Айбат » Партиялар парады, же эл кеп кылган 5 партия

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Партиялар парады, же эл кеп кылган 5 партия

акуй

Заман алмашып, аң-сезим өскөн сайын, адам баласынын тиричилигинде жашоого колдонгон муктаждыктарына болгон талаптары да бир өзгөчө болууда. Алардын бири катары коомчулуктун саясий айдыңдагы талап, муктаждыктарын талдап өтөлү. Мындан жыйырма жыл мурдагы Кыргызстан эгемендигин алган жылдардын алгачкы этабында коомчулуктун саясатты алдыртан аңдап билүүсү, ага карата жасаган мамилеси тап-такыр башкача эле. Азыркы менен салыштырып болбойт. Өлкө башчысын жалпы кыргыз эли тээ илгери 19-кылымдагы ханды баалагандай эле, кудайдан кийинки кудайындай эле баалашчу. Ал ортодо маалыматтык-технологиялык чоң еволюциялык жана революциялык баскычтарды да басып өттүк. Эгемендикти алгандан берки жыйырма үч жылдын оңой-олтоң өтпөгөнүн ушундан билсек болот, чиновниктик аң-сезим кыйла кырдуу болуп өзгөрдү. Алсак, карапайым коомчулукту өз бийлигинен пайдаланып, алаксытып алдай туруунун нечен түрлүү ыкмалары пайда болду. Шайлоо артынан – шайлоо, ал үчүн жасалган ар түркүн айла-амалдар, мунун баары аң-сезимдик еволюциялык баскычтардын улам жогорулап отурушуна түрткү берди. Алдоого эл да көнүп бүттү. Массалык маалымат каражаттарындагы сөздүн кубаты акыркы жылдары өтө төмөн абалга тушукту. Жазмакерлер ар кимиси бирден чакан редакциялык борборлорду уюштурушуп, араларындагы атаандашуунун айынан жазма маданияттан айрылып калуу коркунучуна чейин жеттик. Сөздүн баркы төмөндөдү. Өлкөдө саясий атаандаштыктын, акылдуусынуунун айынан саясий партиялар арбып, алардын кол алдында бирден гезит, бирден интернет маалыматтык булактар оңду-солду камчыланып, ким финансылагандын кол баласына айланган көрүнүшкө жетти. Ошентип, атаандашуу, саясий салгылаш, тирешүү акырындап жүрүп отуруп карапайым коомчулукту эмгек талаасына эмес, кайсы бир чиновниктин кадыр-баркын кайтарып берүү үчүн «Ала Тоо» аянтындагы митинг, пикет үчүн күрөшкө тартып, саясий аң-сезимдин массалык өнүгүп, өсүшүнө алып келди. Эми алдыда саясий сынактын «ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ КҮЗҮН» күтүп отурган чагыбыз. Дегеним, 2015-жылдын күз айларында өтө турган парламенттик шайлоонун жел аргысы азыртан согуп, көндүм адаттардын көндүм симфониялары азыртан кулакка жаңыра баштады. Буга эл да кур дүрмөттөрүн курулай бекитишип, илгери СОЮЗ убагында эмгек талаасына кетмен-чалгыларын курчутуп даярдагандай, азыртан шайлоого деген электораттар эки-экиден биригишип даярдыктар кызуу жүрө баштады.

Ойносоң да, ойлоп сүйлө…

Биз жогоруда сөз кылган саясий аң-сезимдик еволюциянын айынан эми алдыда өтө турган парламенттик шайлоонун коомчулук тарабынан колдоо талаптары жогору болоору айтпасак да белгилүү. Анын себебин акыркы чакырылышка шайланып келген парламенттеги депутаттар ачык айкын көрсөтүштү. Дегеним, ал шайлоо алдындагы кур үмүткө баштары айланган элди эми бул шайлоодо бал тилге салып алдоо эч мүмкүн эмес. Кимдин ким экени азыр саясаттын таш күзгүсүнөн даана, ачык-айкын көрүнүп калды. «Асмандагы күндү, айды алып келип берчүлөрдүн» дараметинин канча экени төрт жыл аралыгында даана байкалып, шайланып алып креслого көчүк мадап, эч нерсе кылбай отургандардын анык жүзү коомчулук алдында айгине болду. Бакиевдин заманында митинг-пикетке чыгышып, «электр энергияны элге бекер эле берсе боло турганын» шардана кылгандар иш жүзүндө ал маселенин оңой-олтоң жарала калбашын түшүнүштү. Коомчулукка «пайыздык кошумча төлөмү аз насыя акча берип байыткысы» келгендердин шайы канча экени да иш жүзүндө өлчөндү. Тээ илгертен тамырлашкан «криминалдык топторду түп-тамырынан омкоруп жоготкусу келгендер» кийин өздөрү алар менен дос болуп, коюн-колтук алышып кеткендерин эл өз көздөрү менен көрүштү. «Түндүк менен түштүк элин ажырымсыз бириктирүүнүн жолун анча алыс эмес» деген партия башчылары баштарына кыйынчылык түшкөндө өз элин беттерине кармап, жол тосушуп жалпы кыргыз элине чоң нааразычылык жаратканы акылга сыйбаган иш болду. «Кыргыздын тээ байыркы эл экенин даңалагысы келген, кыргыз тилин дүйнөгө авас кылып жаңыртып, коомчулуктун нарктуулугун-салттулугун өнүктүргүсү келген» партиядагы лидер өзү кыргыз тилин түзүктөй албай ал отурат. Мына кур дүрмөткө октолгон кур убадалар бат эле төрт жыл аралыгында минтип көрүнүп калды. Келтирилген фактылык мисалдар бул бери гана жагы. Ал эми, баарын санап отурсак, эл аралык аферага ылайык келген алдоолорго сан жетпейт. Бул партиялардын утулушу, элдин утушу гана болуп кала берди. Себеп дегенде, элдин бир пайда алганы, кимдин ким экени ачык байкалганында болду. Эми парламенттик шайлоонун 24-күзүндөгү сынак чыныгы партияларды тандап алуу менен чектелет. Ал тандалгандар да жоопкерчиликти туу туткан партия жана анын катарындагы адамдар болот деген терең ишеним бар.

Шайлоодо эл кайсы партияларды тандашы мүмкүн…?!

     Парламенттеги беш партия алдыдагы шайлоодо толугу менен ат салышка барышы айтпаса да белгилүү. Анткени, төрт жыл буларга көз ачып жумганча өтүп кеткендиктен, айрымдарынын көздөгөн саясий божомолдору ишке ашпай, айрымдарынын жеке бизнестери корголбой, ал эми айрымдарынын кылмыш иштери ырбап, темир тор артында кол куушуруп отуруп берчүлөрү да бар. Андай максаттарды көздөгөндөр үчүн депутаттык босого эң негизги куралы болуп берүүсү толук ыктымал эмеспи. Алдыдагы шайлоодо «Социал Демократтар» партиясынын шансы өтө жогору. Анткени, тээ илгертен бийлиги бар пенденин укуругу канча узун болорун баарыбыз билебиз. Бул үчүн «СДПК» азыртан даярдыктан өтүшүп, жер-жерлерге да укуругун түзүктөп сүйрөп бере тургандарын бекемдеп коюшкан. Ал шанстанрды эми элдин тандоосу гана чечет деңизчи. Бирок, карапайым коомчулукту бийликтин күчүнө салып дагы бир ирээт алдап коюу анча деле оор эмес. Бул партиянын катарында «Ата Мекен» да ушул өңүттө бир топ максаттарын ишке ашырып алуусу толук шарт. Анткен менен, эл арасындагы бул партияга деген ишеним кыйла жоголуп баратканын байкаган партиянын тыңчыкмалары түштүктөгү электораттарын кайрадан жандантууга аракет жумшай башташты. Ал эми, «Ата Журт» партиясынын бул жолку өңүтү толугу менен ишке ашпайт деген серепчилердин пикири да бекеринен эместир. Анткени, төрт жыл аралыгындагы майда-барат саясий чыр-чатактарды, тирешүүлөрдү эске албаганда, партиянын лидери баш болуп, араларынан бир топ чыгаандарынан айрылып алышты. Өз ара ынтымак да эчак ыдыраган. Кыскасы, бир адамдын сөзүн угуу деген бул партияда тап-такыр жокко эсе. Андыктан, бул партия тарабынан өткөн шайлоодо көрсөткөн оюндар бул жолу кайталанбайт. Тактап айтканда, түштүктөгү 2010-жылы элдер аралык кагылышуу «Ата Журтка» кыйла упай алып берген эле. Аны бир эле бул партия эмес, бир топтору колдонуп калганга үлгүрүштү. Бирок, «Ата Журттун» ал кагылышууда алган упайын сөз менен айтып жеткире албас элек. Эң негизигиси, ал кезде партиянын көзүрлөрү аталган түштүктүн кулундары Келдибеков менен Ташиев үчүн гана топтолгон упай, алардын ал коогалаңда жасаган саясий ыкмаларынын гана негизинде бүтүндөй «Ата Журт» – «Ата Журт» аталып, эл колдоосуна татыган. Эми ал саясий өңүт тап-такыр башкача. Келдибековунун да Ташиевинин да кайраган кылычтарын бийлик бир аз мокотуп койду. «Республика» илгерки каткан сырын дагы деле катып жаткандай. Анткен менен, партия көзүрү Бабанов кадамды алыстан баштап, бир топ массалык маалымат каражаттарды өзүнө азыртадан тарта баштады. Ал тургай, мамлекеттик деген КТРКнын жетекчилик кызматтарына да өз чачпагын көтөрүп жүргөндөрдү алып барып кое калганга үлгүрдү. Бул кадамы менен Бабанов алдыдагы шайлоодо депутаттыкка кайра барып, президент болуу дымагын азыртадан күтө баштады деген билермандар да жок эмес. Алардын айтуусу боюнча, Бабановдун майда-барат саясий тирешүүлөрдөн алыстап, өзүн жөн гана коомдук ишмер катары гана алып жүрүшү да бекер эместей. Анткен менен, партиянын катары кыла ыдырады. Төрт жыл аралыгында «Республиканын» 3-4 топко бөлүнүп кетиши Бабановдун арымын кыскартты. Саясий серепчилердин баамында бул партия шайлоого барат, бирок бийликтин да күчү менен эмес, өз дараметтери менен да эмес, жалаң акчанын күчүнө гана салуулары толук ыктымал. Булардын катарында «Ар Намыс» партиясы тууралуу да азын оолак кептер эл аралап жүрөт. «Ар Намыс» шайлоого барат, бирок бир да упай ала албайт. Бул жолу партиянын катарындагылар дымактуу делген ар кайсы партиялардын коюн-колтуктарына кире качуулары толук мүмкүн. Эң башкысы парламентте бөлүнүп-жарылуу деген жаңылыкты ушул партия биринчилерден болуп баштап беришкен. Азыр партиядагы Куловдун катарында эл тааныган көзгө урунаар бир да депутаты калган жок. Ушуну менен азыркы парламенттеги беш партиянын кимиси шайлоого барат, же барбайт деген божомолдорго чекит кое туралы. Убакыттын өтүшү менен көндүм кадамдардын көндүм доошу кайрадан жаңыра башташына аз эле убакыттар калды.

1303563522_kyrgyzskiy-sport-2

Шайлоого аттануучу кошумча партиялар…

       Бул жолу парламентке баш багууну көздөгөн айрым партиялардын тизмегине саресеп сала кетпесек да болбойт. «Өнүгүү прогресс» партиясы шайлоого кам көрүп, Россиядан бери кыдырып жүргөнүн айтышууда. Анткен менен, партия лидери Бакыт Төрөбаевди деле эл тааныганча дагы эки чакырылыш парламентте жашап өтүш керек деген да пикирлер жок эмес. Алдыдагы атаандаштыкта аты таанылып калган партиялардын катарында «Өнүгүү прогресс» чаңда калаары турган иш. Саясатчылар айтмакчы, бул кадамы менен «Өнүгүү» таймашка анча чоң эмес кадыр-барк менен барт. Бирок, өткөнкү шайлоолордогу «Бүтүн Кыргызстан» сыяктуу өтпөй калган бир топ партиялар сыяктуу нааразы тарап менен кошулуп, бул да кала берет. Андыктан, бул партиянын катарындагылар өзүнүн меценаттык вазыйпасын дагы бир эки жыл катары менен жүргүзүп, элге эмгеги сиңгенде гана шайлоого аттанса жакшы болмок.

     «Эмгек» партиясынын дүбүртүн эске алгандар жок эмес. Карапайым партия аталган бул топко кошулгандар жалаң айыл жериндеги эмгекчилер деп өздөрүн жарнама кылышууда. Эки эмес, төрт бийликте тең жаман делбеген Салымбеков жалаң ак эмгегинин аркасында ушунча даражага жетип отурат деген пикирлердин аркасында партия жакын арада түптөлө калып отурат. Эгерде, Салымбеков ушунча бийлик алмашкыча абийири таза жүргөн болсо, алдыдагы шайлоодо да анын таза болушун кудайдан тилейт. Ал үчүн азыркы бийликте турган «СДПК»нын этегин кармап кетүү жагдайы да бар. Антпесе, жаңы түптөлгөн «Эмгекти» жана анын катарындагы адамдардын ата-жотосу белгисиз адамдар. Салымбековдорду эл тааныганы менен алар дайыма бийликтин көз ымдоосуна каршы кадамдарга эч качан барып көргөн эмес.

Көп жылдардан бери парламентке баш бага албай келген «Замандаш» партиясы Кыргызстандын ичинде эле эмес, сыртта эмгектенип оокат кылып жүргөн мигранттарга чейин аты угулуп, керек болсо, алар менен кызматташып жүрөт. Бул партиянын төрагасы болуп жүрүп көз жумган маркум Муктар Өмүракунов Нарындын Ат-Башы районунан эле. «Замандаш» партия катары, саясий үлкөн партиялардын катарында аты угула баштаганда, бул инсаныбыз да көз жумду. Ошентип ат ээсиз калгандай, партия да дымактуу лидери жок калгандай туюлду. Азыр деле абал ушундай. «Замандаш» – деп аты таанымал болгону менен, араларында элге сиңимдүү лидер жокко эсе. Канча чакырылышта Нарындан гана аз пайыз алып, өлкөнүн түштүгүндө анча колдоого ээ эмес бул партиянын арабасын алдыга сүйрөй турган жагдай бир гана. Ал жагдай эгеси жок турган «Замандашка» түштүктө кадыры бар беделдүү лидер тандап келип, «эгелик» креслого койкойтуп отургузуу. Эгерде, бул партия лидерин түштүктөн койбосо, алдыдагы шайлоодо да Нарындын бир аз пайызы менен чаңда калаары турган иш. Мындай каңырыштар да угулбай койгон жок. «Замандаштын» саясий кеңешине мүчө катары түштүктөн чыккан кыргыздын кулуну Рустам Маманов кирген. Алдын-ала маалым болгондой, түштүктө эле эмес, меценат, коомдук ишмер катары элге таанылган Рустам Маманов бул партияга лидер болуп барат экен деген каңшаарлар бар болчу. Эгерде, бул адам бара турган болсо, бул шайлоодо таза, парламентке баш бага элек партия катары түштүктө да, түндүктө да упай алып, парламентке биринчи тизме менен кирээри толук мүмкүн деп какшап келишти саясий серепчилер. «Замандаш» партиясынын курамы мындай пикирлерге моюн сундубу, же өздөрүндө талкуу болдубу, айтор кечээ жакында Рустам Мамановду партияга тең төрага кылып шайлап алышты. Мындай маалымат коомчулукка желдей тез тарап, талкуу артынан талкуу жаратууда. Коомчулуктун басымдуу бөлүгүндө «Замандаш» бул кадамы менен өтө акылдуу позицияны карманды, бул партия утту деген пикирлер жаралууда.

                                                                                             Талант Токоев

(Сүрөттөр интернеттен алынды)

39f39a0fd3b4f8e17243e741747e69b1



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru