Айбат » Кол өнөрчүлүк

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Маданият » Кол өнөрчүлүк

ээр токунАЙЫРМАЧ

«Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып» (А. Үсөнбаев). Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдү турмушта өзүнчө тай кунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып, «кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүк-көрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат. Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл. 2) Алдыдагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын бири-бирине  кайчылаштырып жасайт. Бул — унаага кийиз салып токуп жүк артууга  ылайыкташкан ээрдин (ыңырчактын) бир түрү. Көчмөңдүү турмушта минтип  ээрдин ар кандайына узануу абдан өнүккөнүн тарых музейлериндеги экспонаттар  далилдеп турат. Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн  өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан.  Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташынып- көчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп  калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу  зарыл.

 

АкакАКАК

Акак таш — «Акак мончок тагынам, Койчу кулду не кылам, жылкычыны  сагынам» (Эл ыры). Бул — буюмдун жердиги. Элдик зергерчиликте буюм бетине  чөгөрүү үчүн колдонулуучу ийне жалбырактуу жыгачтардын ташка айланып, ар  кандай түстө кубулган (көбүнчө сары) чайыры. Бул баалуу зат шакек, желбирөөч,  бой тумар, сөйкө, билерик, чолпу (чач учтук), топу өңдүү кыз-келиндердин зер буюм- тайымдарына, эр кемерине, ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө «тогуз төбөлөп»  («куткундап») кооздоодо колдонулат. «Кызыл шуру, ак бермет, Акак, каухар аралаш»  (Н. Жетикашкаева).

 

АлачыкАЛАЧЫК

«Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз  үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк  менен ууктан турат. Тактап айтканда, түндүктүн көзүнө өткөрүлгөн ууктун башын  жерге саят. Уукту сайып бүткөндөн кийин, «тизгич» тизилет да, сыртынан үзүктү,  түндүк жабуусун жабат. Анын эки этеги эшик жабуулук милдетти аткарат. Буга от  жагылат.

2) Ит арка — алачыктын дагы бир түрү. Аны «сойломо» деп аташат. Убактылуу  жашоо үчүн канат керегенин башын кайчылаштырып кошулат. Үстүнө кийиз  салганда алды-арты ачык калат. Аны башка кийиз, таар менен жабат, буга от  жагылбайт. Алачыктардын бул түрлөрүн жоокерчилик турмушта, же көчүп-конууда,  ара жолдо шашылыш эле тиге коюшкан. Муну «Куш күйүткө» чыккандар,  жылкычылар, койчулар, жатакчылар көп колдонушкан. Алачык айрым жерлерде «кеп», «ак тигер», «тигертмек» деп да айтылат.

 

АРАБЫ КИЛЕМ

килемдин бир түрү. Ал түксүз килем деп аталат. Чеберлер жүл  (түк) килемдей эле муну да арбын токууда. Бул түктүү килемден токулуш ыкмасы  жагынан кескин айырмаланат. Буга жүн абдан аз чыгымдалып, жиптен таштанды  чыкпайт. Таар сымал согулуп, килемдикиндей аркак салынбайт. Чеберлер жумасына  бир орто аянттагы арабы килемди бүткөрүп коюшат. Буюм жерге төшөөгө шартташып, анда эришине аркакты санап гана өткөрүү аркылуу көчөт түшүрүлөт. Буга жүл килемине түшкөн көчөттөр толук берилет. Анын четине уз «Казан кулак» көчөтүн түшүрсө, ал «бычак учуна» окшошуп  кетет. Бул жарты болуп берилсе, «казан кулак» үч бурчтук өңдүү көрүнөт. Андан  кийин «Жээк көчөтү» үчүн уздар «жарты омуртканы» тандашат. Баткендин  Самаркандек, Рават тарабы «Пара көчөтүн» (бара-тегирмендин парасы) арбын  түшүрүшөт да, анын ортолук көчөтү (борбордук көчөтү) бүтүн «омуртка көчөтү»  болуп көрүнөт. Бул бири-бирине эриш-аркак көркөмдүктү_ «суусу» бөлүп турат.  Көчөт араларындагы жарым табакчаларды алар «Колтук» деп айтышат. Негизи  баткендиктерде буюм үчүн кара-кызыл өңдөрдү мүнөздүү карашат да, буюмдун  материалы — жердиги такай кылчык жүндөн болот. Жүн килеминин көчөттөрүн  арабы килемде да кайталайт. Мында негизги көчөттөрүнө «тарелка көчөтү»,  «ашкана көчөтү» кирет. Алардын четтерине «Талик», «Кыйкач» өңдүү жарым  көчөттөрү дайыма түшөт.

 

камчы«АЛДАЯР ӨРҮМҮ»

камчы өрүмү, татаал өрүмдүн түрү. (Илгери Ысык-Көлдүн  «Чоң өрүктү» дегенинде Алдаяр аттуу адам ат жабдыктарынын чебери чыгат.  Айрыкча анын татаал өрүмдөрүнө калк куштарланып, аны «Алдаяр өрүмү» деп аташат). Мында экиден тал көк сегиз кыр болуп түшөт. Бул «калмак өрүмгө» окшойт.  Өрүм он көктөн турса, ал бештен эки жакка бөлүнөт да, бирден көтөрүлүп, бирден  басылат да, он тал тең бөлүнүп, экиден көтөрүлүп, бирден басылат. Өрүмчүлөр  жыйырма төрт көктүн ар бир үч талын бир тал менен бастырып өрөт. Эгер тилинген  көк жоонурак келсе, үч талды экиден бастырып өрүү, эң эле сыйда көрүнөт. Демек,  тал көктөр ичке жана көп болсо, муну үчтөн бастырат. Ал эми камчыдан жетимиш см. көктүн өрүмү (түшүнү) кырк смге барабар.  Өрүмчүлөр көктүн узун-туурасын так өлчөп тилишет. Эгер өрүмдү отуз алты тал көк  аркылуу жүзөгө ашырса, көк канчалык ипичке тилинсе да, түшкүн (өрүмү) ошончо жоон көрүнөт.

 

АЛТЫГАТ

Жүк буюму. Бир жак бети бачайы, атлас шайы, сатин, чыт сыяктуу  кездемелер менен капталган калың кийиз төшөнчү. Уздар мунун кездеме жак бетинин баш-аягына карыш-сөөмдөй башка кездемелерден «кыюулап», ага ийне  сайма, илме сайма (шибеге сайма) аркылуу көркөм көчөттөрдү түшүрүшкөн.  Саймачылар мында «бадам», «мүйүз», «гүл», «кыял» оюмдарынын элементтерин ич  ара айкалыштыра беришкен. Буга «секиртме сайма», «таңдай сайма», «көптүрмө сайма» мүнөздүү келет.

 

АРГАМЖЫ

Эшме өнөрү аркылуу бүткөн буюм. Аркандын кыскараагы. Бир  нерсени байлоо, таңуу үчүн пайдаланылат. Ал да аркан сыяктуу кылдап, топоздун,  эчкинин кылтагынан кыл аралаштырыла эшилип жасалат. Элде «атты, уйду  аргамжыла», «атты, уйду, малды арканда» деген сөз эгиз айтылат.

 

арканАРКАК

«Эришке жараша аркагы» (Макал). Бул өрмөк согууда эриштин (эркеги  үстүңкү жиптери) менен ургаачысынын (астыңкы жиптери) ортосунда каршы- терши жүрө турган жоон шоона. Аркак эриштен тез өтүп турушу үчүн ал, адатта,  сүйрүлөнө түрүлөт. Өрмөктүн «адыргы» менен «кылычы» жана «үч марасы» (үч  буттуу жыгачы) өрмөктү өйдө көтөргөндө, мунун күзүгүнүн бирөө өйдө чыгып, бирөө ылдый түшүп турат. Бул экөөнү айрып турган чыйратуусу келишкен «тизгин» деген  жиби бар. Ал согуп жаткан жакты жазы, ичке кылбай, бир калыпта алып турат.

 

АРКАН

«Кыл аркандын селкинчек, кыздар ойнойт эркиндеп» (Эл ыры).  Жылкынын жал-куйругунан, эчки-топоздун кылтагынан эшмечилик өнөрү менен  бүткөрүлгөн жүк жүктөөчү, кайтарылган малга тагылуучу жоон жип. Анын узуну 12  кулачка жетет. Аны эшүү чылбырды, бел кырчоону, желени эшүү менен окшошот.  Даана кыл аркан жылкынын куйрук-жалынан болот да, ал урунууга өтө бышык  келет.

Амантур Акматалиев

Айбат гезити №92




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru