Айбат » Экинчи бүткүл дүйнөлүк Кыргызстандыктардын «Акыл тирек» интеллектуалдык жарышынын жыйынтыгы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Фонд » Экинчи бүткүл дүйнөлүк Кыргызстандыктардын «Акыл тирек» интеллектуалдык жарышынын жыйынтыгы

Поздравления конкурсантов открыткаПрогрессивдүү Демилгелер Фонду Сизди жана мекеменин жамаатын «АКЫЛ ТИРЕК» жарышынын жеңүүчүлөрүнө жана номинанттарга б.а. жаш окумуштууларга «Акыл Тирек» наамын ыйгаруу салтанатына 2014-жылдын 17-сентябрында саат 17:30да Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияга чакырат.
«Акыл Тирек» жарышы 2013-жылдан бери «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, 2014-жылы төмөнкү багыттарды камтууда:
• экономика;
• мамлекеттик башкаруу;
• социалдык долбоорлор;
• илимий -техникалык долбоорлор жана аны турмушта колдонуу.
Жарыштын алкагында пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган 120 эмгек, илимий жана аналитикалык сунуш, долбоорлор кабыл алынды. Алгачкы экспертизадан 74 эмгек өтүп, алардын катарынан комплекстүү экспертизанын (атайын эксперттердин) элегинен алдыңкы сапка 12 иш, алардын авторлору, көмөктөш авторлору озуп чыгышты.

Конкурстун жеӊүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилет. Алар өлкөбүздүн интеллектуалдык ресурсунун негизги тиреги болуп калышат. Алардын ысымдары салтанатта гана билдирилет.
Номинанттар – өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыз.
ЖОЖдордон, КРнын Улуттук илимдер академиясынан сунушталган жаш окумуштуулар 28 мекемеден 75 номинанттын ысымы бул жылы китепке басылат.
«Акыл Тирек» китеби – бул Кыргызстандын жаңы тарыхый баракчасы болуп, ал жерде ɵзгɵчɵ жана жаңычыл кɵз караштары менен идеялык чоң бурулуш жасаган инсандардын жогоруда белгиленген катышуучу, жеӊүүчү жана номинанттардын ысымдары тʏбɵлʏккɵ келечек муунга үлгү катары жазылып калмакчы.
Кошумча маалыматты www.fpi.kg сайтынан, же төмөндөгү телефон жана электрондук почта боюнча ала аласыздар. Тел.: (0312) 69 06 67, 0770 760176, fpi.kg@mail.ru



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru