Айбат » Бакиевдин ордун Эркебаев бастыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевдин ордун Эркебаев бастыбы?

Абдыганы ЭркебаевЖогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин тейит уруусунун башчылыгына шайланышы коомчулукта ача пикир жаратты. Көпчүлүгү: “Ушундай илимпоз, мамлекеттик ишмердин уруучулдукту колдоп, керек болсо анын башчылыгына макул болгону туура эмес” деген пикирин билдиришүүдө. Ошол эле маалда буга байланыштуу кызык версия жаралды. Элдин жонунан кайыш тилип, үй-бүлөлүк башкаруунун классикалык үлгүсүн даңазалаган, 2010-жылдын 7-апрелинде өз элине ок атып, кырчындай мекендештерибиздин жанын кыйып, өмүр бою майып кылган канкор президент Курманбек Бакиев да тейит уруусунан болчу. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, төрт жылдан бери унчукпай жаткан тейитчилер эми козголуп, лидерликке А.Эркебаевди шайлап жатышканы эмнеден кабар берет? “Төбөлүбүз, тоюс, Бакиевдей башчыбыз жок жүрбөйлү” дегендериби? Муну Абдыганы мырза билээр бекен? Же байкоостон макулдук берип алдыбы? Анда балким ойлонуп, тейит уруусунун төрагалыгынан баш тартып: “Туугандар, сыйыңарга рахмат, мен байкабай макул болуп алыптырмын. Негизи уруучулдукка бөлүнгөн туура эмес” деген аксакалдык кебин айтаар?

Баса, А.Эркебаев интернет-сайттардын бирине курган маегинде апрель окуясына байланыштуу соттолгон К.Бакиевдин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди коргоп, сот ага карата туура эмес чечим чыгарганын билдириптир. Соттун чечимин туура же туура эмес деп баа берүүгө эч кимдин укугу жоктугун Эркебаев сопсонун билсе керек. Ошого карабастан Э.Сатыбалдиевге жан тартканы эмнеси? Кайсы жагынан алып карабайлы, Абдыганы мырзанын соңку кадамдары бүдөмүк ойлорду жаратууда…

Айбат гезити №92




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru