Айбат » Медведевдин сыры – Gremlin…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Медведевдин сыры – Gremlin…

Медведевдин сыры

Анонимдүү “Шалтай-Болтай” тобунун мүчөсү LookAtMe порталына билдиргендей, Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин “Твиттерде” дагы бир аккаунту жана “ВКонтакте” социалдык тармагында жабык аккаунту бар экен. Медведев бул аккаунттарды көбүнчө башкаларды четинен карап, окуш үчүн колдонот.

Хакерлердин айтуусу боюнча Медведевдин жашыруун аккаунту Gremlin деген ысымда жазылган жана ал Михаил Ходорковский, Алексей Навальный, Тина Канделаки, Владимир Жириновский, Гарик “Бульдог” Харламов, Михаил Галустян, Павел Воля жана ушу сыяктуу бир топ атактуу адамдардын “твиттерин” окуп турат экен.

Gremlin деген аккаунт 2010-жылы катталган жана ошондон бери бири-бирине байланышпаган “Привет”, “Вернулся!” жана башка, жалпысынан болгону 5 эле “твит” калтырган.

Микроблог Gremlin Медведевге тиешелүү экенин, хакерлер анын расмий аккаунтун гана ачышканда билишкен. “Биз бардык ишти анын “айфону” аркылуу кылдык, кантип экенин тактабай эле коелу. Мындай ишти кылууга болоору (аккаунтун ачып кирүү) бизди бираз уялтып да жатат – кантсе да бул биздин премьер-министр да” – дейт, аноним.

“Медведевдин аккаунтун хакерлер колго алганын Путин билет: бул тууралуу биздин достор айтты. Сүрөттү эле карасаңар – Путин ачык эле күлүп, аны шылдыңдап атат. Буга чейин Путин биз тууралуу уккан, анткени ага биз тууралуу доклад да кылып турушат” – дейт, “Шалтай-Болтайдын” өкүлү.

Хакерлердин айтуусу боюнча Медведев Росиянын саясий элитасындагы эң таасирлүү фигура эмес. “Ал жогорку постто турат, бирок андан да бир топ таасирлүү фигуралар бар” – дейт, аноним.

Келечекте хакерлер башка саясатчылар тууралуу да маалыматтарды интернет булактарына чыгарып турушат экен.

Мындан тышкары “Шалтай-Болтайдын” хакерлери өкмөттү жактап-мактап жазган же атайын бир оппозициялык адамдарга иштеген интернет-трольдор тууралуу айтышты. “Алар Москвада жана Санк-Петербургда, атайын жасалган кеңселерде отурушат” – деп билдиришти, хакерлер.

Эскерте кетсек өткөн жумада Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин “Твиттердеги” аккаунтун хакерер колго алышып, “мен кызматтан кеттим” деген сыяктуу жазууларды калтырып кетишкен.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №92




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru