Айбат » Кыргызстанда квадрат метрине энергия колдонуу Евросоюздагыга караганда 3-5 эсе көп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат, Энергетика » Кыргызстанда квадрат метрине энергия колдонуу Евросоюздагыга караганда 3-5 эсе көп

Турдубек Мамбетов

Кыргызстандагы колдонууга берилип жаткан турак-жайлардын 80 пайызы жер титирөөгө туруштук бере албаган курулуш материалдары жана технологияларды колдонгон жеке фирмалар аркылуу берилүүдө, деп Архитектура, курулуш жана ЖКХ мамлекеттик агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда күчү 8, 9 жана андан көп балл болгон жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Ошондуктан катуу титирөөлөрдүн болушу курулуш тармагында катуу талап коюлушу керектигин айгинелейт.

«Учурда бүт дүйнөдө имараттардын энергетикалык эффективдүүлүгүнө көңүл бурулат. Кыргызстанда болсо 2000-жылга чейин курулган турак-жай имараттардын көпчүлүгү энергетикалык үнөмдү сактабаган жылуулук техникалык нормалар боюнча тургузулган. Энергоресурстардын баасы тыйын эле. Бүгүн абал кыйла өзгөрүлдү, энергоресурстардын баасы көп эсе кымбаттады жана анын арзандашы күтүлбөйт», — деди ал.

Анын маалыматына караганда, жалпысынан республика боюнча имараттардын энергияны колдонушу, анын ичинде электр жана жылуулук, газ жана көмүр, жылына 16-18 млрд кВт саатты түзөт. Энергияны квадрат метрине колдонуу Евросоюзга караганда 3-5 эсе көп жана мамлекет боюнча жылына 145—170 кВт саат квадрат метрине, ал эми Бишкекте жылына квадрат метрине 320—450 кВт саатка чейин жетет.

Айбат гезити №94



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru