Айбат » Акын Мамбеталиев: “Биометрикалык маалымат – өлкөнүн келечеги”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Акын Мамбеталиев: “Биометрикалык маалымат – өлкөнүн келечеги”

Акын МамбеталиевАзыркы тапта биздин өлкөдө калктын мамлекеттик бирдиктүү реестрин түзүү боюнча кызуу иш алып барып жаткан учуру. Калктын биометрикалык маалыматын топтоо өлкөдө 1 сентябрдан башталат. Өнүккөн мамлекеттер мындан канча жыл мурда эле биометрикалык паспортту колдонууга өтүшкөнү бизге маалым.  Негизинен калктын бирдиктүү мамлекеттик базасын түзүү жана келечекте биометрикалык паспорттун бизге канчалык деңгээлде пайдасы бар экенин жана анын өлкөбүздө иш жүзүнө ашыруудагы иш аракеттери тууралуу кененирээк маалыматты алыш үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишкананын мүдүрүнүн орун басары Акын Мамбеталиевди кепке тарттык.

- Биометрикалык паспорт деген эмне жана аны кантип алууга болот ? Азыркы күндө биометрикалык паспортту алууга кыргыз жарандары милдеттүүбү?

– Азыркы күндө  биометрикалык паспорт жөнүндө сөз кылыш эрте. Биометрикалык паспортту  жаран өз каалоосу менен чет өлкөгө  иш  сапарга, окууга кете турган  болсо гана  алышат.

Алгач биз калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин  түзүү  боюнча иш алып барабыз. Калктын биометрикалык маалыматын топтоо боюнча улуттук компания ушул жылдын 27 августунан баштап, 1 июль 2015 жылга чейин уланат.

Биометрикалык маалыматта  жарандардын оң манжасынын изи, бет түзүлүшүнүн сүрөтү, өзүнүн электрондук колу болот. Биометрикалык маалымат бул элди каттоо сыяктуу эле, биз элди каттоо сыяктуу десек калың журтка жеңил түшүндүрүлөт.  Коңшу мамлекеттер расмий түрдө кат жазып жатат, “2016-жылдан баштап биометрикалык паспорту жок жарандар бизге кире албай калат” деп. Ушундай мазмундагы кат Сауд Аравиясынан 2016-жылдан баштап ажылык сапарга биометрикалык паспорт менен кана кире алат деген билдирүү болгон. Ошондуктан биометрикалык  паспортту чет өлкөгө чыккан жарандарыбыз гана алышат, ал эми бардык жарандар  биометрикалык паспорту алууга милдеттүү эмес.  Бизге азыр биринчи этап – биометрикалык маалыматтарды чогултуп , келе жаткан шайлоону  таза өткөргөнгө шарт түзүү.

- Бул иш чара качан башталат?

– Бул иш чарага  27-августта расмий түрдө старт алат. Биометрикалык маалыматтарды берүүнү биринчилерден болуп 27 августта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин спикери, депутаттары, өкмөт мүчөлөрү тапшырмакчы.

Тендер уткан компания  аймактык өкүлдөргө жана башка мамлекеттик бөлүмдөргө маалыматты топтоо боюнча окуучуларды өткөрөт. Өз кезегинде,  биринчи этапта маалыматты топтоо боюнча окууну өткөн топ, жер-жерлерде окууларды өткөрөт. Маалыматтарды топтоо жогорку окуу жайларда, чек ара көзөмөлдөөсүнүн ири пункттарына, аэропорт, темир жол вокзалы, ири соода түйүндөрүнүн аймактарына, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык жана медициналык мекемелерге, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан элчиликтеринде жана консулдук кызматтарында өтөт.

-Бул маалыматты топтоо качан аяктайт?

– Калктын биометрикалык маалыматын топтоо 27-август 2014-жылдан 1-август 2015-жылга чейин, же башкача айтканда 11 ай бою тынымсыз жүрөт. Биз он бир айдын ичинде маалыматты топтоп бүтүрүшүбүз керек.  Биздин жарандар өздөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Жогорку Кеңеш каникулга кетээр алдында “Жарандардын биометрикалык каттоосу” жөнүндөгү Мыйзамды  30-июнь 2014-жылы кабыл алган. Бул мыйзамга ылайык, Кыргызстандын ар бир жараны биометрикалык маалыматты берүүгө милдеттүү..

Кээ бир басылмаларда  туура эмес маалыматтар кетип жатыптыр. Ошол газеталардын биринде берилген маалыматтан бир үзүндүсүн айта кетейин. “биометрикалык паспортко маалыматты бергенде 1994-жылкы паспортторду берип жаңы «id card” паспортко алмаштырышы керек” деп. Андай болбойт, жаранды тастыктоочу паспортту  мөөнөтү бүткүчөктү колдоно берет.

- Биометрикалык паспорттун азыркы паспорттон эмне айырмасы бар?

– Биометрикалык паспорттун айырмачылыгы ошол паспортто кичинекей чип орнотулат, ал чиптин ичинде жаран тууралу маалыматтар сакталат. Чиптин ичиндеги маалымат  тиешелүү жерге орнотулган гана аппаратта окулат. Мисалы, сиз чет өлкөгө чыгып жатсаңыз, аэропортто сиздин өздүгүңүздү  тастыктайт. Биометрикалык паспортко өтүү, бул экинчи этап болуп саналат, бул иш 2016-жылы башталат. Азыркы максатыбыз маалыматтарды топтоо болуп саналат.

- КБМР (Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри) деген эмне?

– Бул Кыргыз Республикасынын  КАЛКЫНЫН ПЕРСОНАЛДЫК МААЛЫМАТТАРЫН БИРДИКТҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЭСЕПКЕ АЛУУ системасын түзүү боюнча улуттук масштабдагы долбоор.

“КБМР” жеке адамдар тууралуу маалыматтарды жыйноого, топтоого жана актуалдаштырууга арналган.

“КБМР” алардын жардамы менен мамлекеттик ведомство аралык маалыматтык өз ара аракеттенишүүнү жөнөкөйлөтүүгө боло турган колдо бар калктын маалыматтар базаларын бириктирет. Ошондой эле ал калкты электрондук эсепке алууга жана каттоого өтүүгө алып келет.

Андан тышкары, “КБМР” мамлекеттик башкаруунун, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун сапатын жакшыртат, коррупциялык көрүнүштөрдү жана документтерди жасалмалоону кыскартат жана алдын алат. Шайлоолорду өткөрүү учурунда шайлоочунун укугун коргоону камсыз кылат, ошондой эле ал шайлоочулардын так тизмесин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“КБМР” – бул улуттук коопсуздукту жана КР калкынын персоналдык маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоонун жаңы ыкмасы.

Бул этапка өнүккөн өлкөлөр 15-20 жыл мурун эле ушул системага киришкен, биз ушул системага эми гана кирип жатабыз. Биз мурун элди каттоодо кагаз түрүндө жүргүзсөк эми  электрондук вариантын жасап жатабыз. Биз дүйнө жүзүнөн изоляцияда калбаш үчүн ушул кадамдарга барышыбыз керек болуп жатат. Себеби, биздин кошуналарыбыз Казакстан, Өзбекстан биометрикалык паспортко мурун эле өтүшкөн. Биз азыр ал системага өтө элекпиз. Биз биринчи калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүп алып, өлкөбүздүн ичинде канча ишке жарамдуу адамдар бар, канча шайлоочу бар  ж.б. такталат.  Сөздүн ачыгы өлкө башчысы 2015-жылда боло турган шайлоо таза өтүшү керек деген тапшырма койгон. Биз ошого да даярдык көрүп жатабыз. Калктын биометрикалык маалыматты топтоп алсак 2015-жылдагы шайлоо  колубуздагы «id card” паспорт менен болот. Эгер мен биометрикалык маалыматты бербей койсом мен шайлоого добуш бере албай калам. Кийинки өтө турган шайлоо – “бир адам, бир пин – бир  добуш” деген принцип менен өтөт, биз ошого бара жатабыз. Саясий партиялар жарандарды сатып алууга мүмкүнчүлүгү  болбой калат.  Мындай көрүнүш Монголияда болуп өткөн. Монголияда калктын реестрин түзүп, шайлоо ушул принцип менен өткөн. Баягы бизде колдонуп келген эски ыкма, карусель, бюллетенди таштоо, добушту бурмалоо деген болбойт.

- Үч жарым миллион адамдын базасын хакерлер бузуп кетпешине ким жоопкерчиликтүү болот?

– Топтолгон маалымат базасына кепилдикти мамлекет берет. Анын ичинен Улуттук коопсуздук комитети, мамлекеттик каттоо кызматы жоопкерчиликтүү болот. Аталган маалымат базасынан катардагы жаран маалымат ала албайт, тиешелүү мыйзам аркылуу гана, тиешелүү органдар аркылуу гана сурап ала алат. Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунда маалыматтарды сактоо борбору жана маалыматтарды резервге көчүрүү жүргүзүү да бир жерде сакталып  жана ал “VPN” каналы аркылуу корголот. Бул корголгон канал буга тыштан эч ким кире албайт да анан буга улуттук коопсуздук кызмат тарабынан сертификатцияланат жана баардык маалыматтар корголот.  КБМР  бул борбордук база болот. Мисалы: ички иштер министрлиги, саламаттыкты сактоо министрлиги, мамлекеттик статкомитети жана башка мамлекеттик органдар  өздөрүнө тиешелүү маалыматтарды гана алат, ал эми жалпы маалыматтарга эч ким кире албайт.

- Биометрикалык паспорту алууга жарандар милдеттүүбү?

–  Жок милдеттүү эмес. Биринчи калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү андан соң экинчи этап 2016-жылдан баштап биометрикалык паспортко өтүү этабы башталат. Эгер сиз чет өлкөгө узак иш сапарга же окууга, дарыланууга кете турган болсоңуз, биометрикалык паспорт алуу зарыл. Себеп, бүт дүйнө жүзү биометрикалык паспортко өтүүдө. Бул азыркы убакыттын талабы болуп жатат. Ал эми өзүбүздүн өлкөбүздүн ичинде жүрө турган болсоңор анда өзүбүздүн паспортубуздун мөөнөтү бүтмөйүнчө жүрө берсеңиздер болот.

- Мен жаран катары башка адам жөнүндө маалымат ала аламбы?

– Сиз жаран катары башка адам жөнүндө маалымат ала албайсыз. Сиз бир гана соттун чечими аркылуу гана ала  аласыз, ал үчүн негиз болуш керек.

- Өкмөт башчыбыз биринчи сентябрга чейин талап койбодубу, сиздер иш-чаранын мөөнөтүнөн калган жоксуздарбы?

– Жок кемчиликтер кеткен жок. Иш планга ылайык иш жүрүп жатат, республикалык штабдын жетекчиси биринчи вице-министр Тайырбек Сарпашев менен бирге бекитилген пландын алкагында иш алып барып жатабыз. Мына 17-19- августта жабдыктардын биринчи партиясын алып келип беришти, окутуп үйрөтүүлөр башталат. Биз өкмөт башчыбыз талап койгон күндөн үч күн эрте баштаганы турабыз.

- Эми барыбызга белгилүү болгондой башка өлкөнүн  крим дүйнөсүндө жүргөн адамдар биздин жарандыгыбызды алгандары жашыруун эмес, эгер биометрикалык паспорт болгондо мындай көрүнүштөр кандай болуп калат?

-Албетте,  мындай көрүнүштөр болуп келген. Бул ыплас иштер боло берет экен, адамдык факторду эске алышыбыз керек. Бул боюнча биздин мамлекеттик   каттоо кызматын алдында атайын коррупцияны алдын-алуу боюнча бөлүм бар. Тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат .Биометрикалык маалыматты топтоо жана экинчи этапта биометркиалык паспортту киргизүү менен, биздин паспортту оң-сол жакка берүү токтойт  Эми мындай көрүнүштөргө жол болбойт.

- Эми бул биометрикалык паспорт элдерге кандай пайдасы бар?

– Өз мамлекетибиздин жараны катары, мекенчил бололучу. Мамлекеттик каттоо кызматы анын ичинен “Инфоком” мамлекеттик ишканасы ушул  долбоорду өкмөт менен бирдикте 11 айдын ичинде  бүтүрөбүз. Бул биринчи эле этап, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзөбүз, ошонун ичинде саламаттыкты сактоо министрине абдан жеңил болот. Мисалы: биздин жаран ар кандай кырсыкка учурап, ага тез жардам чакырса, ал жаран эсин жоготуп койсо,  жанында паспорттон анын аты жөнүн билип, саламаттык сактоонун базасына кирип , таржымалын тастыктап, мурун кандай оору менен ооруган, кайсыл дары-дармекке реакция болот, ошону билип, биринчи тез жардам көрсөтө алат.

- Биометрикалык паспорт милдеттүү түрдө качан күчүнө кирет?

– Милдеттүү түрдө азырынча кирбейт. Биз жогоруда айтып кеткендей чет өлкөгө жумуш иштер менен же окууга байланыштуу сапар менен чыга турган болсоңуз анда 2016-жылдан баштап алсаңыздар болот. Сауд Арабия расмий түрдө айтты “ажылык сапарга келгендерди биометрикалык паспорт аркылуу кабыл алабыз” деп. Мамлекет  жарандарды биометрикалык паспорт менен камсыз кылуу  5-10 жылдык мөөнөттү  талап кылат..  Бул келечектин иши.  Бизде азыр биринчи этап калктын биометрикалык маалыматтарын топтоо болуп саналат.

- Биометрикалык маалыматты каттоо кайсыл документтин негизинде жүрөт?

– Биометрикалык маалыматты берүүдө  жарандар өздүгүн тастыктоочу документ болуп ID-card, 1974 жылдагы үлгүдөгү  паспорт (СССРдин паспорту), 1994-жылдагы жана жалпы жарандык паспорттун негизинде жүрөт.  16 жаштан жогорку жарандар. Маалыматты берүү процедурасы жарандар үчүн акысыз болот. Бул үчүн акы алынбайт. Биздин эсебибиз боюнча бир жаранды тейлөө үчүн кеминде 8-10 мүнөт талап кылынат.

Биометрикалык маалыматты топтоо үчүн өлкө боюнча жалпысынан 907 стационардык жана мобилдик пункттар иш алып бармакчы. Андан тышкары биз чет жактагы эмгек мигрант журтташтарыбызды да каттоодон өткөрүү үчүн, чет өлкөдөгү  элчилик жана консулдуктарда 30 ашык стационардык пункттар иштейт.

- Маегинизге рахмат.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №92



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru