Айбат » Марс Сариев: “Бул Өзбекстандын одоно шантажы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Энергетика » Марс Сариев: “Бул Өзбекстандын одоно шантажы”

Сариев МарсЖаратылыш газын жеткирүүнү аймактык маселе менен байланыштыруу акылга сыйбайт, бул таптакыр бөлөк түс. Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев Ош мэри Айтмамат Кадырбековдун Өзбекстандын Кыргызстанга коюп жаткан талаптарына байланыштуу билдирди.

«Албетте, бул туура эмес, бул шантажга окшош. Бул акылга сыйбай турган талап жана ал газ маселесин талкуулоого тийиштүү эмес. Бул жерде Сох анклавына коридор берүүнүн канчалык тиешеси бар? Талаш аймактар жана газ – сүйлөшүү, талкуулоо үчүн таптакыр бөлөк тема. Менимче, бул такталбаган маалымат же болбосо Өзбекстан тараптан жасалган одоно шантаж» дейт ал. Анын ою боюнча, кыргыз тарап андай кадамга барбайт.

«Мен түшүнөт элем, эгер газ маселесин маанилүү темаларга, мисалы, электр энергиясын жеткирүү же суу берүү, жалпылап айтканда, энергетика маселесине байланыштырышса» дейт М.Сариев. Ал ошондой эле Өзбекстан менен диалогго баруунун жолун кошумчалады. «Бул өтө кыйын, анткени, алар дайыма басым көрсөтүү позициясын тутунушууда. «Газпром» «Кыргызгазды» алды, менимче, Россия чукул арада чара колдонуп, бизге көмөк көрсөтсө болмок. Россияда Өзбекстанга басым көрсөтүүчү рычагдар бар, ал аркылуу Ош облусуна газ берүүгө макулдатса болмок. Суюлтулган газ тууралуу сөз жүрдү, бирок, бул катаал схема. Жалпысынан Өзбекстан менен туңгуюк абалга кептелдик, Өзбекстан Кыргызстан менен конструктивдүү сүйлөшпөй жатат, андыктан кандайдыр бир жолду сунушташ кыйын» дейт саясат таануучу.

Булак: Tazabek

Айбат гезити №92




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru