Айбат » Алай ханышасы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Алай ханышасы

Кыргыз элинин даңазалуу кыздарынын бири  Курманжан датка тууралуу ал жашаган доордо, андан кийин да көптөгөн макалалар, эскерүүлөр жарык көрдү. Атайын изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бирок анын өрнөктүү өмүр таржымалы, ишмердиги, өзгөчөлөнткөн касиеттери окурман журтка толук ачылды, талабын канааттандырды дегенден али алыспыз. Ал тууралуу Ташкент, Москва, Санкт-Петербург шаарларында сакталып турган ар кыл архивдик жана жазма даректердеги маалыматтар элге толук жете электиги да чындык.

Курманжан Датка

 

Өмүр баяны

Курманжан датка – (1811-1907) Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап, мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай ж.б. балдары, туугандары менен Оштон кастарлап тосуп алышкан. Эмир Алымбектин ордун басчу адамга датка наамын ыйгарууну көздөгөн. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кезде Ош вилайетинин акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай бул даражадан караманча баш тартат. Ошентип, Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга датка наамын ыйгарууга аргасыз болушкан. Ушул окуядан кийин Курманжан “датка” аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым. Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. 19-кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын саясатына нааразылык билдирген жана элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка Ооганстандын Памирине шашылыш көчүп кетип жаткан жерден майор М.Е.Ионовдун кошууну датка-айымды колго түшүргөн. Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е Ионовдун генерал Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу Камчыбекти, небереси Мырзапаясты алып, Чоңалайда өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал М.Д. Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. Курманжан датка туткун абалына карабастан өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан генерал М.Д.Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган рапортторунда ага “Алай канышасы” деген наам ылайык келерин жазган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Курманжан датка орус бийликтерине багынгандыгын билдирген жана балдарын мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон. 1876-жылы күзүндө Кабулдан Курманжан датканын Абдылдабектен башка балдары Мамытбек, Асанбек, Батырбек келишет да Ошту, Өзгөндү, Кичиалайды, Ноокатты башкарып, кан төгүшүү токтоп, тынчтык орногон. Курманжан датка Алай канышасы катары таанылып, кийинчерээк Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман, Черняев, ал турсун Россиянын келечектеги согуш министри Куропаткин сыяктуу адамдар менен жакшы мамиледе болгон. Алар менен тез-тез кат алышып, кээде Ошко, Жаңымаргалаң (Скобелев) шаарларына келип, сүйлөшүп турган. Согуш министри генерал Куропаткиндин катында 1901-жылы 1-декабрда император Николай II асыл таштуу шакекти Курманжан даткага белек катары берип жибергендигин маалымдайт. Кай бир учурларда орус бийлигинин зөөкүрлүгүнө каршы да каттарды жазган. 1895-жылы уулу Камчыбек даргага асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сарымазарга коюлган.

 

Сөзгө берген баасы

Кыргыздын башын кошуу үчүн түндүк уруулары ал кездин мыкты, атактуу Шабдан баатырды жесир Курманжан датканын колун суроого жиберишет. Датка айымдан сүрдөп кеткен Шабдан баатыр «саламатсызбы апай» деп жиберет. Сыпайы жылмайган Курманжан меймандарды коноктоп, алардын мудоосун угуп «сөз –улуу нерсе. Кирип келгенде сиз мени апай деп атадыңыз. Эми экөөбүзгө  нике жок. Капачылык болбосун» деп жылуу-жумшак сөз менен кайтарып жөнөткөн экен.

 

Курманжан ДаткаЭнелик тагдыры

Аял – жар, Аял – эне. Курманжан энебиздин дагы бир эл оозунда калган даңкы уулу Камчыбекке байланыштуу. Жалган жалаа менен орус жазалоочулары Камчыбекти дарга асышат. Эл алдында Курманжан «жашыба балам, душманың сөз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал моюнга сыйыртмакты» деп ал баласына кайрат берет. Ойлосоңуз, эне үчүн баласынын өлүмгө  дуушар болушу, канчалык күйүт, сөздүн өзүндө  канчалык сыймык  жатат. Дарга асканда аркан үзүлүп кетип, эч качан башы ийилбеген Курманжан:» Жараткан өз баламды актап жатат, Баламдын күнөөсү  жок. Жаза бир, өлүм бир, баламды бошоткула!» деп чыгат. Бирок, талабы орундалбайт. Чыр чыгарчуу болсо, куралчан орустар бейкүнөө кыргыздарды кырып салышы мүмкүн эле. Бул болсо эли үчүн болгон курмандыгы, Энелик курмандыгы болчу.

Курманжан датканын аброю кыргыз тарыхында көрүнүктүү орунду ээлейт.  Ал өзү жаратылыш ыйгарган жекече бийик инсандык жана мамлекеттик сапаттары менен журт башына көтөрүлгөн таңгаларлык акылдуу, эрктүү-талапчыл жана кайраттуу зайып болгон.  Анын иштери менен ысымы легендаларга айланган. Ошол алыскы замандын көчүндө аны “Алай канышасы” деп аташкан.

Уламадан уланган сөздө Курманжандын мүнөзүнүн чыйрактыгы менен акылынын тунуктугу анын ата-энеси тандап берген күйөсүн чанып таштап кеткен кыз кезинде эле,  эл көзүнө көрүнгөнү айтылат. Айтканынан кайтпаган кыз өзүнөн үч эсе улуу күйөсүнүн боз үйүндө бир күн гана болуп, үйүнө баса бериптир. Ал учурда мындай окуя адам укпаган өзгөчө жорук болгон. Анан ошол учурда анын жерине Алымбек деген бек келип калат. Өзүнүн бийлигине салып кайындалган жаш келинди бошотуп алат да, никелүү жубайы катары өзу менен ала кетет.

Алайды башкарып турган Алымбек Кокондогу хан бийлигине жакын болуп, кеп сандаган сарай оюндарына жигердүү  катышкан. Гүлчөдөгү өз конушунда тынч алып жата албай, хан сарайында парваначы деген жогорку даражага жеткен Алымбек датка 1862-жылы кезектеги сарай төңкөрүшүндө козголончулардын тузагына илинип, өмүрү кыйылат.

Күйөсү каза тапкан мезгилде Курманжан Алайдын тагдырын өз колуна бек кармап турган. Ал бир гана алайлыктардын урматтоосуна арзыбастан, ошол эле учурда иш жүзүндө он миң жигиттен куралган ишенимдүү кошунга таянган. Ошол заманда аялга карата Чыгышта жасалган мамилеге карабастан, Кокон башкаруучулары Курманжанды “датка” даражасы менен Алайдын башкы башкаруучусунун тактысына көтөрүүгө макул болушкан. Өзүнүн бой көтөргөн мүнөзу менен белгилуу болгон Кокондун жогорку өкүмдары Кудаяр хан Курманжан датканы эң атактуу бек катары тосуп алууга аргасыз болгон.

Кийинки, балким, Курманжан датканын өмүрүндөгү эң маанилүү учур XIX кылымдын 70-жылдарында өз аскери менен Кокон хандыгынын аймагына келген Россияга карата кылган мамилеси менен байланышкан. Биринчи кезекте өрөөндө “Ак падышанын” аскерлеринин пайда болушун Курманжан датка терс кабылдаган. Анын бул көз карашы көп жагынан уулдары тарабынан аныкталган сыяктуудай, ал эми датканын алты уулу болгон. Алар тоого бекинип алып, өзгөчө улуу уулу Абдылдабек баштап россиялык аскерлерге куралдуу каршылык көрсөтүшкөн.

Курманжан датканын Алайдагы кадыр-баркын жакшы түшүнүү менен, Фергананын биринчи аскер губернатору, Шипканын болочок баатыры, өзүнүн мейманын “княгиня” деп атаган генерал М.Скобелев аны бардык сый-урматын көрсөтүп тосуп алган. Орус генералы ага: “О, эр жүрөк, тайманбас уулдардын энеси. Мени да өзүмдүн уулум деп кабыл ал”, – деп айткан дешет. Бул чыгыш аялынын жүрөгүн жылытат. Ал аны уулдарына каршылык көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө кат жазууга үгүттөйт. Курманжан датка орус башкаруучулары менен андан ары мамиле түзүүдө акыл-эстүүлүктү жана кыраакылыкты көрсөткөн. Бул иште ошол кездеги кыргыздардын арасында кадыр-баркы чоң Шабдан Баатыр көп жагынан көмөгүн тийгизген.

А ошондон кийин, 1893-жылы кайгылуу окуя болуп өткөн. Курманжан датканын уулдары Камчыбек, Мамытбек жана небереси Арстанбек контрабандисттердин тобунун уюштуруучулары катары камакка алынышат. “Алай канышасы” орус бийликтерине жардам сурап кайрылат. Камчыбекти куткарып калууга мүмкүн болбоду. 1895-жылы аны даргага асышат. Курманжан датка сүйүктүү уулун өлүм жазасына тартып жатышканда катышып турган.

Мамытбек менен Арстанбек болсо энесинин канатын сууга салып коргогон жигердүү аракетинин, ошондой эле ага жан тарткан орус бийлигинин өкүлдөрүнүн жардамы аркасында эки жылдан кийин сүргүндөн кайтып келишкен. Бул ал үчүн чыныгы майрам болгон. Ошол жылы Курманжан датка 85ке чыккан.

Курманжан датканын кадыр-баркын ушунчалык жогору болгондуктан, ал жөнүндө император Николай IIнин өзүнө айтышкан, падыша ага атайын белек тартуулоону чечкен. Белекти камдоодо зергердик иштин эң мыкты чеберлери мээнеттенген. Императордун белегин тапшыруу үчүн Мады кыштагына көп сандаган атчан күзөтчүлөрдүн коштоосунда Оштун уезддик начальниги келген. Ал тартуу чындыгында эле падышанын атына татыктуу белек – ичине империянын мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылып, жакут жана розалар менен кооздолгон чынжырчасы жана төөнөгүчү бар аялдардын алтын сааты болучу.

1907-жылдын 1 -февралында “Алай канышасы” Курманжан датка 97 жашында каза болгон. Бул күн бүткүл кыргыздар үчүн аза.

  Канат Кебеков

Айбат гезити №92



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru