Вице-премьердин айтканынан кийин суроо туулат – энергообъектилерге жер бөлүнүп берилбегендиктен, курулуш иштери канча убакка созулуп калышы ыктымал?

– Валерий Диль жер бөлүнбөйт деген эмес, ал процесс кечеңдеп жатат деген. Курулуш иштери да создуктурулат деген сөз жок. Биз графикти карманып келатабыз, бирок жерди бөлүп, мыйзамдуу каттоо процессин тездетүү керек, бул жактан мен вице-премьер менен макулмун.

-  Булар эмне болгон жерлер, качан бөлүнүшү керек эле, аянты канча?

– Алгачкы маселе – Ак-Булуң жана Нарын ГЭС-1дин негизги гидротүйүндөрүнө 312,4 га жерди бөлүштүрүү (мыйзамдуу каттоо). Токтом өкмөттө турат, биз ага кол коюлат деп кийинки жумада күтүп атабыз. Дагы гидротүйүндөр, суу сактагычтар, деривациондук каналдар, станцияларга да жер бөлүштүрүлүш керек, бирок бул кийинки баскычтын жумушу.

-  КР өкмөтүнүн позициясы кандай? Бул маселенин кечеңдетиши эмне менен түшүндүрүлүүдө?

–  Өкмөттүн позициясын министрлер кабинетинин өзүнөн сураш керек го. Мен түшүнгөндөй, мындай кечеңдетүүнүн объективдүү себептери бар. Кыргыз тарап аны жакшы түшүнүп, жер бөлүштүрүүгө бардык чараларын көрүүдө. Ушул тууралуу Диль өткөндө айтып жаткан.

- Дагы кандай маанилүү нерселерди белгилеп кетесиз?

–  ММКлар айтпаган дагы бир маанилүү фактыны айткым келип турат. Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулуш долбоору параллелдүү долбоорлоо жана куруунун ыкмасы менен ишке ашууда. Долбоордун бекитилген ТЭОсунда биринчи кезектеги объектилердеги жумуштар 2014-жылдын 1-январында башталышы керек эле. Биз жумушту 2013-жылдын 13-июнда баштадык десек болот. ГЭСтин негизги курулуштары боюнча да жумуштун башталышы 2015-жылдын 1-январында деп каралган, биз болсо гидротүйүндөрдөгү жумуштарды быйылкы жылдын сентябрь-октябрында баштайлы деп атабыз.

Биз Нарын облусунун да, өлкөнүн да тилектерин түшүнүп турабыз, бирок иш документациясы даяр болмоюнча бизге Кыргызстандагы тигил же бул объектини курууга эч ким уруксат бербейт. Белгилүү бир эрежелер бар, аларды сакташ керек. Курулушта иштегиси келгендер чыдап турушу керек. Курулуштун кеңири башталышына аз калды…

Айбат гезити №92



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru