Айбат » Ырчы Омар жана депутат Данияр Тербишалиевдин биздин чакырууга жооп беришти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Кызыктар дүйнөсү » Ырчы Омар жана депутат Данияр Тербишалиевдин биздин чакырууга жооп беришти

ТербишалиевӨткөн жуманын этегинде биз, Айбат – коомдук-саясий гезитинин коллективи, дүйнөдө жүрүп жаткан кайрымдуулук Ice Bucket Challenge флешмобун колдоп, Тербишалиев Даниярды, Жанар Акаевди, Жеңиш Молдокматовду жана ырчы Омарды бул кайрымдуулук флешмобуна кошулууга чакырганбыз.

Кече 24-август күнү Жанар Акаев видеосун интернет булактарына салды. Чуңкурчакта тартылган видеодо келинчеги бир чака сууну Жанар мырзанын башынан ылдый, шашпа-а-ай куйду го чиркин! Жанар мырза эстафетаны депутат Равшан Жээнбековго, ырчы Мирбек Атабеков жана Юля Руцкаяга арнады.

Ал эми 25и, биздин номинант Жеңиш Молдокматов мрамор таш дубалдын фонунда эстафетаны улай, өзүнө бир чака сууну, дээрлик шашпа-а-ай куйдурду да, журналст Мирзат Мукановду, Супер Инфо гезитинин редакциясын жана Испаниядагы досун бул флешмобду улантууга эстафенаны узатты.

Андан соң Омар акцияга кошулуп, өзүнчөле рекорд кылды окшойт, дээрлик он чактыдай адамдын атын атап, флешмобду колдоого чакырды.

Депутат Данияр Тербишалиев Ысык-Көлдө эс алууда жүргөн экен, күн ысып турган кезде бир чака муздак суу аны абдан эле сергиткендей болду.

Жалпысынан бул флешмоб-акция өз максатына жетип келе жатат окшойт, ALS ассоцияциясы зор суммадагы (82 млн доллар) акчаны кайрымдуулукка алды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru