Айбат » «Хамелеон» Нариман Түлеев акчанын күчү менен жол тоздургусу келет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Хамелеон» Нариман Түлеев акчанын күчү менен жол тоздургусу келет

Нариман ТүлеевМезгилге, кырдаалга жараша кубулуп турмай жагынан алдына адам салбаган Нариман Түлеев аттуу абакта жаткан депутатыбыз бар. Билими, сабаттуулугуна караганда ашкере амалкөйлүгү, кубулмалуулугу, кошоматчылыгы менен көп ийгиликтерге жетишкен.

Бул эрен өзүнүн мамлекеттик кызматтагы алгачкы секиригин Аскар Акаевдин тушунда эле баштаган. Тактап айтканда туңгуч ажонун уулу Айдар Акаевдин көзүнүн кареги менен тең айланып жүрүп, мамлекеттик «Темир» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган. Анын бул ишканадагы арааны 2001-жылдан 2005-жылга чейин жүргөн. Өзүнүн байлыктарынын түпкү пайдубалы мына ушул ишканадан түптөлгөн десек да болот. Албетте, бул кездеги ишмердүүлүгү тууралуу өтө эле узун сабак сөз кылса болот. Андан көрө ал жумушту укук коргоо органдарынын шыбагасына коёлу. Ошентип Нариман мырзанын «ити чөп жеп», темирлер Кытайга барып акчага айланып келип жатканда капысынан 2005-жылдагы март революциясы болуп кетет. Айдар Акаевди «бир тууганым», Аскар Акаевди «атам» деп айтаарына аз калганда «кашайып» революция болуп кеткени албетте Түлеевге жакпайт. Бирок, хамелеончосунан түсүн бир заматта өзгөртүп жибермей артыкчылыгы бар ал Бакиевдердин бийлигине да бат эле аралашып, алардын «штаттан тышкаркы» үй-бүлө мүчөсү болгонго жетишкен. Башкача айтканда КурСалиевичти «атакелеп», Максим Бакиевди «бир тууганым» дей баштаган. Себеби 2005-жылдагы март революциясынан кийин ал мамлекеттик «Кыргызтемир жолу» ишканасынын башчысы болуп бакыйып конуп калган. Арадан үч жыл өткөн соң Бишкек мэрлигине ыргып минген. Анан мындай секирикти түшүндө да көрбөгөн ал «Курманбек Салиевич мен сизди өз атамдай эле көрөм» деп эреркеп кетип атпайбы? Муну уккан Нарындагы өз атасынын ошол убактагы абалы кандай болгонун элестете бериңиз. Ошентип саясый кызыкчылыктагы «өз атасына» таянып алып Нариман мырза өз дооронун жакшы эле сүрдү. Мындай бакыйган бийлик колуна тийбей эле араң турган экен, борбордук аянтка Кыргыз элинин, Айкөл Манастын тарыхый душмандарынын айкелдерин бажырайта орнотуп жиберди. Кыязы «Мен Бишкектин кожоюнумун, каалаган жеримден кулак чыгарсам болот» деп ойлосо керек. Бирок, намысты бекем туткан элибиз аз жерден анын кулагын түбүнөн үзүп коё жаздады. Ал кыргыз элинин тарыхый душмандарынын эстелигин борбордук аянтка эмне себептен тургузуп жибергенинин себеби ушул күнгө чейин табышмак. Же Түлеевдин түбү барып ошол «баатырлардын» улутуна барып такалабы? Айтор, таң эле болуп турубуз. Же ушул күнгө чейин анын ошол жосунсуз жоругу үчүн укук коргоо органдары бир ооз сөз айтып коюшпайт. Ырас, элдин маанайын байкап көрүп эле ал айкелдерди түнү менен кайра жок кылганы эсибизде. Бирок, элибиздин жүрөгүндө өчпөс так калганын кантип жашырабыз? Ошондо өзүбүздүн койнубузда эле душманды багып жаткан болобузбу? Экинчиден, ал айкелдерди жасоо үчүн канча каражат кеткенин ким билет? Же аны Түлеев өз чөнтөгүнөн акча чыгарып жасатыптырбы? Албетте шаар бюджетинен акча кеткени анык болушу керек. Ошентип кыргыз элинин акчасынын эсебинен кыргыз элинин тарыхый душмандарынын эстелигин жасаткан Нариман мырзадан эмнени күтсө болот? Анын кыргыз элине жасаган дагы бир автобустардан шөкөттөлгөн «эстелиги» бар. Тактап айтканда анын мэрлик кызматты аркалап турган маалында Кытайдан 455 автобус алынып келинген. Бүгүнкү күндө анын 315и жараксыз абалда автопаркта күнгө күйүп турат. Ал жерге барган адам автобустардын мүрзөсүнө баргандай эле болот. Калган 140 автобус эптеп эл ташып жүрөт. Себеби ал Кытайдан автобустарды алып жатканда кийин аларды оңдоо үчүн тетиктерин кайдан аларын эч ким ойлонгон эмес экен. Кытайдан андай тетиктер чыкпайт. Демек, республикалык бюджеттин эсебинен Нариман мырза бир жолу гана колдонулуп таштандыга кете турган автобустарды алган болуп калабы? Андан тышкары мына ушул автобустардын 200нөн 100 миллион сом кымырып калганы былтыр эле ачыкка чыккан. Ошентип «атакеси» КурСалиевич куулуп кеткенден кийин азыркы бийликке да хамелеончо аралашып кеткиси келгени менен таза демократиялык жолду тандаган бийлик кимдин-ким экендигин даана билип турду. Коррупцияга каршы күрөш ачты. Ошентип өткөн былыктары ачыкка чыгып, Нариман мырза камакка алынганына эки жылдай болуп калды. Анын сот ишинин мындай созулушуна да өзү күнөөлүү. Себеби эркиндикте жүргөндө дени-карды соо жүргөн эле Түлеев абакка жатаары менен «оорукчан» болуп чыга келди. Анан бүгүнкү күнгө чейин «оорусуна» шылтоолоп сот ишине келбей жүрөт. Буга ким күнөөлүү? Албетте өзү. Башка эч кимди күнөөлөй албайбыз. Ал эми анын күнөөлөрү тергөөдө далилденип, соттун өкүмүн гана күтүп турат. Мына ушуну жакшы түшүнгөн ал эми өзүнүн жердеш тарапташтарын акча менен тукуруп, Бишкек шаарында маалымат жыйынын өткөрттү. Алар «Биз эмне Акматбек Келдибековдун жердештеринен кем бекенбиз, биз дагы Бишкек-Торугарт жолун бууйбуз» деп чамынышууда. Маалымат жыйынын өткөргөндөр Нариман Түлеевдин маселесине кошуп, электр энергиясынын баасы тууралуу да маселе көтөрүп алышыптыр. Андыктан мына ушул өңүткө да бир аз кайрылып кеткенибиз оң болот. Өкмөттүн чечими менен электр энергиясына болгон баа болгону 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн гана кымбаттайт. Ал эми мындай керектөөчүлөр жалпы калкыбыздын болгону 10 пайызын гана түзөт. Калган 90 пайыз элибиз мурдагыдай эле 70 тыйындан төлөшөт. Андыктан муну жөн эле шылтоо кылуунун кажети жок болчу. Эгерде ошончолук эле акыйкаттыкты издешсе, эмне себептен Бакиевдин тушунда электрдин баасы жалпы элибиз үчүн эки эсеге кымбаттаганда Нариман Түлеев кош колдоп колдогонун да айтышса болмок. Бүгүнкү кырдаал болсо таптакыр башка маселе. Ошентип Айкөл Манастын« тарыхый душмандарынын» жактоочусу, канкор Бакиевдин «уулу» Нариман күүлөөсү менен айрым тарапташтары Бишкек-Торугарт жолун бууйбуз деп туру. Буга жалпы нарындык мекендештерибиз макул эмес. Тескерисинче элди бузуп, көкүтүп аткандарга нааразы. Бардыгы Түлеевдин ишин сот гана карап, сот гана өзүнүн чечими чыгарышы керек экендигин айтышууда. Андыктан Нариман мырзанын акчасына алданып, тынч жаткан элди козуткусу келгендер жолду тозуу мыйзам бузуу экендигин билип алуулары керек. Мыйзамды бузган адам сөзсүз жазасын алышы керек. Себеби, мыйзамды сыйлай билгендик, мыйзамдын диктатурасы гана биздин мамлекетибизди күчтүү, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошо алат.

Айбат гезити №94




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru