Айбат » “Өмүрү” бектер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Өмүрү” бектер

Текебаев, Бабанов, Сваналиев, Абдрахманов

Өмүрбек Бабанов

Бала кезинен бийлик, байлык менен келе жаткан каарманыбыз кийинки убактарда  саясатка ичтен эмес сырттан көз кырын салып, келе жаткан шайлоого шымалана киришкени турат. Бабанов баардык бийлик тепкичтерин басып өткөн ишкерчиликтен  өкмөт башчылыкка чейин. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев  менен иштеше билген кыраакы бизнесмен саясатчы. Өмүрбек Текебаев кантип саясатта кармалып келе жатса бул Өмүрбек дагы саясатта тиш каккан «карышкырлардын» бири. Бабановдун азыркы арманы президент эле болуш эле калды. Саясий достукка туруксуз, кыйчалыш кырдаалдан айлакерлик жолу менен гана чыгып кете алган жайлары бар. Анализдик торчого алсак акчасы, медиа тармагы, партиясы аймактык эмес республикалык ж.б., Эсибизде калган иштери болсо шайлоо маалында берген убадалары, хан, ханыша, ханзаадалар менен табакташ болгону .

 

Өмүрбек Суваналиев 

Криминалга  «каттани» каймана аты менен таанымал  Өмүрбек мырза саясатта оома экени шайлоо башталганда эле билинип калат эмеспи. Шайлоонун шайтан оюнунан «менттик» мүнөзү менен алыска чуркай албай калган жайлары бар. Кайберен  менен криминалга «охота» кылганды жакшы көрөт. Кайсы аймактын ички иштеринде иштебесин баардык жеринде арты таза, өз кесибин сүйгөн  кызматкер катары таанышат.

 

Өмүрбек Абдырахманов

Саясатта карт бөрү, антеннасы Американы тарткан айтылуу Абдырахманов  Ата-Мекен партиясынан куулганы, бул бийликти жамандап эле калды. Саясаттагы каймана аты «жото жилик» ушул атты алып жүргөнү эле болбосо кайсы аймакты кыдырып кимдин үнүн укканын эч кимибиз уга элекпиз.

Соцтармакта олтуруп алып ар кимди жамандап, же мактаганы болбосо караламан элдин алдына чыгып так оюн айтып мамлекетти оор кырдаалдан чыгарууга жардам бере албаганы

 

Өмүрбек Текебаев

31 жаш курагында саясатты багындырган, парламенттин бардык чакырылышында эл добушун тапкан, саясатта Өмүрбек Текебаевди ким тааныбайт. Өзгөчө, саясий толкундарда балыктай сүзүп, көрөгөчтүгүн көргөзө алган, кармашкан адамына чап-кенедей жабышкан, көбүнүн үшүн алып, ээсин оодурган, жада калса “караларды” мыйзамга салып сындыра билген. 20 жыл  “Ата-Мекен” партиясын саясаттын деңизине чөктүрбөстөн, шайлоонун бардык түрүн жеңип келгени анын  мыкты саясатчы ”интриган” экенин далилдеп турат. Ал эми, баш мыйзамдын атасы деп койсо көтөрө албай мактана койгону, партиялаштарын басынтып, биз дегенге жарабаган Өмүкенин текеберчилиги  сыяктуу. Бирок саясаттан азыр кете койбойт го баардык жактары төп келип, ити чөп жеп турганда.

Айбат гезити №92




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru