Айбат » Ысык-Көлдөгү туристтик сезондун ойдогудай болушунун сыры неде?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Экономика » Ысык-Көлдөгү туристтик сезондун ойдогудай болушунун сыры неде?

Ысык-Көл

«Жаз жарыш, күз күрөш» макалы аргасыздан эске түшөт. Дыйкан бабабыз эрте жаздан тартып жер тытмалап, күзүндө мандай терин төгө жумшаган эмгегинин акыбетин кайтарат. Жараткан бизге бейиштей жерди ыроологон экен, айыл чарбасы менен катар туризмди өнүктүрүүчү кооз жерлерибиз арбын. Мына ушул эки тармакты эле ирдентип алсак, экономикабызды эттентүүгө зор мүмкүнчүлүк ачылмак. Тилекке каршы, демократия десе аша чаап кеткен жаныбыз, жаз, жай, күз айларында эмгектенгендин ордуна нааразычылык акцияларына катышууга көбүрөөк басым жасап келдик. Анын кесепетинен айыл чарбасы жабыркап, туризм ойдогудай өнүкпөй келгени жашыруун эмес. Эл ар кыл өңүттөгү пикет-митингдерден тажадыбы же ызы-чуудан майнап чыкпастыгын түшүндүбү, айтор, быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кырдаал тынч болду. Ошого жараша Көлдө эс алгандардын саны арбып, айыл чарбасында дагы өсүштөр байкалууда.

Ысык-Көлдүк туугандар негизинен жай мезгилинде ичтен, сырттан келген меймандарды тосуп алып, аларга түрдүү кызмат көрсөтүү аркылуу киреше табышат. Айрымдары үйүн ижарага берип пайдага туйтунса, көпчүлүгү түрдүү буюм-тайымдарды сатуунун кыныгын алышкан. Жайында тапкан кирешесинен үй шартын оңдошуп, келин алып, кыз узатышат. Мурдагы жылдарды эстеп отурбайлы, былтыр эле өлкөбүздө түшкө киргис окуялар орун алды. Ысык-Көлдүн Саруу айылында тополоң чыгып, «Кумтөр» алтын кенине кеткен жолду бууп, кенге энергия берүүчү электр чордонун өчүрүп салышты. Жолдун буулганын, ызы-чууну теледен көргөн чет өлкөлүк туристтер кооптонду. Жада калса алдын ала заказ кылган билеттеринен баш тартышты. Анын үстүнө, Жалал-Абад облусундагы «төңкөрүш» болуп, Медер Үсөнов аттуу жарандын «элдик губернаторлукка» шайланышы – Кыргызстанда кырдаал дале опурталдуу окшойт дегендей пикир жаратты. Ага удаа оппозициянын «ЮПИ-гейт», «Кубакы» өңдүү үрөй учурган пландарынын ашкерелениши дүйнө коомчулугун сестентти. «Стабилдүүлүк болбогон жерге барып эс алганыбыз курусун» дегендей бизге эмес, бөлөк мамлекеттерге ат тизгинин бурушту. Мындан кимге пайда болду? Баягы эле карапайым жарандарга, бизге. Туристтик сезондон айрылган Көлдүк туугандар капчыгы бош калышты.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн дейли. Быйыл кырдаал былтыркыга салыштырмалуу алда канча тынч. Албетте, өткөн жылы 7-октябрда Караколдогу баш-аламандыкты уюштуруп, губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу «операциясын» түзүп туруп, өзү Минскидеги кожоюну Курманбек Бакиевдин колтугуна кире качкан Садыр Жапаровдун үч ирет «элдик курултай» өткөрмөкчү болгонун, Улуттук оппозициялык кыймылдын 10-апрелде уюштурган «концертин» эсепке албаганда, стабилдешүү жолуна түшүп бараткандайбыз. Жыйынтыгы дароо билинди. Ысык-Көлдүн жээгине адамдар батпай калган. Күнүгө Ысык-Көлгө кеткен жолдо унаалардын тыгыны болууда. «Ынтымак бар жерде – ырыс бар» демекчи, тынчтык болгон жерде ырыскы өзү келээри ушинтип тастыкталды. Бул башталышы гана. Эгер кырдаал ушул калыбынан жазбаса, кийинки жылдары сырттан туристтер мындан да көп агылып келери талашсыз.

Эски режим тушунда Таластагы төө буурчактын баасы 30-40 сомдон ашчу эмес. Былтыр төө буурчак 100 сомго жеткенде таластык туугандар калпагын көккө ыргыта сүйүнүштү. Таластыктардан өрнөк алган бөлөк облустар, мисалы, Жалал-Абаддын дыйкандары төө буурчакты өстүрүүгө киришишти. Ал эми быйыл төө буурчак 120 сомго жетээри болжолдонууда. Бул сөз жок биринчи кезекте бийликтин мурдагыдай ишкерлерди «кысымга» албай, ишкерликке эркиндик бериши, экинчиден, Кыргызстаныбызда стабилдүүлүк болгонунун жемиши. Эгер бийлик эски жолойго түшкөндө, төө буурчактын баасы минтип 3-4 эсеге көтөрүлмөк эмес. Тынчтык болбосо аны сатып алуу үчүн инвесторлор келмек эмес, дыйкан бабабыздын эмгеги талаага кетмек.

Мына ушундай жагдайлардан улам, элибизге кайрылгыбыз келет: «Манас атабыз айткандай, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», Кыргызстаныбызды чогуу көтөрбөйлүбү?! Амбициясы башынан ашкан, маңсап, байлык дегенде баарына кайыл болгон саясатчыларды теске салып, мамлекетибиздин кызыкчылыгын жогору койбойлубу?! Себеби биздин Кыргызстаныбыз бизге гана керек!». Мындай сунушка кандай дейсиң, окурманым? Биз менен ой бөлүш…

Айбат гезити №92



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru