Айбат » Миталип Мамытов: “Биздин кадрларыбыздын деңгээли Европа менен теңелет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Миталип Мамытов: “Биздин кадрларыбыздын деңгээли Европа менен теңелет”

Миталип Мамытов«АКИ-press» маалымат агенттиги эгемендүүлүктүн 23 жылдыгын утурлай «Менин Кыргызстаным» рубрикасынын алдында видео-очерктерин жарыялоодо. Анда Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар көзкарандысыздыктын, азаттыктын баа-баркы тууралуу ойлорун ортого салышкан. Төмөндө медицина илиминин доктору, профессор, III даражадагы «Манас», «Даңк» медалдарынын ээси Миталип Мамытовдун пикирине ортоктош болосуздар.

- Мамлекеттин өсүшү, экономиканын өнүгүшү, мамлекеттин түзүлүшү албетте элибиздин, жарандарыбыздын ден-соолугуна түздөн түз байланыштуу. Ден-соолугу жакшы болсо, элибиздин баары жакшынакай эмгектенет. Интеллигенциябыз жакшынакай иштеп, элди тарбиялайт. Элибиздин ден соолугуна көп нерсе байланыштуу болот деп эсептейм.

Биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонсок, мисалы, жаратылыш, кен байлыктарыбызды колдонгон болсок, биз келечекте жакшы деңгээлге чыгып кетебиз, экономикабыз өсөт. Мисал үчүн, биз кадрлар боюнча жогорку деңгээлдебиз. Өзүмдүн нейрохирургия тармагы боюнча айтып коеюн, биздин кадрларыбыздын деңгээли Казакстан, Өзбекстан менен эмес, Европа менен теңелсек болот. Алар менен биз жарыша алабыз.

Айбат гезити №92



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru