Айбат » Шайлообек Дүйшеев: “Мамлекеттүүлүктү бекемдейли, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калбайлы!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Шайлообек Дүйшеев: “Мамлекеттүүлүктү бекемдейли, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калбайлы!”

Шайлообек ДүйшеевАКИ-press маалымат агенттиги эгемендүүлүктүн 23 жылдыгын утурлай «Менин Кыргызстаным» рубрикасынын алдында видео-очерктерди жарыялоодо. Анда Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар көзкарандысыздыктын, азаттыктын баа-баркы тууралуу ойлорун ортого салышкан. Төмөндө Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин пикирине ортоктош болосуздар.

- Мамлекеттүүлүк деген – оңой нерсе эмес. Бул деген колдон-буттан алып, биз баарыбыз түп көтөрө: «Ой, мамлекеттүүлүктү бекемдейли, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калбайлы» деп ушул идеяга биригип иш кылышыбыз керек болуп турат. Себеп дегенде, ойлосоң, мамлекети жок канчалаган улуттар жүрөт. Тээ кылымдын барактарын аңтарсан далай элдер, сарматтар, печенеттер деген чоң-чоң элдер жок болуп кеткен.

Биз ар бирибиз президент айткан мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекеттүүлүк деген эмне экенинин маанисин терең түшүнүшүбүз керек дагы, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдейли деген идеяга бүгүн кыргыздын бириге турган мезгили келди. Буга чейинки ызы-чуу, жол тосуу, митинг-пикет дегендер токтой турган кез келди. Эл деле тажап бүттү мындайдан. Мамлекетти байытсак, мамлекетибизди түзүп алсак, андан кийин биз бекем болобуз.

Айбат гезити №92



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru