Айбат » Эмдөө – атом бомбасынан да коркунучтуу!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эмдөө – атом бомбасынан да коркунучтуу!

ЭмдөөУшул мезгилге чейин эмдөөнүн зыяндуулугу жөнүндө угушкан ата-энелер балдарына эмдөө жасатыш керекпи, же жасатпаш керекпи? – деген талаш-тартыштарды жүргүзүп келдик эле.

Кээ бир ата-энелер эмдөөдөн баш тартышса – “балаң бала бакчага, мектепке барганда маалымдама бербейбиз, ооруп калсаңар кабыл албайбыз” – деп, коркутуп-үркүтүп жатып, эмдөөнү кылдыртышат эле.

Ал эми гепатит “Б” менен “шал” оорусуна даярдалган вакцианы ата-энесинин уруксааты жок эле, бала төрөлөрү менен дароо салып коюшат.

Энелер бир аз өзүбүзгө келгенден кийин “балама эмдөө жасатпайм” дегенде, доктурлардан “биз төрөлгөндө эле жасап койгонбуз” – деген жоопту укканда, колубузда эч бир далили жок энелер эмне кыларыбызды билбей отуруп калчубуз.

Эмдөөнүн зыяндуулугу жөнүндө биздин дарыгерлер жаап-жашырып келген болсо, азыркы мезгилде массалык маалымат каражаттары жардамга келди. Интернет булактарынан, чыгарылган дисктерден дүйнө жүзүндөгү чоң-чоң көрүнүктүү: Германия, Франция, Англия, АКШ, Россия сыяктуу өлкөлөрдүн окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдөн, наристелерге жасалган эмдөөнүн өтө зыяндуу экенин далилдешкен материалдарды алдык.

Бул жерде абдан таң калыштуу нерсе – жаңы төрөлгөн балага зыяндуулугун билип турушса да,  жарым жашка чейин 21 вакцина салышат экен. Бул – ымыркайдын иммунитетин көтөрүп, алдын ала дарылоо эмес, оорутуп, чоң майып кылуу, же өлтүрүү дегенди билдирээрин биз эми ачык түшүнүп жатабыз.

Вакцинын зыяндуулугу жөнүндө казактардын Аманжолова, Сейсенбаев Марат сыяктуу окумуштуу медиктери да илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргызстандагы вакциналарды текшерүүгө лабаротория жок болгондуктан, аларды текшербестен эле өткөрүшөт экен. Ал эми текшерилбестен туруп эле наристелердин канына салынып жаткан вакциналар атом бомбадан да күчтүү экендиги биздин кайгыбызды күчөтүүдө.

Өзүбүздүн эле өткөн тарыхыбызга көз чаптырып көрөлү. Медицина биздин жашообузга киргенге чейин наристелердин өлүмү да, оорусу да жокко эсе болгон. Азыр деле эмдөө албай, алыскы жайлоо-кыштоолордогу малчылардын балдары, эмдөө алган балдарга салыштырмалуу оорубайт.

Инструкцияда көрсөтүлгөндөй, вакцина салынган жер – ириңдейт, температура көтөрүлөт, аллергия, кызамык менен ооруйт. Наристе ооруну көтөрө албай абдан кыйналат, шокко түшөт, энцофалопатия – мээси козголот – бул сырткы көрүнүш. Ошол эле учурда өлүмгө алып бараарын түшүндүк.

Бул маалыматты академик Нанаева Мариям Токтогуловна “Кыргыз Республикасындагы дары-дармектер тууралуу маалымат” деген китебинин 383-бетинде айтып кеткен.

Ушул эле маселе боюнча Зурдинов Аширалы Зурдинович да айткан. Эмдөөгө каршы чыккан Россиянын башкы эндокринологу Анишенконун айтуусу боюнча – “Эмдөөгө чоң-чоң акча аралашкан, ошондуктан зыяндуулугу жашырылат”.

АКДС, Гепатит “Б” жана башка көп вакциналарга “Теомерсал” (“Тисме разол мертиолад”). Бул 112 микрограмм – нормадан 100 эсе ашык, сымаптан турган зат. Курамында алюминий дагы бар. Бул акырындык менен, жылдап-жылдап таасир этет, өтө уулу зат. Ал мээнин иштешин бузат, бөйрөк, боор, булчуңдарды өлтүрөт. Склероз (унутчаактык), аутизм (акылы кемдик) оорусуна алып келет.

Дагы “Фармолин” деген уулу зат бар. Муну адамга пайдаланмак турсун, эмеректерди жасоодо колдонууга да тыйуу салынган. Ошол эле учурда FDA – Американын уюмунун көрстөкүчү боюнча зыяндуулугу 100 эседен ашат. Бул курт-кумурскаларды, Колорадалык жуктарды өлтүрүү үчүн кошулаары маалым болду.

Биздин иммунологдорубуздун, ушул наристелерге салынып жаткан вакциналардын коркунучтуулугуна маани бербегендиги таң калтырат жана өкүндүрөт.

Биз телевидение аркылуу берилген медицина илимдеринин кандидаты Шайлообек Үркүнбаев менен иммунолог Халилов Жолдоштун дебатын көрүп, Шайлообек мырза фармацевт катары наристелерге салынып жаткан вакциналардын канчалык деңгээлде зыяндуу экенин жакшы түшүнөөрүн билдик.

Жан дүйнөсү таза, элим-жерим  деп күйүп жанган патриот, ар бир күнөөсүз наристелердин ден-соолугуна, өмүрүнө, жаркын келечегине кам көргөн адам гана ушундай кадамды жасай алат.

Медиктердин бары Шайлообек мырзадай болсо, биз аларга алкыштан башка эч нерсе айтпас элек!

Эч нерседен бейкапар, жаңы эле жарык дүйнөгө келген наристесинен, эмдөөнүн кесепетинен ажырап калган ата-эненин ботосу өлгөн төөдөй боздоп, көз жашы көл-дайрадай болуп акканын, же түбөлүк майып болуп, оорукчан болуп калган баласын карап отуруп, заманасы куурулуп, кенен жер шары тар көрүнүп, эми бактылуулукка жеттим деген кыялы шамал урган шамдай жалп өчүп, көкүрөк тамырлары зыркырап, баланы бала бакчага, мектепке жетелеп барып окутам, үйлөнтөм-жайлантам, карыганда бизди багат деген үмүт-кыялдары караңгы түнгө сүңгүп кирип кеткендей болуп, жап-жаш туруп, эл катары иштей албай, көчөгө чыгып, эл катары баса албай, шайтан көпөлөктөй болуп күнү-түнү баласына байланып калган энелердин көз жашын, муң-зарын, көкүрөк толо көйгөйүн ким угат???

Ушул макаланы окуган медиктердин мыйзам алдындагы, өз абийирлеринин алдындагы  жоопкерчиликтерин сезет го деген аруу тилек, чоң үмүт менен энелердин атынан кайрылган Жээнмурзаева Токон.

Айбат гезити №92




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru