Айбат » Президент журналисттин тагдырына кол шилтеди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Президент журналисттин тагдырына кол шилтеди

Джейм ФоулиБир адамдын өлүмү үчүн илгери чоң согуштар болуп келген. Бирок 20-август күнү, чоң согушту токтотууга чакырган бир адамдын курмандыгын Америка кошмо штаттарынын президенти Барак Обама эсепке албагандай билдирүү кылды. Анын айтуусу боюнча – “Ислам Мамлекетинин өкүлдөрү жок кылынат, анткени келечек жок кылуучулар эмес, куруучулардыкы”.

“Америкага кайрылуу” деген аталыштагы видеодо 2012-жылы дайынсыз жоголгон журналист Жеймс Фоулини Ислам Мамлекетинин өкүлү муздап салган кадрлар интернет булактарына 20-августка караган түнү тарай баштады. Daily Mail гезити билдиргендей, боевиктер АКШны аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүсүнө үндөдү. Болбосо алар туткунда отурган дагы башка журналист Жоэл Сотлоффту курмандыка чаларын айтышып, аны видеонун аягында көргөзүштү.

Фотограф-фрилансер Фоули өлүм алдындагы кайрылуусунда, анын өлүмүнө америкалык бийлик күнөөлү экенин айтты.

“Мен досторумду, үй-бүлөөмдү жана башка сүйүктүү бир туугандарымды менин өлүмүмө реалдуу күнөөлүү – АКШ өкмөтүнө каршы чыгууга чакырам. Мени менен боло турган окуя – алардын өзүмчүлдүк жана кылмышкерлигинин кесепети. Менин ата-энеме кайрылуум: намысыңарды сактагыла жана жакында эле Иракта аскерий компанияны баштоо менен менин табытыма акыркы мык каккандардан, менин өлүмүм үчүн эч кандай компенсация албагыла.” – деди ал.

Кайрылуусунун аягында Фоули америкалык экенине өкүнөөрүн айтты.

АКШ бийлиги видеодо чын эле Жеймс Фоули өзү экенин тастыктады. Андан тышкары журналисттин өлүмүн анын апасы “фейсбуктагы” баракчасында – “Биз, балабыз менен эч качан азыркыдай сыймыктанган эмеспиз. Ал өз өмүрүн, Сирия эли канчалык кыйналып, кордолуп жаткандагын көргөзүү үчүн берди” – деп билдирди. Ошондой эле ал боевиктерден, туткундагы калган башка журналисттердин өмүрүн сактоого өтүндү.

АКШнын президенти Барак Обама бул окуя боюнча ачуулануу менен – “Каякта болбосун, адамдар америкалыктарга зыян келтирсе, акыйкаттык үчүн биз сөзсүз түрдө бардык керектүү иш-чараларды кылабыз” – деп билдирүү кылды. Мындан улам, Америкага табылбай турган себеп табылып, аскерий компаниясын мындан да чоң күч менен улантаарын билдиргендей.

Барынан кызыгы Daily Telegraph­­’ка Британиянын атайын кызматы билдиргендей, Фоулини муздап өлтүргөн боевик Улуу Британиянын жараны болуп калышы толук мүмкүн экен. Анткени ал англис тилин мыкты жана британ акцентинде сүйлөп жатты. Бул иликтөө чын эле жүрүп жатканын Улуу Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хаммонд The Guardian менен болгон маегинде билдирди.

Бектур Баймоңолов



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru